Бердибек Жамгырчиев: ооруканада жатып таңга жетпей каламбы деп ойлодум

© Sputnik / Максат ЭлебесовПисатель и акын Бердибек Жамгырчиев
Писатель и акын Бердибек Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 жаштагы Бердибек Жамгырчиев Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү. Төбөсү көрүнүп келе жаткан акын Ысык-Көлдүн Ак-Терек айылында жарыкка келген.
Жаш акын Бердибек Жамгырчиев "Өмүр баркы" чыгармасын окуп берди

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова акын менен анын чыгармачылыгы тууралуу кеп кылды.

— Буга чейин сүйлөшкөндө ооруканада жүрөм деп калдыңыз. Алгач ден-соолук сурашып алсак.

— Көр турмуштун айынан ден-соолукка маани бербейт экенбиз. Акыркы учурда жүрөгүм оорлоп баратканда бейтапканага көрүнүп, 20 күндөй дарыланып чыктым. Кудайга шүгүр, саламаттыгым жакшы.

— Себеби эмне экен? Көп ыр жазгандын кесепетиби?

— Бардыгы ушинтип айтып жатат, бул сөз көкөйүмө тийди окшойт. Жүрөгүм ооруп жатат десем "азыраак сүйбөйсүңбү, сүйүүгө азыраак чалдыкпайсыңбы" дешет. Жүрөк бир эле сүйүүдөн ооруса абдан бактылуу болмокпуз. 

— Эмнеден улам ооруптур?

— Чыгармачыл адам болгондон кийин бардыгын жүрөгүмө жакын кабыл алам. Бирөө тамаша сөз айтып койсо деле үйгө барганда эмнеге айтты болду экен деп ойлоно берем. Кээ бирөөнүн териси калың болот эмеспи. Бала кезимден эле сезимталмын. Мугалимдер катуу айтып койсо дагы үйгө барып ойлончумун. Анан ошону баары топтолуп келип ооруга айланды окшойт. Азыр майда-барат нерсеге көңүл бурбаганга аракет кылып калдым.

— Ооруганыңызды кантип билдиңиз?

— Жүрөгүм сайгылашып, демиге баштадым. Акыркы бир жума жалаң өлгөн адамдарды түш көрдүм. Чындыгында коркум. Анан дарыгергерге кайрылдым. Буга чейин жүрөк оорусуна чалдыккан эмесмин.

— Майда-барат нерсеге көңүл бурбай калдым деп айтып калдыңыз. Демек бул нерсе сиздин жашооңузга сабак болсо керек?

— Дарыланып жатканда өңүмбү же түшүмбү билбейм, ооруканада өлүп бараткандай сезилдим. Таңга жетемби, жок дегенде жакындарым менен коштошуп калганга жетишип калсам экен деп аябай жаман болдум. Таң атканда кадимкидей көзүмө сонун көрүнүп, эшикти карап, кудайга рахмат айттым. Жашоону ого бетер жакшы көрүп калдым. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовКыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев: чыгармачыл адам болгондон кийин бардыгын жүрөгүмө жакын кабыл алам. Бирөө тамаша сөз айтып койсо деле үйгө барганда эмнеге айтты болду экен деп ойлоно берем
Писатель и акын Бердибек Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев: чыгармачыл адам болгондон кийин бардыгын жүрөгүмө жакын кабыл алам. Бирөө тамаша сөз айтып койсо деле үйгө барганда эмнеге айтты болду экен деп ойлоно берем

— Анан азыр ыр жазып жатасызбы?

— Мага азыр көп ойлонгонго, ачууланганга болбойт. Интернетке кирсең эле өлкөдөгү айрым окуялардан жүрөк ооруйт. Анан күйүттүү, көйгөйлүү ырлар чыгып кетет.

— Ар кандай жанрдагы ырларды жазасыз. Жүрөгүңүзгө кайсынысы жакын?

