Режиссер Динара Асанованы эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Н. Зубов / Медиабанкка өтүүРежиссер Динара Асанованын аривдик сүрөтү
Режиссер Динара Асанованын аривдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссер 1985-жылы Мурманск шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте режиссер Динара Асанованы эскерүү кечеси өтө турганын Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Жазуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү журналист, акын, публицист Алым Токтомушев эскерилет
Режиссердун 75 жылдыгына арналган иш-чара 24-октябрь күнү Кино үйүндө өткөрүлмөктү.

Динара Асанова 1942-жылдын 24-октябрында Фрунзе шаарында туулган. Анын көпчүлүк эмгектери азыркы Санкт-Петербург шаарындагы "Ленфильм" киностудиясында тартылган.

1985-жылы Мурманск шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Анын "Тоңкулдактын башы оорубайт, "Башка бирөөгө берүүгө болбогон ачкыч" аттуу тасмалары Москвада, Италияда, Югославияда өткөн эл аралык фестивалдардын дипломдорун алган.

Андан соң "Кырсык", "Аял кетти", "Жараксыз", "Сен бирөөнү тандашың керек" сыяктуу өз көрүүчүлөрүн тапкан эмгектери жарык көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0