Марат Козукеев: өзүмө ишенбегендиктин азабын көп тартам

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчиси, КРдин Эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Марат Козукеев маек учурунда
Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчиси, КРдин Эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Марат Козукеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Кыргызстанда өткөн VI эл аралык ART-ORDO фестивалында кыргыз улуттук драма театры "Тумар ханыша" спектакли менен баш байгеге ээ болгон. Бир нече ай мурда аталган театрдын "Коркут ата" спектакли да көрөрмандардын жүрөгүнөн терең түнөк тапкан. Дал ушул спектаклдерге белгилүү кино жана театр актеру Марат Козукеев режиссерлук кылат.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчиси, КРдин Эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Марат Козукеев менен Sputnik маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Марат мырза, учурда сиз койгон спектаклдер көрөрмандардын көз кырында болууда. Чыгармачылыгыңыздын ушул мезгилине кандай баа берет элеңиз?

— Бул суроого жооп берүү кыйын. Окууну бүткөн жылдан тарта актерлук менен алпурушуп келдим. Режиссерлукка кызыкканыма он жыл болуп калды. Актерлор убакыттын өтүшү менен ички ой-толгоосун спектакль аркылуу берүүнү көксөп, режиссерлукту тандайбы деп ойлоп калам.

Маданият жана искусство университетинин Социалдык маданий ишмердик кафедрасынын башчысы, белгилүү актер Назым Мендебаиров маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Назым Мендебаиров: Айтматовду окуп да, ыйлап да жаттым… ушундай бир бугум чыкты
Мен дагы топтогон тажрыйбама таянып спектакль коюуну чечтим. Бирок эмне болуп кетет деп коркот экенсиң. Негизи мен өзүмөн күмөн санаган адаммын. Үч жыл мурда театрдын ошол кездеги жетекчиси Темирлан Сманбеков жазуучу Чыңгыз Айматовдун "Саманчынын жолу" спектаклин эл алдына алып чыгышыма шыктандырды. Чочулап жаттым эле, көрүүчүлөр жакшы кабыл алды. Ошол учурда театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалдым.

Экинчи спептаклим "Коркут ата" болду. Ал дагы ийгилик алып келди деп ойлойм. Аны менен Түркияга, Казакстанга барып келдик, эми Азербайжанга чакыруу болуп жатат. Соңку эмгегим акын Бактыгүл Чотурова театрга сунуш кылган "Тумар ханыша" спектакли болду. Ал дагы минтип эл аралык конкурста баш байгени алып отурат. Бул өлкөдөгү бардык театрлардын жеңиши деп эсептейм. Жетекчи катары абдан сүйүндүм. Анткени бул биринчи кезекте көрүүчүнү чакырат. Бир кезде театр тунжурап калган. Акыркы жылдары көрүчүүлөрдүн, анын ичинде жаштардын көп келиши кубандырат. Мен дайыма айтам, көрүүчүсү жок театр — театр эмес.

Эгер сиздин суроого келе турган болсом, спектаклдер кыска убакытта ийгиликке жетишип жатканы, албетте, кубандырат. Бирок дагы бир коркунучка бөлөгөн нерсе мындан кийин эмне болот, ушул деңгээлди кармай аламбы деген суроо. Азыр спектакль боюнча көп сунуштар түшүп жатат. Эми мындан ылдый деңгээлге түшкөнгө акыбыз жок болсо керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековМарат Козукеев: жашоодо да, жумушта да чечим кабыл аларда күмөн ойлорум терс таасирин тийгизет. Кээде бүдөмүк ойлордо жүрө берип убакыттан утулуп калам
Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев - Sputnik Кыргызстан
Марат Козукеев: жашоодо да, жумушта да чечим кабыл аларда күмөн ойлорум терс таасирин тийгизет. Кээде бүдөмүк ойлордо жүрө берип убакыттан утулуп калам

— Режиссердун ишинин оорчулугу эмнеде?

— Биринчиден, режиссер уюштуруучу болушу керек. Спетаклге катышкан 30 актер болсо, ошонун бардыгын тутандырыш керек. Жашоодо ар кандай шарттар болот. Сен бирөөнү тутантмак түгүл, өзүң өчүп бараткан болосуң. Актерлордо кызыгуу болмоюнча жакшы спектакль жаралбайт. Режиссер "тигиндей бас, мындай бас" деп кыйкыра берсе эле жыйынтык чыга калбайт. Экинчиден, режиссер тандаган пьесаны изилдеп, автордун айта турчу оюн таба билиши керек. Айрым режиссерлор автордун оюн унутуп калат.

— Актерлук ишмердүүлүгүңүз эмне болуп жатат?

— Актерлук кесипти таштабасам керек. Театрда буга чейинки ролдорумду ойноп калам. Кээде спектаклдин премьерасына чукул артисттердин толкунданганын көргөндө, мен дагы ойногум келип жүрөгүм элеп-желеп боло түшөт. Убакыттын аздыгына байланыштуу киного азыраак түшүп калып жатам. Сценарийи жакшы кино болсо баш тартпайм.

— Азыр чыгармачылыктагы амплуаңыз кандай?

