Аз жерден спортчу болбой калган манасчы Дөөлөт Сыдыков тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Дөөлөт Сыдыковдун архивдик сүрөтү
Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухиттей чалкыган Манасты айтуу өнөрү жападан жалгыз кыргыз элинин энчисине тийген касиет. Ушундай улуу касиеттин учугун улаган айтылуу манасчы бүгүн 34 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова бүгүнкү күндүн көзгө басаар манасчысы Дөөлөт Сыдыков тууралуу 7 факты даярдады.

Касиеттүү үй-бүлөдөн. 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. 12 бир туугандын тогузунчусу. Дөөлөтбек деген ысымды атасы ыйгарган. Качкын Сыдыков 1941-жылы туулуп 2006-жылы көзү өткөн. Апасы Мейрамгүл Сыдыкова 1946-жылы туулган, Казакстандын орто жүздүү Найман элинен болот. Манасчынын чоң энеси эгиздерди, үч эм, төрт эм төрөп, 33 баланы жарык дүйнөгө алып келген. Ошондой эле тайлары дагы кыргызчылыкты карманган касиеттүү адамдар.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева 67 жашка толду. Аты өзгөргөн коомдук ишмер тууралуу 7 факты
Билими. Айылда орто мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып, аны 2011-жылы бүтүргөн.

Улуу өнөрдү аркалашы. Сыдыковдун манас айтып калуусуна эки нерсе түрткү болгон. Биринчиден чоң аталары "Манас" айткан инсандар эле. Экинчиден, 12 жашында түшүндө аян алып, улуу өнөргө сүңгүгөн. Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет.

Спортчу болбой калган манасчы. Сыдыковдун айтымында, чоң атасы астына аргымак салдырбаган жөө күлүк адам болгон. Атасы да жаш кезинде бир айылдан экинчи айылга жылаңайлак каттаган шамдагай адам эле. Дөөлөттүн "эгер улуу өнөрдү аркалабаганымда спорттон ордумду тапмак белем" деп айтаны бар. "Бала кезде спортко абдан кызыгып жүрдүм, бу жөө күлүктүк канда бар. Азыр жай турмуш менен спортко убакыт таба албай жүрөм" дейт манасчы.

© Фото / студия "СинемАрт Продакш"Манасчы Дөөлөт Сыдыков жубайы менен бир берүүдө ал манас айтып, Ырыс айым алып баруучу болуп калып таанышкан
Режиссер и продюсер Ырыс Окенова и манасчы Доолот Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Дөөлөт Сыдыков жубайы менен бир берүүдө ал манас айтып, Ырыс айым алып баруучу болуп калып таанышкан

Жеке жашоосу. Манасчынын жубайы режиссер Ырыс Окенова чыгармачыл инсан. КТРКнын маданият бөлүмүндө эмгектенет. Сыдыков жубайы менен бир берүүдө ал манас айтып, Ырыс айым алып баруучу болуп калып таанышкан. Үй-бүлө Эрболот, Байнур, Каган аттуу уулдарды жана Адеми аттуу кызды тарбиялашат.

Свякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
Эмгек жолу. 2010-2011-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназияда мугалим, 2011-2012-жылдары Улуттук консерваторияда "Манас таануу" боюнча окутуучу, 2012-жылдан бери Коомдук телерадиокорпорацияда редактор, алып баруучу, сценарист, 2014-жылдан бери "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү болуп эмгектенет.

Кароо-сынактардагы жеңиштери. "Башканы коюп Манасты айт" сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракеси — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0