Ырчы журналист Гүлдана Талантбековага чыгармачылык чыйыр жолу, турмушу тууралуу айтып берди.
— Асел айым, өздүк майрам кут болсун! Туулган күн болгон сайын бир жашка өйдөлөп турат эмеспизби. Жашым өтүп баратат деп кейиген жоксузбу?— Рахмат. Тескерисинче, кудайым ушул жашты, күндү маңдайыма жазганы үчүн ыраазымын. "Жаш кезде берсин мээнети, карганда берсин дөөлөттү" дейт. Мен карыганда дөөлөттүү аял болгум келет.
— Башкалар сыяктуу туулган күндө дайыма өткөн-кеткенге саресеп саласызбы?
— Кудайдын адамзатка арнаган майрамы бул — туулган күнү. Калган майрамдар пенде менен кошо жаралгандар. Мурун туулган күн дегенде конок чакырып же бир жактарга барып тосчумун. Азыр жакшы көргөн адамымдын, бир туугандарымдын курчоосунда чакан кылып тосконду жактырам. Эмнегедир саресепти жаңы жылда салам.
— Мурда берген маектерде кичинекей кезиңизде "ССРдин Эмгек сиңирген артисти болом" деген сөздү айтып кыялданчу экенсиз. Азыр чындыгында эмгеги сиңген артист болдуңуз. Жаштын тилегин берет дегендей, биротоло эле Эл артистин айтсам болмок экен деп ойлогон жоксузбу?
Өткөндө бир куудул жигит тамашалап айтып калды. "Асел эже, кудай чекеге бир эле мөөр басат окшойт, ал сен бактылуусуң же бактысызсың деген. Кээ бир адамдар кичинекей кезинде кандай ыйлактап жүрсө, азыр деле ошондой, а биздей чыгармачыл адамдарга бактылуусуң деп койгон го" дейт. Бул дагы жакшы сөз. Кудай бир гана бактылуусуң дегенди ар бир адамга берсе экен дейм.
— Чыгармачылыгыңызда эмне кеп?
— Келерки жылы сахнада жүргөнүмдүн 25 жылдыгына арнап концерт берем, ошого азыр сценарий жаздыртып жатам. Ушу тапта "Айдоочу" деген ырыма клип тарттыруунун үстүндө иштеп, жаңы ырларым чекесинен жазылып жатат. Өзүңүздөр билгендей университетте көп жылдан бери окутуучу, декан болуп эмгектенип келем. Биздин окуу жайда куурчак бөлүмү жок эле, былтыркы жылдан тарта ал бөлүмдү ачып жетектеп келем. Аз да болсо кыргыз искуссвосуна салымымды кошуп жатам деп ойлойм.
— Чыгармачылыгыңызды алгач актрисалык менен баштап, анан ырчы болгонуңузду билебиз. Азыр кино тармагында эмгектенсем кандай болмок деп өкүнбөйсүзбү?
— Эми андай ойлор болот. Ырчы, актриса, окутуучулук бири-бири менен байланышта да. Мен ырчы болуш үчүн Күрөңкеев атындагы училищеден окуп, андан кийин театралдык окуу жайга тапшыргам. Жакшы ыр тартуулоо үчүн жакшы актриса болуш керек. Азыр деле киного сунуш түшүп, сценарийи көңүлүмө төп келсе тартылууга даярмын.
— Чыгармачылык, окутуучулук, анан да тойлордо кызмат кылуу… Бардык нерсеге кантип убакыт табасыз?
— Чарчадым деген сөздү көп жактыра бербейм. Адамга бир күндө 7 саат уктаган жетиштүү. Өзүм таңкы алтыда турам. Мурда уюлдук телефон көтөрбөй, машина эмес троллейбуста жүргөн учурда деле көп жумуш бүтүрчү экенбиз. Азыр кантип таң атып, кантип кеч киргенин деле билбей каласың. Жумуштар да толук бүтпөйт. Айтор таң калыштуу.
— Тойго кызмат кылганга кандай көз караштасыз?
— 90-жылдары тойго кызмат кылгандан тартынчубуз, ал кезде уят деп саналчу. Азыр артисттер кээде чалышып калганда "ай, той барбы" деп калабыз. Кыргызда той болуп турганы эле жакшы.
— Баса, Instagram баракчаңызда бутуңузга татуировка тартылган сүрөттү көрдүм. Ал чын эле чегилгенби?
— Бирөө комментарийге "эже, ушуну тим эле койбоптурсуз да" деп жазып коюптур. Ал чегилген эмес, жөн гана боелгон сүрөт болчу. Кызым менен Анталияда эс алууда жүргөндө эки жумалык кылып тарттырганбыз. Анан кызым сүрөткө тартып алгандан жүктөп койдум эле. Бул жакка келип тойго барганы камданып жатсам, кыскараак көйнөктөн бутумдагы сүрөт билинип калыптыр. Шым кийип бардым.