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчиси, КРдин Эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Марат Козукеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Марат Козукеев: өзүмө ишенбегендиктин азабын көп тартам
— "Акындар өз доорунун үнү болушу керек" деген бир сөз бар. Тилекке каршы, бизде акын десе эле махабат ырларын жазып, башка нерсе менен иши жок деген ой бар. Андай эмес, биз эл мененбиз. Бирок жазат десе эле саясатты катырып, чоңдун этегин кармап кетүү эмес. Азыр саясий куралга айланган жазуучуларыбыз деле жок эмес. Ал нерсе биз үчүн өлүм менен барабар. Акындардан милдети — акты актай, караны карадай чагылдыруу. Жеке өзүм чыгармачылыкта бардык жанрда жазам.

— Канча жашыңыздан бери акын болуп келе жатасыз?

— Акындыкка талапкермин десем туура болот. Азыр интернетти ачсаң үч-төрт ыр жазып алып "биз акындар" деп өзүн кошуп сүйлөп калышат экен. 2005-жылы борборго келгенде Садык Шер-Нияз агай түптөгөн "Калемгер" деген адабий клуб бар болчу. Ал жактан беш жыл сабак алдык. Залкар акындардын көбүн ошол жактан кезиктирдим. Алар катуу сындачу, кээ бир ырларды окуп туруп "ушуну жазганча базарга барып жашылча-жемиш сатпайсыңарбы" деп салган акындар болгон. Баракты тытып да ийгендер болду. Ошонун баарына чыдап, бышканбыз десек болот. Бирок көпчүлүгү буга чыдабайт экен. Ошол жерде отурган 30-40тай баланын эки-үчөө эле аягына чейин калдык. Азыр агайлар далыга таптабай жакшы тарбия беришиптир деп калам.

Жүрөктү калбыр кылмай болушту!.. Жазма акындардын жаш мууну кимдер? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-9. Жүрөктү калбыр кылмай болушту!.. Жазма акындардын жаш мууну кимдер?
Ыр жазуумду 9-класстан баштадым. Ал кезде кол телефон жок. Эң биринчи жолу жакшы көргөн кызыма ыр түрүндө кат жазгам. Анын "укканда сенин атыңды, жүрөгүм туйлайт элжиреп, окуп кой эми алтышкам, арманын жазды Бердибек" деген саптары бар болчу. Кийин башка балдар ырларын мага жаздыра баштады. Бирок ыр жазам деп айткандан уялчумун. Кийин университетке жаңы келгенде Союзбек деген практикант агайыбыз эмнегедир мени карап "ыр жазасыңбы" деди, мен дагы "ооба" деп ийдим. "Ырларыңан окучу" дегенде "макул, бирок эртең" дедим. Анан түнү менен өзүмдү кыйнап ыр жаздым. Биринчи курска келгенде курсташ кызымды жакшы көрүп калгам, бир чети ошого жакшы көрүнөйүн деп жакшы ырларды жазып эртеси окуп бергем. Ошондой кийин майрам-кечелерде ыр окуп, биротоло акындык өнөргө бет алдым. Алардын айрымдары гезит бетине жарыяланып чыгармачылыгама ого бетер дем-күч берди.

— Анан ыр жазып жүргөн кыздарыңызга жеттиңизби?

— Жетпей калган деле жакшы, сүйүү ошонусу менен барктуу дейт. Күнүмдүк жашоодогу көйгөйлөр баары бир сүйүүңдү жеп салат. Айрыкча азыр миң сүйүүң болсун, акчаң болбосо сүйүүң талкаланат. 

© Фото / Нурсултан Наматбеков Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев: жубайым экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди чектебейбиз. Мен дагы аны той-кечелерден чектеп, телефондорун карабайм
Писатель и акын Бердибек Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев: жубайым экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди чектебейбиз. Мен дагы аны той-кечелерден чектеп, телефондорун карабайм

— Ыр арнап жүргөндөрдүн арасында келинчегиңиз да бар беле? Биротоло кантип таанышканыңыздар тууралуу айта кетсеңиз.

