Исаков: Манасты дептер, комикс жана мультфильм аркылуу майдалап жеткирип жатабыз

Жазылуу
Манасчылыкты жайылтуу боюнча дептер, күндөлүктөр чыгарылып, мультфильм тартылып жатканын угуп, демилгени ишке ашырып жаткандардын бири, белгилүү манасчы Рысбай Исаковду кепке тарттык.
Исаков: "Саякбай" тасмасын жан дүйнө менен берилип көрүү керек

— Манасчылыкты жайылтуу боюнча жакшы демилгелер көтөрүлүп жаткан экен.

Учурдун 9 мыкты манасчысы - Sputnik Кыргызстан
Темир канат: учурдун 9 мыкты манасчысы
— Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Буюрса, көп жылдан бери манасчылыкты жайылтуу боюнча алгылыктуу иштер арбын эле болууда. Ушул багытта бир топ адамдар аракет кылып жатат десек болот. 2003-2004-жылдары "Манас-мурас" фонду түзүлүп, манасчылыкты өстүрүү далалатында болдук. Андан соң ЮНЕСКОнун арты менен бир топ иштер жасалды. "Айгине" борбору Манас, Семетей, Сейтек үчилтигин азыраак болсо да дискке жаздырды. Мамлекет тарабынан жардамдар берилип, фестивалдар, сынактар уюштурулууда. "Саякбай манасчы" фондусунун түптөлүшү менен багытыбыз кеңейди.

Бирок бул өнөрдү өнүктүрүү үчүн манасчыларды гана өстүрүү жетишсиз экенин коом далилдеп койду. Себеби ар тараптан ар кыл агымдар, маданияттар агып кирип жатканда бир эле жарыкты беттеп тура бергенибиз бул өнөрдү өзгөгө эмес, өз элибизге жеткире албай жатканыбызга далил болуп калды. Буга балдарыбыздын Жөргөмүш адам, Бэтмен, Росомаха болгусу келгени далил. Эч ким Манас же Семетей болгусу келбейт. Буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Анткени Манас тууралуу тасмабыз, мультфильмибиз, комиксибиз жок. Манасчылардын айтканына гана курсант болуп жүрөбүз. Ушундан улам бардык тармакта иш алып баруу керек экендигине көзүбүз жетти. Алгачкы саамалыгыбыз "Саякбай" тасмасы болду. Анда манасчылык чагылдырылат. Касиет эмне болуп, кантип келээри айтылат. Жалпы кыргыз касиети тууралуу сөз болот. Саякбай манасчынын батасы менен Чыңгыз Айтматовдун улуу дүйнөгө аттанганы баяндалат. Жан дүйнө менен берилип, түшүнүп көрө турган кино. Андай түшүнүк болбосо, анда таарыныч жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Рысбай Исаков: балдарыбыздын Жөргөмүш адам, Бэтмен, Росомаха болгусу келгени далил. Эч ким Манас же Семетей болгусу келбейт. Буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Анткени Манас тууралуу тасмабыз, мультфильмибиз, комиксибиз жок
Вечер памяти сказителя манасчи Жусупа Мамая - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Рысбай Исаков: балдарыбыздын Жөргөмүш адам, Бэтмен, Росомаха болгусу келгени далил. Эч ким Манас же Семетей болгусу келбейт. Буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Анткени Манас тууралуу тасмабыз, мультфильмибиз, комиксибиз жок

— Тасманы айылдарга жайылтуу аракети кандай болуп жатат?

— Жалпы өлкөгө кинотеатрлар аркылуу жайылтабыз. Андан сырткары, айылдарга проекторлорду көтөрүп алып көрсөтүү планыбызда бар. "Саякбай" тасмасы ар бир айылга, ар бир үйгө жетсе деген тилек. Мындан сырткары, клип сыяктуу кыска роликтерди тарталы деп турабыз. Анткени коомубуз бүкүлү жута албай жатат. Чайнап берүү зарыл болууда. Муну менен бирге атайын дептер, күндөлүктөр жасалууда. Буюрса мультфильм сунуштайлы деп жатабыз. Жогоруда айткандай эле Манасты майдалап жеткирүү ыкмасы дептер, күндөлүктөрдө колдонулду. Эң алгач жөн гана сүрөттөр киргизилди. Манастын, Бакайдын, Каныкейдин, Ак куланын сүрөттөрү тартылды. Анан кыска-нуска маалыматтар жазылды. Бирок жалпы журтка жеткире албадык. Анткени көп түйшүктү талап кылат экен. Биз сапатына карап, атайын фин кагаздарын алдырып чыгара баштасак, тилекке каршы, эл көтөрө албай койду. Сапатына да карабайт экен. Анын арты менен базарды түшүнө баштадык. Бирок биздин максат — дептер сатуу эмес, ар бир балага Манасты жеткирүү. Буюрса аракетибизди уланта беребиз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Рысбай Исаков: "Саякбай" тасмасында манасчылык чагылдырылат. Касиет эмне болуп, кантип келээри айтылат. Жалпы кыргыз касиети тууралуу сөз болот
Манасчи Рысбай Исаков - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Рысбай Исаков: "Саякбай" тасмасында манасчылык чагылдырылат. Касиет эмне болуп, кантип келээри айтылат. Жалпы кыргыз касиети тууралуу сөз болот

