Улуу актриса Жамал Сейдакматова 78 жашта! Корифей тууралуу 9 факты

© Фото / Шалтаев МуратПисьмо домой. Актриса театра и кино Джамал Сейдакматова
Письмо домой. Актриса театра и кино Джамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүндөй өмүрүн чыгармачылыкка арнап, үзүрлүү эмгегинин арты менен Кыргыз ССРинин Эл артисти болуп, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты аталып, "Туңгуч" театрын негиздеген залкар инсан Жамал Сейдакматова 78 жашка толду.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кино жана театртын залкар актрисасы тууралуу 9 факты сунуштайт.

Кадр из фильма Красное яблоко - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү Турсунбаева бүгүн 73 жашка чыкмак! Улуу актриса тууралуу 10 факты
Атасынын бешинчи аялынын тун баласы. Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айлында туулуп-өскөн. Атасы көп убакыт бала жытын искей албай жүрүп, бешинчи жубайынан Жамалды көргөн экен. Апасы Ажар Каракол театрында актриса болуп иштеген. Ата-энесинин жалгыз баласы болгондуктан абдан эрке өскөн. Өзүнүн "эркеликтин азабын кийин жакшы эле тарттым, бирок жакшы жери жашоодо эркин болот экенсиң" деп айтканы бар.

Чыгармачылык үчүн окуусун чанган. Бала чагынан эле ыр-бийге шыктуу болуп өсөт. Ата-энеси мыкты билим алсын деп борборго жөнөткөн. Мектепти аяктагандан кийин атасынын тили менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырат. Баары бир жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келип театрга баш баккан. 

© Фото / Шалтаев МуратССРдин Эл артисти Жамал Сейдакматованын эки баласы, алты небереси бар
Письмо домой. Актриса театра и кино Джамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
ССРдин Эл артисти Жамал Сейдакматованын эки баласы, алты небереси бар

Кыргыз драма театрында дээрлик 32 жыл эмгектенген. Чыгармачылыгы "Алыскы тоолордо" фильмине тартылуу менен башталган. Театр сахнасында агарып-көгөрүп, ийгиликтерге жетишип, кыргыз элине таанылган. Сейдакматованын 60-70-жылдар ичиндеги театр сахнасындагы бирден бир жетишкендиги англиялык улуу драматург Шекспирдин "Азоого чалма" комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жүрөт. Театр менен сахнадаСейдакматова көбүнчө лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп келет. Бирок ошол эле Катаринанын, андан соң "Үйлөнүү" спектаклиндеги Агафья Тихоновнанын образдары анын комедиялык мүнөздөгү да мыкты актриса экенин айгинелейт.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Төлөмүш Океев(солдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Төлөмүш Океев 82 жашка чыкмак. Кыргыз киносунун түптөөчүсү тууралуу 9 факты
Кинодогу ишмердүүлүгү. Театрда иштей баштаган алгачкы эле мезгилден тартып жаш актриса кыргыз кинолоруна да активдүү тартылып, тасма талаасын да багындырган. "Акбаранын көз жашында" – Көктурсундун, "Алыскы тоолордо" – Зыягүлдүн, "Тянь-Шань кызы" тасмасында – Алтынайдын, "Караш-Карашта" – Хаджанын, "Уланда" — Фатиманын, кече жакында эле "Курманжан даткада" – Курманжан датканын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде аткарганын кино сүйүүчүлөр жакшы билет.

"Тунгуч" театрын кантип негиздеген? Жамал Сейдакматованын чыгармачылык жаңылыкка чаңкоосу, умтулуусу, 1989-жылы болочок "Тунгуч" театрынын түптөлүшүнө алып келген. Пикирлеш артисттердин тобу менен Кырдрамдын ичинде студия ачууга аракеттенип, алгач драматург Жеңишгүл Өзүбекованын "Апамдын махабаты", Казат Акматов менен Жаныш Кулмамбетовдун "Мунабия" драмаларын режиссер Алмаз Сарлыкбековго койдурат. Театрдын ичинде дагы бир театрдын түзүлүшү ал кездеги жетекчиликке жаккан эмес. Сейдакматова санаалаштары менен театрдан чыгып кетет. Ошентип 1990-жылы декабрь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзунун имаратынын залында Кыргызстандагы эң алгачкы жеке менчик театр — "Тунгуч" театрынын расмий ачылышы өтөт. 

© Фото / Шалтаев МуратТеатр менен сахнада Сейдакматова көбүнчө лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп келет
Письмо домой. Актриса театра и кино Джамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
Театр менен сахнада Сейдакматова көбүнчө лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп келет

Актрисалык билими жок актриса. Сейдакматова ушул убакка чейин актрисалык боюнча атайын билим алган эмес. Бул тууралуу өзүнүн "мени "артисттик билими жок" деп эч ким бөлгөн жок. Азыркыга чейин билим албай калдым деп өкүнбөйм, ролго жетпей калган күндөрүм болгон жок" деп айтканы бар.

Жаш кезинде созолонто ырдачу. Кезинде концерттерге да ырдап катышкан. Казактардын "Айгөлөк", кыргыздын "Комузчу" ырларын аткарган. Обончу Экия Мукамбетовдун "Сайрагүл", "Айдайлы жашоо кемесин" сыяктуу чыгармаларын ырдап чыгып, Сейдакматова убагында өз замандаштарына таланттуу ырчы катары да таанылган. Өзүнүн айтымында, ырдаган соң сахнанын артына барып муздак суу иче берип үнүн бузуп алган да, мурункудай шаңкылдап чыкпай калган.

Кыргыз эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
Жамал Сейдакматованын "Айылына каты". Тергеген байбичеге күлгөн чак, таңдайда калган кымыз
Аялдык турмушу. 22 жашында таланттуу артист Болот Шалтаевге турмушка чыккан. Экөөнүн уулу жети жашка чыкканда жолдошу оорудан улам каза болуп калган. Экинчи турмушу Садырбек Назаров менен таанышканда ал шаардык кеңештин, Жамал эже райондук кеңеште депутат болуп турган. Эл өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүп, ар кандай маселелерди талкууга калган убакта таанышып, баш кошушкан. Жамал эже жолдошун турмушта орой, бирок жүрөгү таза, чынчыл, принципке катуу турган адам деп сыппатайт. Ортолорунда Ажар аттуу кызы бар.

Турмушта үч нерсеге катуу сүйүнөт. Биринчиси — уул-кызы төрөлгөндө, экинчиси — ширин неберелери төрөлгөндө. Азыр алты небереси бар. Үчүнчүсү — "убагында бул ролду ойнобой калдым" деп өкүнгөн учуру болбоптур.

Жаңылыктар түрмөгү
0