— Ага арналган бир топ ырларым бар. Биз "Жаңы толкун" жаш акындар клубу менен майрам сайын отурчубуз. Ошондой күндөрдүн биринде болочок келинчегим дагы ал жакка барып калыптыр. Мен комуз менен ырдасам, балдар Раймаалыга биздин Бегимайыбыз жооп берип койсун деп ырдатышты. Үнү да, өзү да абдан жакты. Ошо түнү ыр окуп, ырдап, таң аткыча көңүлдүү отурдук. Анан достор бири-бирибизге жабыштырып атып сүйлөшүп, баш кошуп калдык. Жубайымдын режиссерлук боюнча билими бар. Бала менен жумушка чыга элек.

— Жубайыңыз сүйүү ырларын жазганда кызганбайбы?

— Экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди чектебейбиз. Мен дагы аны той-кечелерден чектеп, телефондорун карабайм. Жосунсуз кызганычтан акын дагы басынат. Айрым акындардын аялынын сөзүнөн чыга албайм, чыгармалары дагы кысылып жазылганын билип жүрөбүз. Ошондуктан биздикилер түшүнүктүү болушу керек.

— Акындар сүйүүгө туруксуз болот деп айтып коюшат экен. Бул сөзгө кандай карайсыз?

— Сүйүүгө акыл туруктуу. Акын бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл алгандыктан, ачык айтканда көп сүйөт. Жашоодо сүйүүгө дайыма чалдыгуу трагедия эмес. Жүрөк деле таза, жумшак болсо сүйөсүң да. Сүйөт десе ар кимдин аркасынан ээрчип, талаалап кетпейбиз.

— Эргүү кайсыл учурда болот?

— Чеги жок. Рыспай Исаковдун "өнөр бул куш, бакпасаң тоок болуп калат" дегени бар. Анын сыңарындай өнөртү таптап туруш керек. Эргүү чакыруу үчүн жакшы адамдар менен баарлашуу керек. Жакшы ырларды окуп, китептерди караш керек. Мен негизи көңүлүм жакшы болсо эле ыр жаза берем.

— Жазган ырларыңыз жакпай, тытып койгон учурлар болду беле?

— Менин китепке кирбей калган ырларым абдан көп. Көбүн менден башка эч ким окуган эмес. Жаңы жазганда өзүмө абдан сонун көрүнчү. Кийин башка акындардын ырын окугандан кийин алар эч нерсеге татыбай калды. Анан китепке кошуп коюп таландыга калбайын дедим. Азыр архивде сакталып турат, эстегенде окуп, бир жылмайып коем. 

Бердибек Жамгырчиев "Сыртта жамгыр"

— Ыр чыгарып берчи дегендер көппү?

Манасчи Замирбек Баялиев - Sputnik Кыргызстан
Замирбек Баялиев: атайын өргө көтөрүлүп, тарых кайталанып жаткандай
— Ушул сөз чындыгында көкөйгө тийген. Биздин ыр чыгара турчу деле заводубуз жок. Кээ бирөө биз ыр жазып коюп, колду чөнтөккө салып жүргөндөй ойлошот. Ыр жаздыргандардын айрымдарына акы төлөшү керектигин деле айтабыз. Анан "апей, силердин жан дүйнөңөр сатылып калды беле" деп айткандар болот. Ар кандай адамдар бар. Бизди жазма эмгектер бааланбаганына таң калып кетем. Маселен, Казакстанда мага окшогон жаш акындар китеп чыгарса мамлекет бир миллион теңге бөлүп берет экен. Андан тышкары, китеби болбой калды дегенде 5 миң нускада чыгат, анын төрт миңин мамлекет элге таратып берет. Бизде жаш акындардын китебин эмес, өздөрүн билишпейт. Кудайга шүгүр деп өнөрүбүздү улап келе жатабыз.

— Ырларыңыз обонго салынып ырдалып жүрөт. Сыймыктанасызбы?