— Мультфильмге кененирээк токтолсоңуз…

Премьер фильма Саякбай - Sputnik Кыргызстан
"Саякбай" тасмасы жөнүндө 7 факты. Эттенген актер, акценттен арылган Элдар
— Мультфильм көп маалыматты жеткире алат экен. Бирок ошончолук көп түйшүктү, чыгашаны талап кылат. Өзгөчө 3D болсо ийгиликтүү, анан жеткиликтүү болот дешти. Мына ушул багытта адистерибиз дагы көп экен. Максатыбыз — Манасты мультфильм кылып тартып, балдарга жеткирүү. Бирок биринчи ирет тартып жаткандыктан сөзсүз чекилик кетет. Алгач "Карагул ботом" дастанынын негизинде тарта баштадык. Бирок окуянын жүрүшүн өзгөртүп, ак менен каранын кармашын, мергенчинин тагдырын, ички карама-каршылыктары кызыктуу кылып тартып, элдин сынына коелу деп турабыз. Эгерде электен өтүп алсак, анан чоң дүйнөгө аттанабыз. Бирок Манас дүйнөсүнө аттанаардан мурун Семетей боюнча комикстерди жасап жатабыз. Учурда Каныкейдин Букарга качышын сүрөткө түшүрдүк. Тексттерин даярдасак, кийинки айда жарыкка чыгып калат.

— Жогорку окуу жайларда Манас таануу сабагы окулат. Бирок сапатына нааразы болгондор арбын.

— Бизде билим берүү системасы аксап турган кез. Бир гана Манас таануу эмес. Бир чоң кемчилик — кадр таңкыстыгы. Манас таануучулар өтө аз. Адистер жетишпейт. Бирок муну мезгил өзү жаап кетет. Учурда мектеп окуучулары арасында Манас таануу боюнча республикалык сынак уюштурулуп келет. Ушулар эртең чоңойсо даяр кадр болот. Аларга жумуш таап беришибиз керек. Дагы бир жагдай, Манас таануу сабагын киргизип алып, "ушундай да таанытабы" деген учурлар болуп жатат. Бул эми бирин-серин боло бере турган нерсе. Бул мугалимге жараша болуп калат да. Кээ бир мугалимдердин алкымын тыйып кое албайсын. Ушул сыяктуу тоскоолдуктарды жеңип чыксак, анан Манас таанууга даңгыр жол ачылат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Рысбай Исаков: максатыбыз — Манасты мультфильм кылып тартып, балдарга жеткирүү. Бирок биринчи ирет тартып жаткандыктан сөзсүз чекилик кетет
Семисуточное сказание эпоса Манас в этнокомплексе Супара - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Рысбай Исаков: максатыбыз — Манасты мультфильм кылып тартып, балдарга жеткирүү. Бирок биринчи ирет тартып жаткандыктан сөзсүз чекилик кетет

— Манас таануу сабагын мектеп программасына киргизсе болобу?

— Мектепке эмес, бала бакчадан баштасак жакшы болот. Комикстерден баштаганыбыздын маңызы да ушул. Үч, беш, жети жашар деп ар биринин өзүнүн Манасын беришибиз керек. Балык деген манасчыны Байтик өзүнө чакыртып алып, "мага гана Манас айтасың, башкаларга айтпагын" деген талап коет. Анан бир күнү караса эле Балык жоро бозодогуларга Манас айтып жатыптыр. Анан чакыртып алып, "менден башкага Манас айтпа дебедим беле" десе, Балык "Сенин Манасыңа тийген жокмун, аларга өзүнүн Манасын айтып жатам" деген экен. Ушул сыяктуу ар кимдин түшүнүгүнө жараша жеткиришибиз керек. Төрт жашар балага Манастын санжырасын айтсаң түшүнбөйт да, туурабы? Ошо себептен Манас деген баатыр төрөлдү, чоңойду, жыга чапты деп эле жалпак тилде жеткирип бериш керек. Анан Коңурбай — бул душман, Манас — бул баатыр деп коюш керек. Чоңойгон сайын кененирээк айта бересиң. Ошондо Манасыбыз өз кудуретине, күчүнө жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0