— Кызыңыз бой жетип калса керек. Качан турмушка жолуна узатайын деп жатасыз?
— Кызым Бегайым 19 жашта. Турмушка чыгып, мени эртерээк неберелүү кыл деп деле айтам. Бир-эки жыл окуп алайын дейт. Бардык эне сыяктуу жакшы күйөө балага туш болуп, көп неберелүү болсом экен деп кыялданам.
— Кыздын чырагы кырк жерден жанат деп коет эмеспи. Көп жыл мурун жолдошуңуз менен ажырашып кеткениңизди билебиз, кайрадан турмуш куруу тууралуу ойлондуңуз беле?
— Жаштын тилегин берет деп коет экен. Эч кимге айтчу эмес элем, бирок тагдырымды өзүм эле тандап алган окшойм. Кичинекей чагымда артист болсом, белгилүү адам болсом экен деп, үйдөгүлөр жеке турмушту тууралуу айтса "ой, эми…" деп экинчи-үчүнчү планга коюп койчумун. Ошондой эле болду. Турмуш экен.— Интервьюларыңыздын биринде жакын адамым бар деп айтып каласыз. Бирок үй-бүлө үчүн эки баш биригиш керек го…
— Мен ал үчүн, ал мен үчүн бар. Экөөбүзгө бизди бириктирген ысык сезимдер жетиштүү. Турмушка чыксам, үйдө отуруп, тамак жасап, чыгармачылыкка көңүл бура албай калам го.
— Ошол үчүн элеби?
— Кудайга шүгүр, чогуу элебиз. Жеке жашоомду өтө тереңдетким келбей турат. Ал адам чет мамлекетте жашайт.
Эки адам баш кошкондо алардын жашоосунда өмүрлүк жар менен кайын журттан тышкары түгөйүнүн достору дагы пайда болот. Айрым учурда бул адамдар жеңил кабыл алынып, бат эле жуурулушуп кетсе, кээде оңой менен "өз ордун" таба албайт. Мунун айынан аял менен эркектин ортосунда пикир келишпестик жаралып, достордон кол үзгөн учурлар жок эмес.
Бул канчалык туура көрүнүш? Анткени адам дос күтөт, бирөө менен сырдашып, көңүл ачып, алыш-катышта болушу керек. Мунсуз жашоону элестетүү кыйын эмеспи.
Бүгүн этикет мугалими Нуржан Исмаилова жубайлар бири-биринин достору менен жакшы мамиледе болушу үчүн кандай эрежелерди карманышы керектигин айтып берди.
Аяштар ынтымакта болгону жакшы, бирок ого эле ынак болуп, болгон-бүткөн сырды ачык айтып койгон кооптуураак. Достор арасында бирде болбосо бирде сөз болуп, өзүңүздүн эле абийириңиз төгүлөт. Кийин бул нерсе үйдөгү атмосферага дагы таасир этип коюшу ыктымал. Баса, аяштарды бири-бирине жамандоо дагы туура эмес, айланып келип өз башыңызга тийип калбасын.
Албетте, достор, аяштар чогулган жерде түркүн-түрлүү тамаша айтылат. Өткөн-кеткенди эске салып, чер жазылат. Бирок айрым шакаба сөздөр кимдир бирөөлөргө зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Балким бирөөлөрдүн үй-бүлөсүндө бул же тигил тема жабык болушу ыктымал. Эмнеси болсо дагы мындайда достор сезимтал болуп, эмнени сүйлөсө болот, эмнени сүйлөбөй эле койгону туура экенин айырмалай билиши керек.
Түгөйүңдүн жоро-жолдоштору менен катышууга келгенде жолугушууларды эки түргө бөлүп караса болот. Биринчиси — туулган күн, юбилейлер, үлпөт той, кызматтан көтөрүлүү, сөөк коюу сыяктуу жашоодогу өтө маанилүү учурлар. Мындай иш-чараларга колдон келишинче барып койгон жакшы. Милдет деп айтса дагы болот. Ал эми жөн гана көңүл ачуу үчүн аптанын аягында жолугуу, сыра ичүү сыяктуу жеңил-желпи иш-чараларга баруу же барбоону ар бир адам өзү чечет.
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Кинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан "Акыркы көч" кинокартинасы XIX Дакка эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондунан билдиришти.
Иш-чара Бангладештин борбор калаасында 16-24-январь күндөрү өтөт. "Акыркы көч" тасмасы "Азия киносу" сынагынын алкагында көрсөтүлмөкчү.Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жаратты. Фильм ак-кара түстө тартылган.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына катышып, кинонун дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.