Бишкекте ата мекендик жана чет элдик продукциялардын көргөзмөсү өтүүдө

Жазылуу
Иш-чара 25-сентябрга чейин уланат

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Борбор калаада "АгроПродЭкспо – 2017" аттуу ата мекендик жана чет элдик компаниялар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара аталган министрлик менен Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган.

"Көргөзмөгө эт, нан, сүт суусундук жана керектөөчү товарларды өндүргөн ата мекендик жана чет өлкөлүк 30 компаниянын продукциясы коюлган. Анын арты менен иш-чарага катышып жаткан компаниялар өз продукциясын элге жарыялап, аны менен катар эле өнөктөш, кардар табууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Аталган иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 25-сентябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0