Кыргыз драма театры 91-театралдык сезонун ачат

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр жаңы сезонду Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектакли менен баштайт

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 3-октябрда 91-театралдык сезонун ачат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Открытие международного этнокарнавала Иссык-Куль собирает друзей — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт
Анын айтымында, жаңы сезон Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектакли менен башталмакчы.

"Манастын уулу Семетей" — тарыхый драма. Элдик эпостун негизинде жазылып коюлган бул пьеса бардык муундагы адамдарга, айрыкча жаштарга хрестоматиялык негизде көрүүгө зарыл чыгарма. Окуя Семетейдин төрөлүшү менен башталып, андан кийин бөтөн жерде эр жетип, кайрадан ата туурун издеп келгени, элин элдеп, жерин жердегени менен аяктайт.

Андан соң театрда бир ай бою ар түрдүү спектаклдер коюлуп турмакчы. Алардын тизмеси:

  • 4-октябрь, Б.Чотурова "Тумар ханыша";
  • 5-октябрь, Ч.Айтматов "Саманчынын жолу";
  • 6-октябрь, Б.Жакиев "Көздөн учкан Ата Журт";
  • 10-октябрь, Ч.Айтматов "Чыңгыз хандын ак булут";
  • 11-октябрь, С.Ахмад "Күйөө бала";
  • 12-октябрь, К.Иманалиев "Коркут-Ата";
  • 13-октябрь, Т.Касымбеков, К.Сактанов "Курманжан Датка";
  • 17-октябрь, Ш.Садыбакасов "Ак боз ат";
  • 18-октябрь, Н.В.Гоголь "Үйлөнүү";
  • 19-октябрь, Р.Оторбаев "Тагдыр";
  • 20-октябрь, Ш.Жапаров "Ажал менен таймаш";
  • 24-октябрь, Ч.Айтматов "Саманчынын жолу";
  • 25-октябрь, Б.Чотурова "Тумар ханыша";
  • 26-октябрь, Н.Коляда"Шанель айым" премьера;
  • 27-октябрь, Н.Коляда "Шанель айым".

Аталган спектаклдердин баары күн сайын кечки саат 18:00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0