Сыйдан кетирген сыйлык. Мамлекеттик наамдын ызы-чуусу качан токтойт?

© AP Photo / Matt SaylesСахнадагы ырчы. Архив
Сахнадагы ырчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев 30-августта мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү мыйзамга кол коюп, 150дөй кишиге жана бир катар уюмдарга мамлекеттик сыйлыктар менен медалдар ыйгарылды.

Кыргызстандын мамлекеттик жана ардак наамдар жөнүндөгү жаңы мыйзамынын 14-беренесинде "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамына кимдер татый тургандыгы так белгиленген. Мыйзамда "маданият жана искусство тармагында кеминде 15 жыл иштеген кишилерге берилет" деп жазылган. Ошондой эле адаттан тыш укмуштуудай чыгарма жазгандарга аталган сыйлык мөөнөтүнө карабай ыйгарылат.

Церемония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Президент бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлык ыйгарды
Наам алуу үчүн талапкердин иштеген жеринен сунуш, жеке баракчасы, дипломдун көчүрмөсү, буга чейин алган сыйлыктарын, жетишкен ийгиликтерин күбөлүндүргөн документтин көчүрмөсү зарыл. Анын баары нотариалдык жактан күбөлөндүлүрүлүп, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тапшырылышы керек. Министрликтин кароосунан өткөндөн кийин президенттик аппараттын наам ыйгаруу бөлүмүнө өткөрүлүп, коллегиянын сынына коюлат.

Быйыл "Кыргыз Республикасынан эмгек сиңирген артисти" наамын алгандар боюнча коомдо эки ача пикир пайда болуп, социалдык тармакта эки жаатка бөлүнүп, акыйнек айтышты. Буга чейин деле наам боюнча бир топ кескин сындар, чуулуу сөздөр айтылып келген, бирок бу жолкусунда нааразы болгондордун саны оголе көп болду.

Аталган наамды алгандар:

Эстрада ырчысы Нурайым Азыкбаева, Самара Каримова, "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын актеру Чынгызбек Мамаев, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артист-вокалисти Тилек Найманбаев, ушул эле театрдын сахна жетектөөчү чебери, балеттин солисти Елена Овчинникова жана Опера, балет театрынын башкы дирижеру Нурматбек Полотов, Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын "Доор" фольклордук-этнографиялык ансамблинин солисти Каныкей Раймалиева, "Эл шайырлары" фольклордук тобунун артисти Анапия Райымбекова жана эстрада ырчысы Гүлжигит Сатыбеков.

Күнөөсүз күнөөлүү министр

Коомдо түрдүүчө пикир жаратып жаткан наам боюнча Маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков мамлекеттик сыйлыктар тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынганын айтып, жакында эле сыйлык алгандардын бир тобу министрликтин комиссиянан өтпөгөнүн баса белгиледи.

"Биз сыйлыкка көрсөткөн кишилер карала элек. Сыйлык берилгендердин бир тобу биздин комиссиядан өткөн эмес. Негизи мамлекеттик сыйлыкка башка жактан дагы көрсөтүлөт. Мисалы, облустук администрациялар, Жогорку Кеңеш, телерадиокомпаниялар түз көрсөтөт. Мен биз аркылуу гана өткөн кишилерге түшүндөрмө бере алам. Бирок, эмгенедир эле азыр сыйлык берилгендердин бардыгына мен жоопкер болуп жатам", — деди Казаков.

Кептин баары президенттик аппараттабы?

Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова ар бир кишинин жасаган эмгеги бааланып, сыйлык чыныгы ээсине берилсе коомдо дагы, искусство адамдарында да нааразычылык болбой турганын баса белгиледи. Садыкова 15-16 жылдык эмгегинин арты менен 36 жашында Кыргызстандын Эмгек сиңирген артист наамын алганын кошумчалады. Бул ошондо да искусство тармагына өөн учурап, аны айрымдары жеригенин айтты.

Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт
"Ошол учурда мен искусство чөйрөсүнө аябай өөн көрүнгөм. Бир четинен карасаң бизге эч нерсе жакпайт экен. Бербесе өлүп калды, берсе эрте берди деп чыгышат. Бирөөнүн жакшылыгына кубанганды бир аз үйрөнсөкпү деп ойлойм. Ошол эле учурда 40 жылдык эмгек жолу бар киши катары өйдө-төмөн сүйлөп чыгармачыл адамдардын жүрөгүн оорутуп албашым керек. Анткени ар бир чыгармачыл, кумурскадай иштеген кишинин эмгеги бааланса анын эмнеси жаман", — деди ал.

Эл артисти ошол эле учурда сыйлык берүүнүн экинчи тарабы да бар экенин айтат.

Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова - Sputnik Кыргызстан
Ырыс Окенова: казак туугандардын киноөнөрүбүз боюнча айткандарына намыстандым...
"Эми экинчи маселеге келе турган болсок, чындыгында акыркы мезгилдерде мамлекеттик сыйлык берүү илгеркидей болуп иргелбей, чакчалекейи чыгып калды. Мага маданият борборлорунун жетекчилери жана министрлик тыгыз иш алып барбагандай сезилет. Андан сырткары, жогорку жакта президенттик аппарат деген бар. Ошол аппараттагылардын бардыгы эле искусство айдыңында адис катары көрүнөт. Эксперт болуп көп сыйлыкты өздөрү чечип жатат. Бул жагы да бар. Комиссиянын мүчөлөрү чаң баскан папкаларды ары-бери ташып жөн эле убара болуп жатышат", — деди Садыкова.

Ал ошондой эле мамлекеттик сыйлыктын беделин түшүрбөй ээсине берип турса жакшы болорун айтып, сыйлыкты берүүдө өлкө башчысы өзүнүн аппаратына ишенип жатса керек деген пикирин кошумчалады.

"Кантип, кандай жолун таап алып жатат, билбейм…"

Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев Маданият министрлигинин коллегиясынан өтпөй калган айрым кишилерге сыйлык берилгенине таң калгынан айтат.

"Сыйлыктардын акыркы бөлүштүрүлүшүнө биздин коллегияда каралгандар негедир кирбей калыптыр. Эмне болгонун билбейм. Наамдар документтери буга чейин тапшырылгандарга берилди дешти. Бизде каралган көп кишилер албай калды, Эл артисти наамына, медалдарга көрсөтүлгөн бир топ киши бар болчу, алар өтпөй калыптыр. Маданият министрлигинин коллегиясынан өтпөй калган айрым кишилерге сыйлык берилгенин мен өз көзүм менен көрүп жатам. Алар кантип, кандай жолун таап алып жатат, билбейм", — деди Чокиев.

Ал ошондой эле көпчүлүктүн нааразычылыгы мамлекеттик наам алгандардын арасында жаш эстрада ырчыларынын бар экенинде болуп жатканын кошумчалады.

"Айтылган айрым пикирлердин чындыгы бар. Эстрада ырчылары негизинен тойдо ырдап акча тапканды көздөп алышкан. Ал эми өз ишинин чыныгы профессионалы болгон театрдын, филармониянын артисттери сыйлыктан куржалак калып жатат", — деди ал.

Чокиев наамдардын бөлүштүрүлүшүн Маданият министрлигинин коллегиясы эле чечпей турганын айтып, Ак үйдө наамдар боюнча өзүнчө бөлүм бар экенин, министрликтин берген тизмесин алар да электен өткөрүп карап, акыркы чекитти ошолор коюшарын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0