Кыргызстандык кыз БУУ уюштурган "Жер сулуусу" сынагына катышат

© Фото / Victory Bar20-летняя модель Бегимай Назарова
20-летняя модель Бегимай Назарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак салтка айлангандай эле Филиппинде өтүп, 14-октябрдан 4-ноябрга дейре уланат

БИШКЕК, 8-cен. — Sputnik. 20 жаштагы Бегимай Назарова БУУнун колдоосу менен өтүп жаткан "Жер сулуусу — 2017" эл аралык сулуулар сынагында өлкө намысын коргойт. Бул тууралуу сынактын сайтына жарыяланды.

Конкурс салтка айлангандай эле Филиппинде өтүп, 14-октябрдан 4-ноябрга дейре уланат.

© Фото / Ренат Торомамбетов20 жаштагы Бегимай Назарова БУУнун колдоосу менен өтүп жаткан "Жер сулуусу — 2017" эл аралык сулуулар сынагында өлкө намысын коргойт
20 жаштагы Бегимай Назарова БУУнун колдоосу менен өтүп жаткан Жер сулуусу — 2017 эл аралык сулуулар сынагында өлкө намысын коргойт - Sputnik Кыргызстан
1/3
20 жаштагы Бегимай Назарова БУУнун колдоосу менен өтүп жаткан "Жер сулуусу — 2017" эл аралык сулуулар сынагында өлкө намысын коргойт
© Фото / Ренат Торомамбетов Конкурс салтка айлангандай эле Филиппинде өтүп, 14-октябрдан 4-ноябрга дейре уланат.
Конкурс салтка айлангандай эле Филиппинде өтүп, 14-октябрдан 4-ноябрга дейре уланат. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Конкурс салтка айлангандай эле Филиппинде өтүп, 14-октябрдан 4-ноябрга дейре уланат.
© Фото / Ренат ТоромамбетовӨткөн жылы аталган маданий иш-чарага Кыргызстандын атынан Бегим Алмасбекова катышып, улуттук кийимдер сынагында үчүнчү орунду ээлеген.
Өткөн жылы аталган маданий иш-чарага Кыргызстандын атынан Бегим Алмасбекова катышып, улуттук кийимдер сынагында үчүнчү орунду ээлеген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өткөн жылы аталган маданий иш-чарага Кыргызстандын атынан Бегим Алмасбекова катышып, улуттук кийимдер сынагында үчүнчү орунду ээлеген.
1/3
20 жаштагы Бегимай Назарова БУУнун колдоосу менен өтүп жаткан "Жер сулуусу — 2017" эл аралык сулуулар сынагында өлкө намысын коргойт
2/3
Конкурс салтка айлангандай эле Филиппинде өтүп, 14-октябрдан 4-ноябрга дейре уланат.
3/3
Өткөн жылы аталган маданий иш-чарага Кыргызстандын атынан Бегим Алмасбекова катышып, улуттук кийимдер сынагында үчүнчү орунду ээлеген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Назарова маалыматты тастыктап, буга чейин да эл аралык сынактарга катышып жүргөнүн айтты.

"Өткөн жылы "Дүйнө ханбийкеси — 2016" сынагына катышып, "Достук сулуусу" наамын утуп алгам. Ошонун арты менен Дүйнөлүк сулуулар жана мода конгрессинин модели болууга жетишкем. Бул жылы уюштуруучулар "Жер сулуусу — 2017" конкурсуна чакырышты", — деди Назарова.

Өткөн жылы аталган маданий иш-чарага Кыргызстандын атынан Бегим Алмасбекова катышып, улуттук кийимдер сынагында үчүнчү орунду ээлеген. 

© Фото / Ренат ТоромамбетовБегимай Назарова Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган
20-летняя модель Бегимай Назарова - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Назарова Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган

"Жер сулуусу" (Miss Earth) — дүйнөдөгү абройлуу сынактардын бири. Анын максаты гуманитардык көйгөйлөргө жана табиятты коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Сынактын жеңүүчүсү автоматтык түрдө БУУнун Курчап турган чөйрөнү коргоо программасынын элчиси болуп калат. 

© Фото / Victory BarБегимай бий менен машыгып, ыктыярчылык менен алектенет.
20-летняя модель Бегимай Назарова - Sputnik Кыргызстан
Бегимай бий менен машыгып, ыктыярчылык менен алектенет.

Бегимай Назарова Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Бий менен машыгып, ыктыярчылык менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0