"Азия MIX" менен РУДН командалары Германияга гастролдойт

© Фото / Сергей АндриановИнтервью с игроком КВН команды "Азия MIX" Ситорой Фармоновой
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын төрт шаарында өтө турган концерттердин билеттери сатыкка чыкты

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкектик "Азия MIX" менен РУДН курама командасы 2018-жылдын март айынан июнга чейин Германиянын төрт ири шаарында концерт кое турганы билет сатуу боюнча VIPBILET.DE сайтына жарыяланды.

Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине улуттук команданын өкүлдөрү да тастыкташты.

"Көрөрмандарды жөн эле тамашанын жыйындысы эмес, КВНдин Жогорку лигасында көрсөткөн мыкты номерлер күтөт", — деп жазылат сайтта.

Командалар Берлин, Франкфурт, Карлсруэ жана Нойс шаарларында концерт берет. Билеттер сатыкка чыкты.

РУДН курама командасы КВНдин Жогорку лигасынын үч жолку финалисти. 2006-жылы чемпион болгон.

Ал эми "Азия MIX" Жогорку лиганын учурдагы чемпиону болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0