СССРдин Эл артисти наамынын ээси Айсулуу Токомбаеванын архивдик сүрөтү

Кыргыздын ак куусу Айсулуу Токомбаева 70 жашта! Бийчи тууралуу 7 факты

973
(жаңыланган 15:28 22.09.2017)
Кыргыз балетинин чолпон жылдызы, өзгөчө өң-түсү менен өнөрү төп келген бийчи, беделдүү делген СССРдин Эл артисти наамынын ээси Айсулуу Токомбаева бүгүн 70 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги балет тармагына эмгегин арнаган Токомбаева тууралуу 7 факты сунуштайт.

Атасы кыргыз, апасы татар. Айсулуу Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Үйү Тоголок Молдо менен Жибек Жолунун кесилишиндеги чиркөөнүн маңдайында жайгашкан. Ал балкондо, таза абада жатканды жакшы көргөнүн, ошол эле учурда дайыма чиркөөнүн коңгуроосунун катуу үнүнөн ойгонгонун көп эстейт. Атасы Асанбек Токомбаев жооптуу кызматтарда иштеп, Мамлекеттик телерадио комитетинде 25 жылдай эмгектенген. Апасы Мунжия Эркинбаева татар кызы, опера ырчысы болгон.

Токомбаева балет дүйнөсүнө 11 жашында келген. Тагыраагы Ленинграддагы Агриппина Ваганова атындагы мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайында тарбияланган. Жашынан мекенден ыраак окуган кыз көп учурда ата-энесин сагынып куса болгон, ошол эле учурда апасынын кызына болгон чоң ишеними дайыма дем-күч берип, алдыга умтулууга жардам берген.

Кыргыз балетине арналган 30 жыл. 1966-1995-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Анын репертуарында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринин башкы партиялары бар. Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", Адольф Адандын "Жизель", Людвиг Минкустун "Дон-Кихот", Мизаил Раухвергердин "Чолпон", Владимир Власовдун "Асел", Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Манкурттар баяны", Улукбек Мусаевдин "Томирис", Кирилл Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарган. 

Сцена из балета Калыя Молдобасанова Материнское поле
© Sputnik / Мамадалиев
Кыргыз ССРинин Эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин "Саманчынын жолу" балетинде бийлеп жаткан учуру. Чыгарманын музыкасын композитор Калый Молдобасанов жазган

Мен Аалы Токомбаевдин кызы эмесмин. Бийчи Айсулуу Токомбаева менен белгилүү жазуучу Аалы Токомбаевдин фамилиялары окшош. Өзүнүн айрым маалымат булактарында эки инсанды көпчүлүгү бир туугандар деп ойлорун, а түгүл Түркияда да ошентип божомолдошорун айтканы бар. Айта кетчү нерсе, Токомбаеванын атасынын карындашы Аалы Токомбаевдин уулуна турмушка чыккан. Улуу жазуучу атасынын жакын санаалаштарынын бири болгон.

Учурда чет өлкөдө жашап, иштейт. 1995-жылдан бери Түркия өлкөсүндө, Анкара мамлекеттик консерваториясында хореография боюнча окутуучу болуп иштеп келет. Ошол маалда кыргыз-түрк маданиятынын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлүп калып, өкмөт берген чакан пенсиянын айынан кетүүгө туура келгенин айтканы бар. Сиңдиси Гүлмира да ал жактагы консерваторияда жаш таланттарга сабак берет.

Айсулуу Токомбаева наристе жытын искей алган эмес. Жолдошу Кубан Алиев мамлекеттик ишмер болгон, 25 жыл азыркы Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында директор болуп эмгектенген. Жубайлар тааныштарынын үйлөнүү тоюнда кезигип, 1972-жылы баш кошушкан. 34 жыл бирге жашап, тилекке каршы, балалуу боло алышкан эмес. Жолдошу узак оорудан улам кайтыш болгон.

Сыйлыктары. Айсулуу Токомбаева Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцария сыяктуу чоң мамлекеттерде өнөрүн тартуулап, СССРдин Эл артисти наамына чейин жеткен. Улуу Британияда чыгуучу Эл аралык библиографиялык энциклопедиялык сөздүктө анын аты-жөнү 1988-жылдан бери аталып келет.

