Максим Галкиндин шоусуна катышкан 7 жаштагы Нурмухаммед тасмага тартылат

© Фото / Зульфия ТургуноваУчастник телепередачи Первого канала "Лучше всех" Нурмухамед Ташмаматов
Участник телепередачи Первого канала Лучше всех Нурмухамед Ташмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киночулар Нурмухаммедди тасмага тартуу менен талантын ачууну көздөшүүдө

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Атактуу Брюс Линин ыкмаларын аткарып, "Лучше всех" берүүсүнө катышкан жети жаштагы Нурмухаммед Ташмаматов "№7" аталышындагы тасмага тартылат. Бул туурасында аталган картинанын продюсери Эрлан Жамгырчиев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Аталган картина 2017-жылдын күз айларында тартыла баштайт. Анда Кыргызстан, футболчулар жана өзгөчө таланттуу жаштардын жашоосу чагылдырылат. Белгилүү футболчу Роналдонун номуру жети болгондуктан кинону жаратуучулар "№7" деп атоо чечимине келишкен.

"Нурмухаммеддин талантын баалап, бул тасмага тартууну туура таптык. Себеби өзгөчө өнөр ээлерин жаш кезинде өстүрүү керек, чоңойгондо таланты ачылбай, ошол боюнча калып калат",— дейт продюсер Жамгырчиев.

Эске сала кетсек, жети жаштагы Нурмухаммед Ташмаматов Брюс Линин ыкмаларын аткарып, Галкиндин "Лучше всех" берүүсүнө катышып келген жана добуш берүүнүн жыйынтыгы менен экинчи турга өткөн.

Жаш талант Нурмухаммед Ташмаматов Жалал-Абад шаарында жашайт жана быйыл мектеп босогосун аттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0