Бакыт Осмонканов: "Оскар" сыйлыгынын номинациясына илинүүгө максат койдум

© Sputnik / Табылды КадырбековЗнаменитый актер, участник сборной "Тамашоу" Бакыт Осмонканов
Знаменитый актер, участник сборной Тамашоу Бакыт Осмонканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда тасма тартуу тармагы кайрадан жанданып, мыкты тасмалар эл назарына сунуштала баштады. Кино индустриянын өнүгүшүнө жаш, креативдүү сценарист, актер, режиссер Бакыт Осмонканов да салымы зор. Алар жараткан тасмалар үч жыл катары менен "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын алдыңкы катарынан түшпөй, кассалуу фильм болууда.

Аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган режиссер, сценаристтин жакында "Ата" аттуу драмалык тасмасы көрүүчүлөрдүн назарына сунушталганы турат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ал адам менен баарлашып, ийгилик сырлары менен бөлүштү.

— Экрандан эмнеге көрүнбөй калды десе тасма тартып жаткан турбайсызбы? Бул жолу да өзгөчө бир фильм жаратып жатсаңыздар керек?

— Мен мурда тасмаларга актер болуп тартылсам, азыр өзүм кадр сыртында режиссердун милдетин аткаруудамын. Мурда "Бир тууганчик", "Напарниктер", "План Б", "Апамды издеп" аттуу комедия жанрындагы тасмаларга сценарий жазып, тартып, тартылсак, жакында чыга турган тасмабыз "Ата" деген социалдык драма. 

© Фото / Чолпонбек МаматовАктер болгонго караганда режиссер жана сценарист болуу менин жан дүйнөмө жакын. Анткени сценарийди өзүм каалагандай жазып, режиссерлукта да эңсеген нерсеңди кино аркылуу элге көрсөтүп бере аласың. Менин максатым мыкты тасмаларды жаратуу
Съемки фильма Ата - Sputnik Кыргызстан
Актер болгонго караганда режиссер жана сценарист болуу менин жан дүйнөмө жакын. Анткени сценарийди өзүм каалагандай жазып, режиссерлукта да эңсеген нерсеңди кино аркылуу элге көрсөтүп бере аласың. Менин максатым мыкты тасмаларды жаратуу

— Тасмаңар тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

— "Ата" социалдык драмасында аябай деле аянычтуу окуя жок, бирок адамды ойлонто тургандай, жашоого мотивация берип, адамдарга жакшы маанайдагы тасма жаратууга аракет кылдык. Анда ыйлай да, күлө да, ойлоно да турган эпизоддору бар. Фильм 12 жаштагы уулун жана беш жаштагы кызын жалгыз чоңойткон ата тууралуу. Тасма аркылуу биз эненин ыйык экенин көрсөткүбүз келди. Ата болуу — бул бала менен кичине ойноп же оюнчук алып берип коюу эмес, ата болуу — чоң жоопкерчилик экенин элге көрсөткүбүз келди. Тасмада Болот Тентимишов, Азамат Уланов, Асхат Сулайманов, Азиз Мурадиллаев сыяктуу мыкты актерлор ойношту.

Шоумен, актер, Тамашоу лигасындагы Ак кеме командасынын мүчөсү Жаныш Майрамбек уулу (Жаныш Майр) - Sputnik Кыргызстан
Шоумен Жаныш Майр: элдин эсинде "кайнене" бойдон калгым келбейт
— Эмне үчүн социалдык драма?

— Социалдык драма тартканыбыздын себеби өзүбүздү комедиядан тышкары башка жанрда сынап көрүүнү чечтик. Анын үстүнө азыр баары эле комедия тартып, мындан улам эл деле тажай баштаган өңдүү. Бирок кандай жанрда тартылган тасма болбосун эгер анын сценарийи, тартылышы, актерлору мыкты болсо эл аны сөзсүз көрөт. Кечке эле жыргай бербей кээде ойлоно турган фильм да керек.

— Фильм мыкты болуш үчүн эмнелерди эске алыш керек. Анткени бардык эле фильм элге жага бербейт.

