Токтобүбү Черикчиеванын айылга каты. Апам тартуулаган бакыт, телеграфта калган издер

© Фото / CinemArt ProductionЫрчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева. Архив
Ырчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар Айылга катты ырчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева жазып, ардактуу жана асыл адамы - апасын эстеди.

Чынын айтсам, алды кийин кат жазып көргөн эмесмин. Ал эми бул ирет катымды апама жазып отурам. Менин кымбат адамым болгон апам менен кошо балалыгымды, өспүрүм курагымды, чоң дүйнөгө кадам таштаган мезгилим тууралуу сөз кылмакчымын.

Ырчы жана артист Мерген Тургандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мерген Тургандын айылга каты. "Катастрофага" кептеген пальтолор, таңгалдырган апам
Азыр ойлоп көрсөм окуучулук кезимде башка курбалдаштарым сымал кат жазышканга убактым болбоптур. Негизги окуумдан тышкары музыкалык мектепте билим алчумун. Кечинде балдар менен чурулдап ойночубуз, ал эми сабакты жылбай отуруп жазуу маанилүү ишимдин бири болучу.

10 жашымдан тарта Нарындын Ак-Талаасындагы азыр Нурак Абдрахманов агайдын ысымы берилген музыкалык мектепке бардым. Биринчи класстын босогосун ошол кезде Ломоносов атындагы мектептен аттадым. Мен туула элек кезде айылым Дөрбөлжүн аталса, азыр атактуу обончу Муса Баетовдун ысымы ыйгарылган.

Телеграфта калган издер

Анан орто билим алып, тагыраагы 8-классты жана музыкалык мектепти аяктап, Фрунзе шаарына келдим. Жаңы келген күндөрү апамды сагынганымды азыркыга чейин бир башкача сезим менен эстейм. Эмнегедир кат жазбастан, телефон менен сүйлөшкөн жай — телеграфка барып, телефон менен сүйлөшчүмүн.

© Фото / Эмил БеккелдиевЫрчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева
Певица, комузистка отечественной эстрады Токтобубу Черикчиева - Sputnik Кыргызстан
Ырчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева

Каттын ордуна телефон чалчумун дегеним, өзүнчө бир кичинекей доор. Студент кезде апамды сагынам, анан күн кур дебей, ошол телеграфка каттайм. Ал Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан имарат эле. Азыр Betа Stores үйүнүн каршысы болуп калат.

Телеграфтан буюртма берип күтүп отуруп, уктап калып кезегимди өткөрүп ийген канча учурлар болду. Таң атпай турасың, окууда тартип бекем, талап катуу. Уйкунун ордуна окуш керек. Сагынычтан улам, сабактан чыгып эле апам менен сүйлөшөм деп жөнөйм да. Уктаганымдын тарыхы ушундай болучу…

Жолду катар ыйлаган мен, соороткон байбичелер

Айылды, апамды сагынганымды жазсам, өзүнчө бир том болчудай. Жалгыз кыз болуп жанынан алыс эч жакка чыкпагандыктан, шаарга келгенде бир топ кыйналгам. Апамды ушундай көргүм келет, жытын сагынам.

Музыкант, народный артист КР Курмангазы Азыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Курмангазы Азыкбаевдин айылга каты. Нарынга качырган пахта, жымыйткан алгачкы сүйүү
Эсимде, шаарга кантип аттанганым…. Апам мени узатып жатат. Даярдык калп айтпасам, бир жума, он күндөй эрте башталды. Анда Фрунзеге Ак-Талаадан бир эле рейс каттачу. Автобус эртең мененки саат 6:40та жөнөп кетчү. Ага билет алыш, бир топ машакаттуу иш эле. Эрте камданышың керек же кассирдин үйүнө барып же тааныш салып алышың керек. Ошентип, жөнөп калдым. Саат таңкы беште турдук. Вокзалга келдик, апамдын көз жашы куюлат. Колумду булгалап бир коштошуп жатам. Армияга узаткан биякта эле калды. Жолду катар Бишкекке келгиче ыйлап келдим. Кайра бир кетким келет, апа десем эле көзүмдөн жаш кетет.

