Ала жип, тызылдаган балдар. Тушоосу кесилбеген бала эмне болот?

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль "Чункурчак көч — 2017" в ущелье Чункурчак
Фестиваль Чункурчак көч — 2017 в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли бала жаңы төрөлгөндөн тарта эрезеге жеткенге чейин ар түрдүү каадаларды жасап келет. Алардын бири чүрпөсүнүн жолу ар дайым шыдыр болсун деген тилек менен жасалган тушоо кесүү каадасы.

Тушоо кесүү салтынын мааниси, эмне себептен баланын бутуна ала жип байланарын жана кааданын эрежелери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Айымкан Жаманкулова айтып берди.

Тушоо кесүү салтынын мааниси

Бата берип жаткан аксакалдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?
Тушоо кесүү салтынын негизги максаты — балага "андан аркы жолу шыдыр болсун" деп дагы бир жолу бата алуу. Элибиз балага байланыштуу ар бир кааданы бата алып туруу максатында жасаган. Кыргызда батанын орду абдан чоң болгон.

Тушоо кесүү — негизинен кичине балдардын майрамы. Анткени бул күнү там-туң баскан наристенин тушоосун чымылдаган, ниети таза балдар кесип, белектер да ошолорго берилген. Алар менен бирге тойго ата-энелери, айылдын аксакалдары да чакырылган.

Жүндөн эшилген ала жип

Алгач тушоосу кесилип жаткан ымыркайдын бутуна ак менен кара жүндөн эшилген жип чалып байланат. Бул жип сөзсүз эле койдун жүнүнөн жасалган эмес. Эгер бул кааданы жасоо убактысы кой кыркым мезгилине туш келбей калса, ала жипти куйрук жүн, шакмар, такым сыяктуу жүндөрдөн деле жасаса болгон. Жашоодо ак менен кара, кубаныч менен кайгы, күн менен түн бирге жүрөт, ошонун баарына бала чыдап, сабырдуу болуп жашашы үчүн жип кара менен ак жүндөн эшилип жасалган.

Тушоо кесүү эрежеси

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Өкүл ата, өкүл эне эмне себептен, качан, кантип тандалат
Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалып, ал балдарды марага даярдайт. Андан соң тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Тушоосу кесилчү баланы таза, жарашыктуу кийинтип, марадан 10-15 метр алыстыкта бир колунан чоң апасы бир колунан таенеси кармап турат. Башкаруучу "чуркагыла" деген белги бергенде кыздар-балдар чуркап, алдыда келгени атайын даярдалган бычак менен наристенин бутундагы ала жипти кесип, экинчи келген бала менен чүрпөнү "сен да биздей жүгүрүп жүр!" деп тай-тайлап жетелешет.

Кандай белек берилет?

Наристенин бутундагы жипти кесиш үчүн той ээлери колдонулбаган атайын жаңы бычак даярдап коюшкан. Ал бычакты марага биринчи келген бала алат. Ошондой эле мурда той ээлери белекке биринчи келгенге тай коюп, мал энчилешкен. Андан сырткары, эркек балдарга бекем болсун деп камчы, чылбыр берсе, кыздарга жоолук, ийне, ошондой эле чоң энелердин жасаган белектери болгон. Андан сырткары, балдарды кубантуу үчүн таттуулар таратылган.

Негизи тушоо кесүүдө айрым гана учурда боз уландар чуркабаса, илгери азыркыдай келин-кемпирден тарта карыган абышкага чейин чуркаткан эмес. Ар биринин өз орду болгон.

Тушоо кесилбесе эмне болот?

Тушоо кесүү — бул элдик ишеним, каада. Ырымды жасабай коюу баланын тагдырына таасир тийгизбейт, бирок элден бата алып коюу оң.

Тушоо кесүүдөгү бата

Улуттук кийим кийген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайындарыңызды кандай билесиз? Күйөө балдарга тест
Баланын тушоосу кесилген соң кыз болсо чоң энеси, эркек болсо чоң атасы элден бата сурайт. Батаны баланын тай жагы эмес, өзүнүн чоң аталары же айыл аксакалдары берген. Батаны да айылдагы нарктуу, кадалуу, наркты билген адам "Баланын таманы жерге тийди, жердин ээси болду, колун сунса Ала-Тоо турат, ичсең аккан суу турат, бутуң менен ашууларды, белдерди аш" деп жакшы тилек айткан.

Андан соң той уланып келген конокторго дасторкон жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0