Актер Абдибахитов: алган айлыгымды досторума айтуудан уялам

© Фото / Зарип ТороевЖалал-Абаддын Барпы атындагы кыргыз драма театрынынын актеру Адыл Абдибахитов
Жалал-Абаддын Барпы атындагы кыргыз драма театрынынын актеру Адыл Абдибахитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адыл Абдибахитов учурда 25 жылдык тарыхы бар Жалал-Абаддын Барпы атындагы кыргыз драма театрында иштейт. Ал өмүрүнүн 36 жылын театрга арнаган. Анткен менен анын бир айлык эмгек акысы болгону 5500 сомду түзөт. Бирок акчага байланбай иштегенинин да өзүнчө бир себеби бар.

Абдибахитов былтыр Бишкекте өткөн республикалык театр фестивалында "Эркектердин мыкты ролу" наамын уткан. Ошондой эле Жалал-Абаддын мэриясы тарабынан шаардын ардактуу атуулу аталган. Аны Жалал-Абаддын эл артисти деп коюшат экен.

Актер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков ары түйшүктү, ары сыймыктуу эмгеги туурасында баарлашты.

— "Артисттин бир көргөнүн ит көрбөйт, бир көргөнүн хан көрбөйт" дешет эмеспи. Сиз да театр кызматкери катары ушул сөздү ырастайт белеңиз?

— Албетте! Мен буга толугу менен кошулам. Жакында эле "Каркыранын канаты" жана "Курманбек" спектаклдери менен аймактарды кыдырып келдик. Тээ алыскы Сузак, Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна чейин бардык. Мисалы Ала-Букада бирөө кой союп сыйлады эле, Чаткалга бара жатканда унаабыз бузулуп көчөдө калдык. Былтыр тоолуу аймакта түндө бус менен келе жатсак чоң дарыядан өтчү көпүрөнү суу жеп кетиптир. Айла жок күндүн суугуна карабай унаада түнөп калууга туура келди. Анан эртең менен карасак 20 метр ары жагында эле жаңы курулган көпүрө туруптур (күлүп). Ушундай да болгон.

© Фото / Зарип ТороевАдыл Абдибахитов 1983-жылы Фрунзеде актердук чеберчилик боюнча Театралдык училищени бүтүргөн. 1995-жылы Эл аралык институтту аяктаган. Андан кийин 1996-жылы Даниянын Орхус шаарында окуп келген
Актер в Жалал-Абадском драм театре имени Барпы Адыл Абдибахитов - Sputnik Кыргызстан
Адыл Абдибахитов 1983-жылы Фрунзеде актердук чеберчилик боюнча Театралдык училищени бүтүргөн. 1995-жылы Эл аралык институтту аяктаган. Андан кийин 1996-жылы Даниянын Орхус шаарында окуп келген

— Чыгармачылылык жолуңуз кантип башталды эле?

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчиси, КРдин Эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Марат Козукеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Марат Козукеев: өзүмө ишенбегендиктин азабын көп тартам
— Мен 1983-жылы Фрунзеде актердук чеберчилик боюнча Театралдык училищени бүтүргөм. 1995-жылы Эл аралык институтту аяктадым. Андан кийин 1996-жылы Даниянын Орхус шаарында окуп келгем. Алгач Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы театрда 10 жыл иштедим. Кийин Жалал-Абадга келип келип ошол бойдон калып калгам. Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюндарынын алкагында өткөрүлгөн аймактар аралык театр фестивалынан "Курманбек" спектакли менен баш байгени утканбыз. Ушул жылдын ноябрь айында театрыбыздын 25 жылдык маарекесин белгилөө алдында турабыз.

— Театр ишмерлеринин маянасы көңүл жылытаарлык болбогону баарыбызга маалым. Үй-бүлөдө каржылык көйгөй жаралбайбы?

— Бул өтө оор суроо экен. Маянасына чыдабай кетип калган жаштарды көп көрдүм. Мен 58ге чыктым, жогорку категориядагы актермун. Ага карабай 5500 сом эле айлык алам. Чынын айтайын, кээде досторум "айлыгың канча?" деп сураса айткандан уялам.

© Фото / Зарип ТороевЫсык-Көл облустук театрында 10 жыл иштеп, андан соң Жалал-Абаддагы "Барпы" театрына келген
Актер в Жалал-Абадском драм театре имени Барпы Адыл Абдибахитов - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облустук театрында 10 жыл иштеп, андан соң Жалал-Абаддагы "Барпы" театрына келген

— Чыгармачылыкты таштап, каржы булагы көбүрөөк жактарга барып иштөөгө аракет кылган жок белеңиз?

Эстрада ырчысы Венера Назаралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Венера Назаралиева: өзүнөн жаш күйөөгө тийип алыптыр деген кептерди көп угам
— Мен 23 жашымдан бери театрда иштеп жатам. Бул кесипти өзүм тандап, окугам. Таштап коё албайм. Айрым учурларда тасмаларга, жарнамалык роликтерге тартылып турам. Андан алган гонорар деле жарытылуу эмес да. Башка нерсе менен алектенейин десем театрдан кетишим керек. Бирок мен театрды таштагым келбейт. Эки кыз, бир уулум бар, алар менин жолумду жолдоп чыгармачылык менен иштөөнү каалашкан жок. Жубайым дарыгер болуп иштейт.

— Азыркы менен союз учурундагы театрды салышытырып берсеңиз?

— Союз убагында актерлор абдан барктуу, сыйлуу адамдар эле. Жаш үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан турак жай берилчү. Караколдо иштеп жүргөндө үч бөлмөлүү турак жай алгам. Театрга материалдык жана каржылык жактан жакшы колдоо болоор эле. Ал кезде бир күнүң экинчисине окшобой аябай шаңдуу өтчү. Азыр баары башкача болуп калды. Жаштардын театрга кызыгуусу жок. Жамгыр, карга карабай кыйналып тээ алыскы Чаткалдын айылдарына гостролдоп барсак эл келбей кууратат. Аларга фонгорамма менен ырдагандар кызыктуу болуп калган.

© Фото / Зарип ТороевСпектаклден бир ирмем
Актер в Жалал-Абадском драм театре имени Барпы Адыл Абдибахитов - Sputnik Кыргызстан
Спектаклден бир ирмем

— Аймактагы театр ишмерлерине мамлекеттин мамилеси кандай болуп жатат?

— Мамлекетке болгон таарыныч жок эмес, бар! Мамлекеттик сыйлык берүүдө бир аз нааразычылык жаралат да. Айрым ырчылар 4-5 жыл жүрүп эле "Эмгек сиңирген артистин" алып жатпайбы… Алар сүйлөшүп кичине тыйын-тыпырын берип сатып алат экен. Бизге окшогондор документтерин жөнөтүү менен гана чектелип сатып алууга чамасы жетпейт. Элдин арасында кадыр-баркка жеткенибизге гана кубанып жашайбыз. Мисалы мени "Жалал-Абаддын эл артисти" деп коюшат. Ошого маашырланып эле иштеп жүрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0