"Саякбай" тасмасы Монреалдагы кинофестивалдан байгелүү кайтты

© Фото / Айзада ОмуралиеваСъемки фильма "Саякбай" режиссера Эрнеста Абдыжапарова
Съемки фильма Саякбай режиссера Эрнеста Абдыжапарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тасма "Мыкты инновациялык тасма" категориясы боюнча катышкан

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Саякбай" тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда байгелүү кайтты. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" эл аралык фондусунун жетекчиси Самат Ибраев тастыктады.

Анын айтымында, аталган тасма "Мыкты инновациялык тасма" категориясы боюнча ат салышкан.

"Кинофестиваль 24-августта башталып, 4-сентябрда жыйынтыгы чыкты. Биз катышкан категорияга дүйнө боюнча 250 тасмадан арыз түшүп, 18и чакыруу алган. Натыйжада ушул категория боюнча "Саякбай" тасмасы мыкты деп табылды. Сыйлык тапшыруу аземине өзүбүз бара албагандыктан Кыргызстандын Монреалдагы ардактуу консулу катышты", — деди Ибраев.

Эскерте кетсек, буга чейин Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына, режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" фильми "Алтын зенитке" ээ болгон.

Кыргызстанда "Саякбай" тасмасы 7-сентябрдан тарта көрсөтүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0