Исхак Раззаковдун ишмердигине байланыштуу көргөзмө өтөт

© Фото / из семейного архива Кадыркула ШадыбековаМамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун архивдик сүрөтү(ортодо)
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун архивдик сүрөтү(ортодо) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө шаардагы мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясы жана Раззаков атындагы үй-музейи тарабынан уюштурулууда

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Исхак Раззаковдун үй музейинде 25-октябрда саат 11:00дө "1945-1960-жылдары Исхак Раззаковун Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы" деген аталыштагы көргөзмө болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маданий иш-чарага Раззаковдун туугандары, студенттер жана шаар тургундары катышат.

Көргөзмө шаардагы мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясы жана Раззаков атындагы үй-музейи тарабынан уюштурулууда.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулун эскерүү кечеси өтөт
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Баткен облусунун Лейлек районунда шахтердун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 8 жашында томолой жетим калып, Хожент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1925-1929-жылдары Ташкенттеги өзбек агартуу институтунда окуган. Ал эми 1931-1936-жылдары Москвада билимин уланткан.

1936-1941-жылдары Өзбекстанда жооптуу мамлекеттик кызматтарды иштеген. 1945-жылы ал Кыргызстандагы Кыргыз ССР элдик комиссарлыгын жетектөө үчүн жиберилген.

1950-1961-жылдары Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп эмгектенген.

Ал мекенинде 16 жыл бою жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп, өлкөнүн экономикасына жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0