— Жакшы ырчы ырдап чыкса, албетте, сыймыктанам. Бирок ырларыма көп купулум толо бербейт. Келечекте тарыхта кала турган ырларды жазам деп ойлойм.

— Ырчылар сизге айтпай тексттерин өзгөртүп койгон учурлар болобу?

— Аларды ээнбаш катары баалайм. Көбүнө бир тыйын албай жазып бердим. Бир күнү радиодон эле башкача ырдалып калат. Башында унчукпай жүрө берчүмүн, акыркы жылдары мен дагы өзгөрдүм. Кимиси болсо дароо эле бетине айтам.

— Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?

— Бишкекке келгенде радиого аябай кызыгып, КТРдин айланасында жүрө берчүмүн. Бир күнү кастинг болуп калды. Ошол кезде балдардын радиого кызыгуусу күч болчу. 300 жакын бала келген. Ал жактан журналист Тынчтыкбек Кожобеков дагы эмнегедир "ыр жазасыңбы?" деп сурап, чыгармаларымдан окутуп көрдү. Кастингден өтүп кетип, үч ай окуп "Түнкү белес" радиосуна алып баруучу болуп 3,5 жыл иштедим. Андан кийин Кыргыз радиосунда, эки жыл "Де-факто" гезитинде эмгектендим. Гезитте саясий материалдарды көрүп атып жан дүйнөм кыйналып, жумуштан кетип калгам. Азыр чыгармачылыгым жана андан тышкары жумуштарым бар.

Мектеп курагынан тарта ырдайм. Буга чейин акынмын деп ырчылыкка кызыккан эмесмин. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, жакынкы күндөрү ыр жаздырып, вокалдан сабак алып, жакшы чыгарма менен чыксамбы деген тилегим бар. Андан сырткары, менин чоң атам Жамгырчы манасчы болчу, атамдагы касиет болсо керек, кээде төгүм иймейим да бар. Жакында эле Элмирбек Иманалиев байкеге устат-шакирт бололу деген сунушумду киргизсем, сүйүнүү менен кабыл алган. Ал ортодо мен ооруканага жатып калдым. Буюрса эми төкмөлүктөн да сабак ала баштайм.

— Чоң атам деп калдыңыз, биротоло ата-энеңиз тууралуу да айта кетсеңиз?

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Досалы Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эсеналиев: автордук укук жаатында маданиятыбыз калыптанып бара жатат
— Биринчи кезекте чоң эне, чоң аталарым тууралуу айтсам. Алар — санжырачы адамдар болгон. Чоң атам мен үч жашымда каза болуп калды. Бирок анын сөздөрүн, элестерин абдан жакшы билем. Ата-энем жумушта кезинде чоң энемдин колунда өстүм. Энем сексенге чыгып калганда көзү жакшы көрбөй калып, чоң романдарды окуп берчү элем. Ошондо 3-4 класс болсом керек. Балабыз да, оюнду самап китептин он чакты барагын аттатып окуп кеткен учурлар болду. Анан чоң апам "жанагы жерден кайра башта" дечү. Мен 9-класста окуп жатканда каза болду. Абдан оор кабыл алдым.

Өзүмдүн ата-энем айылда дыйканчылык менен алектенет. Атам учурунда колхоздун карагай жагында, апам болсо тикмечи болуп, пенсияга чыгышкан. Пайгамбар жашынан ашып калышты, Кудайдан амандыктарын тилейм. Чыгармачылыгымды колдоп, коштоп турушат. Беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Менден кийин карындашым бар. Калганы үйлөнүп жайланышкан.

— Негизи сиздин фамилияңыз атыңызга караганда таанымалдай сезилет?

— Өзүмдүн фамилиям — Төлөгөнов. Төлөгөн деген Жамгырчы чоң атамдын атасы. Апам кыраакы, сезимтал адам. 2013-жылы биринчи китебимди чыгараар алдында "фамилияңды өзгөртөлү" деди. Ошентип бир жумада эле Жамгырчиев болуп калдым. Фамилиям өзүмө жагат, өзүм жамгырды жакшы көрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0