973
Белгилер:
факты, балет, бийчи, Айсулуу Токомбаева
Тема боюнча
"Кайра кетем!" Александр Крестинин тууралуу 5 факты
Төлөмүш Океев 82 жашка чыкмак. Кыргыз киносунун түптөөчүсү тууралуу 9 факты
"Саякбай" тасмасы жөнүндө 7 факты. Эттенген актер, акценттен арылган Элдар
Кыз апасы менен кинотеатрда. Архив

Балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыяланды

58
Сценарий жазууга катышууну каалагандардын арызы "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:

  • болжолдуу аталышы;
  • жанр;
  • убакыт;
  • логлайн (кыскача баяндоо);
  • синопсис (кыскача мааниси).
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.

Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.

58
Белгилер:
балдар, кино, сынак, сценарий
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда

Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер

693
(жаңыланган 20:42 22.01.2021)
  • Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
  • Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
  • Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
  • Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
  • Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
  • Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
  • Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
  • Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
  • Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор
  • Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
  • Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
  • Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
  • Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
Быйыл CCCРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар киночунун биринчилерден болуп тарткан мушташ (боевик) жанрындагы тасмасындагы ирмемдерди сунуштайт.

"Бөрү зындан" фильми 1983-жылы тартылып, анын сценарийин Болот Шамшиев менен казакстандык Эркен Абишев экөө чыныгы окуянын негизинде жазган. Операторлук милдетти Манас Мусаев аткарган. Кинокартинада апийим сатып иштеген топтун кылмыштарын, СССРде жайылып бара жаткан баңгилик, деградация болуп бара жаткан коом көрсөтүлгөн. Муну менен режиссёр 1960-жылдардан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көл аймагында айдалган апийимдин элге тийгизген терс таасирин көрсөтүп, жогорку кызматтагы аткаминерлерге эскертүү кылган. Кинону тартуу иштерине Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук жана борбордук комитети көмөктөшкөн. Себеби ал учурдагы абалды Москвага чейин жеткирүү зарыл болгон. Андан сырткары, Шамшиевдин бул эмгеги 1973-жылы бүткөн "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминин уландысы болгон.

Кинокартина соңуна чыкканда көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алып, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар түшкөн. Ар түрдүү эсептөөлөр боюнча, Союз маалында аны 21 миллиондон ашык адам көргөн.

Режиссёр көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети аябай каршы чыгып, фильмди коюуга бир жыл тыюу салынган. Биринчиден, наркотрафик өлкөдө болгон эмес, экинчиден, мамлекетте уюшкан кылмыш топтору жок, үчүнчүдөн, баңгизат менен кылмыштуулуктун ордосу Москва деп көрсөтүлгөнү чындыкка туура келбейт деген далилдерди келтирген. Аны Чыңгыз Айтматов сактап калды. Ал Совет мамлекетинин башчысы Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССРдин ички иштер министринин орун басары, генерал Юрий Чурбанов менен абдан жакшы мамиледе экен. Ошо кишинин көмөгү менен кино прокатка чыккан. Бирок апийимдин ордуна аң-терилерди тартканга туура келген. Буга карабастан "Бөрү зындан" СССРде абдан популярдуу болуп, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү", — деген Шамшиев.

Эки сериялуу криминалдык драмага Кенебай Кожабеков, Айтурган Темирова, Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Жоробек Аралбаев, Николай Крюков, Александр Милютин, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Виктор Мирошниченко, Тохтахун Бахтыбаев, Анатолий Плюто, Венера Нигматулина, Бекин Сейдакматов, Сабира Күмүшалиева, Муса Дудаев, Жалил Абдыкадыров, Гүлнара Чокубаева, Искендер Рыскулов, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев тартылып, роль жаратышкан.

693
  • Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган

  • Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)

  • Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
    © Фото / Александр Федоров

    Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен

  • Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин

  • Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
    © Фото / Александр Федоров

    "Бөрү зындан" фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген

  • Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
    © Фото / Александр Федоров

    Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат

  • Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. "Бөрү зындан" жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген

  • Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сүймөнкул Чокморов "Бөрү зындан" фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн

  • Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, "мушташкан" актёрлор

  • Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган

  • Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан

  • Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев

  • Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон

Белгилер:
Сүрөт, "Бөрү зындан" тасмасы, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө
Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

Кыргыз тарап Россияга "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуштады

0
(жаңыланган 22:31 23.01.2021)
КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.

Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.

Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.

Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.

0
Белгилер:
жолугушуу, сунуш, өндүрүүчү, вакцина, коронавирус, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"ЭпиВакКоронадан" эмне күтүүгө болот? COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп
Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео