"Ата керээзи" тасмасынын авторлору "Азия оскарынын" сыйлыгына көрсөтүлдү

© Фото / Дастан Жапар уулу"Ата керээзи" тасмасынан кадр. Архив
Ата керээзи тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи 23-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында өтөт

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасынын сценарийин жазган Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукул Азия — Тынч океан киноакадемиясынын "Мыкты киносценарий" номинациясына көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын жаратуучулары маалымдашты.

Ошондой эле алар номинант катары аталган киноакадемияга мүчө болгону айтылат.

"Бул кыргыз кинематографиясынын дагы бир алгылыктуу жетишкендиги болду. Азия — Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгын дүйнөлүк кино индустриясында "Азия оскары" деп аташат", — деп айтылат билдирүүдө.

Сыйлык тапшыруу аземи 23-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0