"Кентавр" тасмасы "Оскарга" көрсөтүлөт

© AFP / Don EMMERTОскар киносыйлыгы. Архив
Оскар киносыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Оскар" сыйлыгына "Кентаврдан" тышкары, Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы дагы каралып жаткан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлөрүн Кыргызстан кинематографисттер союзунун уюштуруу иштери боюнча катчысы Талантбек Төлөбеков билдирди.

"Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгына аталган фильмди Кыргызстандагы Оскар комитети сунуштап жатат.

"Улуттук комитеттин жыйыны 20-сентябрь күнү болду. Кыргызстандагы Оскар комитетинин координатору Таалайбек Кулмендеевдин айтымында, алгач "Кентавр" менен биргеликте Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы дагы каралып жаткан. Бирок комитеттин мүчөлөрү көбүрөөк добушун "Кентаврга" беришти", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2018-жылдын 4-мартында Лос-Анджелес шарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0