Келе жаткан автобустун ичинде баары эле мени, апамды тааныган улуулар да. Алар "ыйлаба, алдыңа кетейин" деп коюшат, ишигылып алаксытып жатып, акыры жеттик. Шаардан Бурул таяжем тосуп алды. Ыйлай берип өпкөм көпкөн, көзүм шишиген. Азыр баамдасам, бир кемпирдин үйүндө квартирада турчу экен… азыр айылга кат десеңер, ушуларды эстедим. Апам жалгыз бой болуп, жумушунан колу бошобогондуктан, мени менен шаарга келе алган эмес. Келип эле, айылга чалдык. Байкуш апам, жеткенде кабарын айтат деп телеграфта күтүп отуруптур…

© Фото / Токтобубу ЧерикчиеваАпасы Жумакалыйдын жайы. "Айылды, апамды сагынганымды жазсам, өзүнчө бир том болчудай", - дейт Черикчиева
Место успокоения певицы, комузистки отечественной эстрады Токтобубу Черикчиевой - Sputnik Кыргызстан
Апасы Жумакалыйдын жайы. "Айылды, апамды сагынганымды жазсам, өзүнчө бир том болчудай", - дейт Черикчиева

Күлкүгө жана кубанычка толгон жатакана

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назира Мамбетованын айылга каты. Отундун үстүнө төрөлгөн наристе, камчы эңген кыз
Классташым Рая Нургазиева экөөбүз чогуу Улуттук филармониянын алдындагы эстрада боюна эки жылдык студиянын комуз бөлүмүнө документ тапшырдык. Даяр, музыкалык билим менен келгендиктен мени дароо эле кабыл алышты. Ошентип СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова эженин классына кабыл алындым. Окуу да башталды. Ошону менен катар эле СССРдин эл артисти, төкмө акын атабыз Эстебес Турсуналиев жетектеген "Эл шайырлары" тобунда иштеп жүрдүм. Окууну бүткөн соң ошол жерде калып, не деген дөө-шаа артисттер менен кошо иштөө шыбагасына ээ болдум.

Бизге Семен Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасынан орун беришти. Бөлмөдөгү, анан окуудагы эң кичүүсү мен. Азыркы белдүү ырчылар Айтбүбү Атамкулова, Анапия Раимбековалар болуп бирге жашачу элек. Жатып алып эле апамды эстеп, сагынып ыйлайм. Алар кийин ошол көз жаш төккөн учурларымды эстеп көпкө күлүп жүрүштү.

Ээрчишкен бактылуу күндөр жана өмүрүмдөгү жалгыз демөөрчүм

Мен көнбөй кыйналып жүрдүм. Анан апам ай сайын көтөрүнүп шаарга каттай баштады. Этти майга чала кууруп туруп, азыркы тил менен айтканда "жарым фабрикат кылып" даярдап келет. Боорсок жасап келет. Апам келээрде бүттү, жыргал! Майрам башталат! Экөөбүз ээрчишип алып көчө кыдырабыз, ЦУМга барабыз, театрга киребиз. Ошентип жатып, шаарга эптеп көндүргөн мени.

Азыр эстесем, студент кезде деле көчөгө жигит менен бейчеки ары-бери басып, балмуздак жеп, киного кирбептирмин.

© Фото / из личного архива Токтобубу ЧерикчиевойКесиптештери менен
Певица, комузистка отечественной эстрады Токтобубу Черикчиева - Sputnik Кыргызстан
Кесиптештери менен

Апам 2010-жылы өтүп кетти. Менин өмүрүмдө бир эле спонсорум (демөөрчүм) болду. Ал адам — апам эле. Апам композитор Эсенбек Маданбековдун "Балама" ырын сонун ырдачу эле. Кийин ал чыгарманы мен да жаздырып, азыр ырдап жүрөм. Апам бүт өмүрүн мага, балдарыма арнады. Сыйыма толук татый электе кетип калды. Неберелерин жыттап жашап турса болмок, эми ал тагдырдын буйругу. Башкысы — менин ушундай сонун апам болгон!

Айылга барып атамдын, апамдын туугандарына байма-бай каттап, катышып, сагынычымды таратып турам.

Айылдагыларга, жергиликтүү бийлик жетекчилерине ыраазычылыгымды билдирем. Расмий иш-чараларга чакырып, талантымды баалап, сыйлап турушат. Ак-Талаанын ардактуу атуулумун.

Бийиктикке кол сунган, берекеси кемибеген, адамдары таза жана күйүмдүү болгон тейде сакталып калышыңды каалайм, менин айылым. Аман болгула айылдаштарым!

Кат жазган, кызыңар Токтобүбү Черикчиева.

Жаңылыктар түрмөгү
0