"Аалам сулуусу" сынагында Аида Чоткараева сүрөткө мыкты түшкөн келин деп табылды

© Фото / Виктория БарКыргызстанская актриса и модель Аида Чоткараева
Кыргызстанская актриса и модель Аида Чоткараева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Африкада өткөн сынакка ар кайсы өлкөдөн 85 катышуучу келген

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандык модель жана актриса Аида Чоткараева "Аалам сулуусу" эл аралык сынагында сүрөткө мыкты түшкөн келин деп тандалып, 25 сулуунун катарына кирди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине модель өзү билдирди.

Келиндер арасындагы сулуулар сынагы 28-август күнү Түштүк Африканын туристтик борбору — Дурбан шаарында башталган.

Чоткараеванын айтымында, сынакка ар кайсы өлкөдөн 85 катышуучу келип, ага "Сүрөткө мыкты түшкөн сулуу" титулу 1-сентябрда атайын сыйлыктарды тапшыруу учурунда ыйгарылган. Ал эми кийинки күнү модель 25 сулуунун катарына кирген. 

© Фото / instagram / missis.aidaСнимок с социальной сети instagram пользователя missis.aida
Снимок с социальной сети instagram пользователя missis.aida - Sputnik Кыргызстан
Снимок с социальной сети instagram пользователя missis.aida

"25 сулуунун катарына илинүү — бул жакшы жетишкендик болду. Себеби рейтингге Түндүк Америкадагы мамлекеттерден же Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн мыкты даярдык менен барган катышуучулар илине албай калды. Ошондой эле мелдеште командасы менен келген сулуулар да мыктылардын катарына кирбей калды", — деди Чоткараева.

Модель Сусанна Егорян - Sputnik Кыргызстан
Егорян эмне себептен финалда Армениянын атынан чыкканын айтты
28 жаштагы кыргызстандык Аида Чоткараева актриса жана модель болуп эмгектенет. Ал "Красотка и миллион", "Браво" жана "У любви свои небеса" тасмаларында роль жараткан.

Эске салсак, өткөн жылы аталган сынакта Кыргызстандын намысын 41 жаштагы Наргиза Осмонова коргогон. Жыйынтыгында "Миссис Бизнесвумен" наамын жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0