Президент бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлык ыйгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым
Церемония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү жарлыкка Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бир катар ишмерлерин сыйлоо боюнча Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, II даражадагы "Манас" ордени менен кинорежиссер Арым Кубат Актан, мамлекеттик коомдук ишмер Муктар Нургазиев, "Даңк" ордени менен Айсулуу Тыныбекова, "Достук" ордени менен Кыргызстан уламалар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев сыйланган.

Ардак грамотасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик сыйлыктардын айрымдарын жоюу сунушталды
Ал эми "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" ардак наамы ырчылар Нурайым Азыкбаева, Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Каныкей Раймалиева, Анапия Райымбекова жана "Учур" мамлекеттик жаштар театрнын актеру Чыңгызбек Мамаевге ыйгарылды.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы "Маданият, тарых, тил" каналынын продюсери Назира Аалы кызына тапшырылмакчы.

Мындан сырткары дарыгерлер, мугалимдер, юристтер, экономисттер жана башка бир нече мамлекеттик кызматкелер ардак наам жана грамоталар менен сыйланышты.

Мамлекеттик сыйлык алгандардын тизмеси менен президенттин расмий сайтынан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0