— Биз ар бир тарткан тасмабызга мейли комедия болобу же драмабы айтор, кандайдыр бир маани, мазмун берип жакшы идея чагылдырганга аракет кылабыз. Юмор десе эле элди күлдүрүп тим болбостон анын ичинде кандайдыр жакшы нерселерге үндөгөн маани жатышы керек. Көп комедияларда тамаша үчүн эле көрсөтүлөт, бирок тасма тартып жатканда тамаша өзүнчө жашабастан тасманын мааниси менен үндөш болушу керек деп ойлойм.

Болду, болду! Акыркысы. Просто хорошая фотка. #акилбирс2017

Публикация от Bakyt Osmonkanov (@bakyt1) Апр 16 2017 в 5:51 PDT

— Сизге актер болгон кыйынбы же режиссер, сценарист болгон татаалбы?

— Ар бир кесиптин өз кыйынчылыгы болот. Бирок мен үчүн актер болуу бир аз татаалыраак. Мисалы, мен өзүмдү актер деп эсептебейм. Анткени тартылган тасмаларымда менин образымдын баары окшош. Бирок кээ бири "сонун эле аткарасың" деп алдап коюшат. Ага караганда режиссер жана сценарист болуу менин жан дүйнөмө жакын. Мисалы, сценарийди өзүм каалагандай жазам, режиссерлукта болсо, өзүң каалаган нерсенин баарын кино аркылуу элге көрсөтүп бере аласың. Менин кыялым мыкты тасмаларды жаратуу.

— Сценарийлерде же тарткан тасмаңызда сиздин жашооңуз чагылдырылган жерлер барбы?

— Ооба, сценарийге көп эле жерден өз жашоомду да байлап кетем. Мисалы, "Бир тууганчик" тасмасында агасынын образындагы баланын аты Бакыт, жашыбыз бир, экөөбүз тең карьера деп жанталашкан адамдарбыз. Мүнөзүбүз кырс, туугандарга көңүл бурганга убакыт жок. Тасмада өзүмдү өзүм аткаргам десем жаңылышпайм.

— Жеңиштей болгон иниңиз да барбы?

— Бактыга жараша жок (күлүп). Бирок туугандарымдын мүнөзүн топтоп келип ушул Жеңиштин образын ойлоп тапканбыз. Негизи тасмадагы сюжет чыныгы жашоодон алынса ал кызыктуу болот деп ойлойм. Анын үстүнө кино тартып жатканда да өзүң жашап чыккан нерселерди чагылдырган оңой жана кызыктуу.

— Жеңиш экөөңөрдүн чыныгы жашоодо мамилеңер кандай?

— Жеңиш экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Тамашоуда канча жыл чогуу жүрдүк, тасмаларга бирге тартылып, азыр атайын кино тарткан студия ачканбыз. Менден үч жаш кичүү болсо да аны инимдей эмес досумдай көрөм. Бирге футбол көрүп, футболго барабыз. Керек болгон учурда бири-бирибизден кеңеш сурап турабыз. Айтор Жеңиш адамкерчилиги бийик, ниети таза, жакшы бала. Өзү кечиккенди жакшы көрсө дагы жоопкерчиликтүү. Кандай учур болбосун жардамга чакырсаң жок дебейт. Элдин баары Жеңишти жакшы көрөт.

— Ал эми сиздин мүнөзүңүз кандай?

Жарайт City юмордук долбоорунун продюсери Асхат Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
КВН жылдызы Асхат: убагында таракан баскан үйдө жашоого туура келген
— Жашоодо мен "Бир тууганчиктеги" Бакытка окшошмун. Анткени кино аркылуу "туугандарга жакын болоюн, жашоого туура карайын" деп өзүмдү-өзүм тарбиялаганга аракет кылдым. Мен өзүмчүлмүн. Чыныгы жашоомдо эл менен көп тамашалаша бербейм. Үйдө болсо балдар менен ойнойм, ошондо да көп дегенде он мүнөт ойноп анан ноутбукту кучактап отуруп калам. Мындан улам "Ата" тасмасынын идеясы жаралып ата бул балага оюнчук алып берип, алар менен ойноп гана тим болбостон балдар менен сүйлөшүп, сезимдерин, көйгөйүн билиши керек деген ой чагылдырылган. Бул кемчилигимди "Ата" тасмасы аркылуу оңдоону туура көрдүм. Жашоодо кемчиликтерим көп, буюрса оңдойм.

— "Тамашоу" демекчи, бир кезде силер ойноп жүргөн учурда бул долбоор аябай популярдуу эле азыр эмнегедир тынчып калгандай. Бул оюнчулардан көз каранды эмеспи?