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актриса Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Шайыр Касымалиева: жеке да, чыгармачыл да жашоом татаал болду
— Амплуаны мен илгерки теартлардын ыкмасы катары карайм. Мурда актерлорду комедиялык, драмалык же дагы башка түргө бөлүп койчу. Анан алар өмүр бою бир образ менен жүрө беришчү. Азыр заман өзгөрдү. Көрүчүүлөрдүн театрга болгон талабы өстү. Ошондуктан учурда универсалдуулук биринчи орунда. Балдарга дайыма спектаклдерде эл менен болгула, алардын көйгөйүн кошо чагылдыргыла деп айтам. Театр өзүнчө бир дүйнө болбошу керек. Эл менен актердун тамыры бирге соккондо театр максатына жетет.

— Сиз чыгармачыл аламдардын үй-бүлөсүнөнсүз. Ошол үчүн эле актерлукту тандагансызбы?

— Балалыгым театрда эле өттү. Таасирленгенден уламбы, актер болууга абдан кызыктым. Өспүрүм куракта ал оюмдан кайтып, дене тарбия институтуна тапшырам, айыл-чарба тармагында окуйм деп жүрдүм. Мектепти аяктап кесип тандоого келгенде беш секунддун ичинде ал оюмдан кайтып, актерлукту тандадым. Театрда иштеп жүргөндө деле башка жакка кетем деп айныган учурлар болду. Азыр деле кесипти туура тандадымбы деген ойлор боло берет.

© Sputnik / Табылды КадырбековМарат Козукеев: эч кимге айта элек хоббим бар. Археология менен астрономияга кызыгып, ошол боюнча китептерди көп окуйм
Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев - Sputnik Кыргызстан
Марат Козукеев: эч кимге айта элек хоббим бар. Археология менен астрономияга кызыгып, ошол боюнча китептерди көп окуйм

— Жогоруда өзүңүз деле жашоодо күмөн санаган адаммын деп айтып калдыңыз. Ушул күмөн ойлордон жабыр тарткан учурлар болобу?

— Жашоодо да, жумушта да чечим кабыл аларда күмөн ойлорум терс таасирин тийгизет. Кээде бүдөмүк ойлордо жүрө берип убакыттан утулуп калам. Киного сунуш түшкөндө мен өзүмдөн күмөн санап отурганда башкалар аларга ишеним артпагандай көрүшөт экен. Бул менин балким жаман сапатымдыр.

— Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз, хоббиңиз барбы?

Актер жана режиссер Аскат Сулайманов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Аскат Сулайманов: чоң акчага карабай ачык эпизодго тартылуудан баш тартып келем
— Театралдык училищеде, Кыргыз-Түрк Манас университетинде сабак берем. Эч кимге айта элек хоббим бар. Археология менен астрономияга кызыгып, ошол боюнча китептерди көп окуйм. Астрономия жаатында жылдыздарды изилдейм, бир телескоп алайын деп жетпей жүрөм. Археология боюнча казуу иштерине көптөн бери кызыгып, тоо-ташка барайын деп жүрөм. Мурун баарын эмнеге жакшы көрөм десем, жүрүп отуруп чыгармачылык эргүүгө эле барып такалат экен.

— Тамашоучу, актер Эмил Эсеналиев сиздин күйөө балаңыз экендиги маалым. Жакында эле гезиттердин бирине берген интервьюсунда "аял укпаса уруш керек" деп айтыптыр. Ата катары жана эркек катары бул сөздөрдү кандай кабыл аласыз?

— Мен чынын айтсам, күйөө баламдын берген интервьюсун окуй элекмин. Жеке оюмда аял кишини урганга болбойт. Кол көтөрүү оңой эле, ал эрдик эмес. Эки адам бири-бирин жакшы көрсө, сый мамиледе, түшүнүү менен жашашы керек деп ойлойм.

— Ошол эле интервьюда келинчегим менен баш кошоордо сени окутпайм, иштетпейм деп макулдашканбыз деп айтылат…

— Булар азыр жаш. Убакыттын өтүшү менен адамдын ою өзгөрөт. Кызым менен сүйлөшкөндө "бул сенин жашооң, бир мамлекет болгондон кийин өзүңөр чечишкиле" деп айткам. Бирок кызым менин кеңештеримди дагы укса жаман адам болбойт. Турмуштук абалына байланыштуу окуу жайдан академиялык өргүүгө чыккан. Актриса болбосо да, башка багыттан окуусун улантат деп ойлойм.

— Алгач кызыңыз турмушка чыгарын укканда кандай кабыл алдыңыз эле?

Заслуженная артистка КР Асель Турдалиева - Sputnik Кыргызстан
Асел Турдалиева: бала кезимде жеке турмушумду көп тилек кылбаптырмын
— Кызымдын турмуш курам дегини күтүүсүз болду. Мен каршы чыктым. Окуусун бүтө элек, студент эле. Болочок күйөө балам тууралуу угуп, сыртынан таанычумун. Тынчсызданганым мындай болду. Мен актерлордун үй-бөлөсүндө чоңойгом. Актерлук турмуштун жакшы да, жаман да жактарын көрдүм. Кийин өзүм да актер болуп кыйынчылыктарды тарттым. Анан балдарың жакшы жашаса экен дейт экенсиң. Кызым университеттин театралдык бөлүмүнөн окуп жатканы аз келгенсип, актерго турмушка чыгып жатпайбы. Ата катары чындыгында ызаландым. Башка пландарым бар эле. Капаландым дебейм, бирок тынчсыздандым. Ачууланганың барып тойго айланып кетет экен. Буюрса азыр жакшы жашап жатышат, уулдуу болушту. Мамилебиз жакшы, жолугушуп турабыз. Балдар ынтымактуу жашап жатса башка эч нерсенин кереги жок деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0