— Жок азыркы командалар деле сонун. Болгону "Тамашонун", КВНдин форматы эскирди. Элге жаңы нерсе керек, дайыма жаңыланып, изденип турбасаң болбойт. Мисалы биз деле "Эки адам" долбоорун Кыргызстанга жаңы формат катары киргизгенбиз. Азыр бизде тамашалуу долбоорлор көп эле, бирок алардын да убагы келгенде улам өзгөртүп туруш керек.

— Ошол "Тамашоудан" чыккан оюнчулардын дээрлик көбү азыр тасма тартып, тамада болуп кетти. Сиз да тамада болуп тойлорго чыгып каласызбы?

— Мен көп жыл бою, тамада, алып баруучу болуп келгем. Ал эми азыркы учурда бул нерседен алыстап жатам. Себеби жеке мага чыгармачылыкка тоскоол болуп калат экен. Негизи мен тамадалык кесипти чыгармачылыкка кошпойм. Анткени өзүм да тамада болгом, тамадалык кесипте сен изденбейсиң, канчалык тойлордо изденип, башкача кылып өткөрөйүн десең деле баары бир кыргыздын тойлорунун баары окшош. Азыр кээде корпоративдик кечелерди алып барып калам. Жок дегенде ал жакта кичине фантазияңды кошсоң болот.

— Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз? Алдыда кандай пландарыңыз бар?

Молодой актер, квнщик Азамат Уланов - Sputnik Кыргызстан
Жаш актер мачо-Азамат Америкага барып тасмага тартылып келди
— Мен бир интервьюда "беш жылдын ичинде буюрса "Оскардын" жок дегенде номинациясына илинебиз" деп айтсам, элдин баары "ой ага жетиш кайда" деген комментарийлерди жазышкан. Эмнеге болбосун? Биринчиден кыялданып, алдыга кандайдыр бир максат коюш керек. Экинчиден эл "Оскар" десе эле сөзсүз "Титаник" же "Терминатордой" тасма тартыш керек деп ойлойт. "Оскар" сыйлыгында "Эң мыкты чет өлкөлүк тасма" деген номинация бар. Бир жылдары ошол номинацияны бюджети 10 миң эле доллар болгон польшадагы режиссердун тасмасы жеңип алган. Жок дегенде ушул номинацияны алганга аракет кылыш керек. Мындан тышкары, көп сонун фестивалдар бар. Буюрса беш жыл ичинде "а" классындагы фестивалды утабыз деген кыялым бар.

— Социалдык тармактан өзүңүздү жакшы эле жарнамалайсызбы?

— Менин аябай жаман көргөн нерсем ушул. Эл көп жерге, кечелерге, тойлорго барганды көп жактыра бербейм. Бирок чыгармачыл адам болгондуктан ансыз да жашоо болбойт экен. Ошондон улам күн сайын бир же эки жолу өзүмдүн же жасап жаткан жумушумдун сүрөттөрүн жарыялап турам. Дагы бир принцибим — бул интернетке үй-бүлөмдү жарыялап, жарнамалабайм. 

© Фото / Данияр БолотбековЖеңиш экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Тамашоуда канча жыл чогуу жүрдүк, тасмаларга бирге тартылып, азыр атайын кино тарткан студия ачканбыз. Менден үч жаш кичүү болсо да аны инимдей эмес досумдай көрөм
Главные герои фильма Бакыт Осмонканов и Жениш Майрамбек уулу. - Sputnik Кыргызстан
Жеңиш экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Тамашоуда канча жыл чогуу жүрдүк, тасмаларга бирге тартылып, азыр атайын кино тарткан студия ачканбыз. Менден үч жаш кичүү болсо да аны инимдей эмес досумдай көрөм

— Жарнамалык роликтерге да тартылып жүрөсүңөр ал жактан жакшы төлөп берсе керек?

— Канча төлөп бергенин мен так айта албайм. Анткени келишимде ошондой жазылган. Бирок Кудайга шүгүр жакшы эле төлөп берет.

— Негизги кирешени көбүнчө кайдан табасыз?

— Ар кандай. Кээде тасма тартуудан, сценарий жазуудан, алып баруучулуктан.

Жаңылыктар түрмөгү
0