Режиссер, ишкер Элнура Осмоналиева: режиссерлук кесип дарыгердикинен да кыйын

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский режиссер, студентка киношколы Нью-Йоркского университета Эльнура Осмоналиева
Кыргызский режиссер, студентка киношколы Нью-Йоркского университета Эльнура Осмоналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ал Кыргызстандагы "Билимкана" мектеп фондусунун, өлкөдөгү Жаа атуу федерациясынын жетекчиси, төрт баланын бактылуу энеси, сүйүктүү жубай. Ошондой эле дүйнөдөгү мыкты делген Нью-Йорк университетинин кино мектебинде билим алып жаткан маалы.

Жөнөкөйлүк сапаты менен айырмаланып, өлкөдө билим берүү, кино жаатына салымын кошуп келе жаткан айымды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева кепке тартты.

— Нью-Йорктогу кино мектебиндеги окууңуз бүтө элек турбайбы, окуу менен Кыргызстандагы жумуштарыңызды кантип айкалыштырып жатасыз?

— Ал жакта дагы бир жылдык окуум калды. Бирок Кыргызстанга "Билимкана" фондусу ачылгандан кийин жардамым керек болуп мекениме келгем. Анын үстүнө АКШда менин убактымдын көбү университетте өтүп калгандыктан, балдар каралбай калды. Ал эми бул жакта туугандар бар. Балдарды да эс алып, туугандар менен бирге болсун деп Кыргызстанга алып келдик. Окуумдан академиялык өргүү алгам, убактысы келип калды, жакында кайра Нью-Йоркко окууга кетем.

© Фото / Алина ТынаеваЭлнура Осмоналиева "Билимкана" мектеп фондусунун, өлкөдөгү Жаа атуу федерациясынын жетекчиси, дүйнөдөгү мыкты делген Нью-Йорк университетинин кино мектебинде билим алып жаткан учуру
Кыргызский режиссер, студентка киношколы Нью-Йоркского университета Эльнура Осмоналиева - Sputnik Кыргызстан
Элнура Осмоналиева "Билимкана" мектеп фондусунун, өлкөдөгү Жаа атуу федерациясынын жетекчиси, дүйнөдөгү мыкты делген Нью-Йорк университетинин кино мектебинде билим алып жаткан учуру

— Демек, баарыңар чогуу келген турбайсыздарбы. Балдар Кыргызстанга келгенде тилден кыйналышкан жокпу? Үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача айтып кетсеңиз?

— Азыр жолдошум, балдардын баары Кыргызстанда. Үч кыз, бир уулубуз бар. Үч жаштагы уулумдан тарта балдардын баары үч тилде сүйлөйт. Жолдошум экөөбүз балдарды кичине кезинен эле көп тилдүүлүккө көндүрөлү деп чечкенбиз. Атабыз ишкер, "Билимкана" фондусунун негиздөөчүсү, искусство жана кино тармагында долбоорлору бар.

— Үч жаштагы уулум үч тилди билет деп калдыңыз, бала үчүн бул кыйын болуп калбайбы?

— Үйдө кыргызча, орусча, англисче сүйлөшөбүз. Ал эжелерине окшоп эркин сүйлөбөйт, бирок англис тилинде түстөрдү, санаганды, ырларды өзү жаттап алган. Байкасам, балам курактуу жаш балдар тилди интернет, графикалардан эле үйрөнүп алат экен. Негизи балага тилди кичине кезинде үйрөтсө, тез кабыл алат.

— Нью-Йорктогу мектепке өз күчүңүз менен өттүңүз беле?

— Нью-Йорк университетинин киномектеби дүйнөдөгү эң мыкты үчтүккө кирет. Ал жакка сынак аркылуу өткөм. Андан соң маектешүүгө барсам профессорлор "Нью-Йоркто кандай толук метраждуу тасма тартасыз" деп сурап калышты. Азыр планымда жок деп айтсам албай коет го деп оюман бир тасманы жаратып айтып берсем, жагып, ошону менен өтүп кеткем.

— Чет өлкөгө кеткендер ал жактын шартын көрүп Кыргызстанга келгиси келбей калат го. Сиздерде да андай ой болгон эмес беле?

Знаменитый актер, участник сборной Тамашоу Бакыт Осмонканов - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Осмонканов: "Оскар" сыйлыгынын номинациясына илинүүгө максат койдум
— Андай ойлор дайым болот. Анткени Нью-Йорк, Манхеттен абдан кооз, сонун шаар. Бирок Кыргызстанга келгенден кийин туугандарыңды, жердештериңди, тоолорду көргөндө эч жакка кеткиң келбей калат. Негизи өзүңдүн туулган жериңден өтөөрү жок. Чет өлкөдө деле сонун жашап, ийгиликке жетсе болот, бирок мекенимде жүрүп, кыргызча баарлашып, айылдыктар менен тамашалашып сүйлөшкөндөн мен өзүнчө ырахат алам. Балдарым да ошону билип, кыргызча сүйлөп калса деген максат менен күндө кыргыз тилин үйрөнгөнгө аракет кылып жатабыз.

— "Билимкана" фонду кандай максатта ачылган? Башка мектептерден эмнеси менен айырмаланат?

— Фонддун негизги максаты— өлкөгө керек болуп турган жаңы муунду окутуп тарбиялоо, өстүрүү. Элибиз өлкөдө өзгөрүүнү 25 жылдан бери күтүп келе жатат. Ооба, чоң-чоң саясий өзгөрүүлөр болду, бирок биз сапат жагынан да жаңыланууга муктажбыз. Мамлекетти сапат жагынан күчтүү кадрлар, билимдүү жаштар өзгөртө алат. Биздин миссия балдарды көп тилдүүлүккө үйрөтүп, маданиятка жакындатуу, "кыргызмын" деген патриоттук сезимин күчөтүү. Мисалы, бизде комуз, кыргыз тили сабактары милдеттүү түрдө өтүлөт. Аз убакыт болсо да "орусташып" бараткан балдар комуз черткенди үйрөнүп, ал тургай ага кызыгуусу арта баштады. Демек, музыка аркылуу балдарды эне тилге, салтка, маданиятка жакындатса болоруна ынандык.

© Sputnik / Табылды КадырбековОсмоналиева: Чет өлкөдө деле сонун жашап, ийгиликке жетсе болот, бирок мекенимде жүрүп, кыргызча баарлашып, айылдыктар менен тамашалашып сүйлөшкөндөн мен өзүнчө ырахат алам
Кыргызский режиссер, студентка киношколы Нью-Йоркского университета Эльнура Осмоналиева - Sputnik Кыргызстан
Осмоналиева: Чет өлкөдө деле сонун жашап, ийгиликке жетсе болот, бирок мекенимде жүрүп, кыргызча баарлашып, айылдыктар менен тамашалашып сүйлөшкөндөн мен өзүнчө ырахат алам

— Жеке менчик мектептерде окуу баасы асман чапчыйт. Силерде жеңилдиктер барбы?

КРдин эмгек сиңирген артисти, Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин солисти, Даңк медалынын ээси Майрам Дүйшекеева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Майрам Дүйшекеева: филармонияны жүктөп кеткен жетекчилерди да көрдүк
— Биздин мектеп биринчиден жеке менчик эмес. Билимкана коомдук фонду болуп түзүлгөн. Ата-эне төлөгөн акча мугалимдин айлыгына, балдардын тамак-ашына, жеткирген жол киресине гана кетет. Ошондой эле бизде өлкө боюнча 11 филиал бар. Бишкектеги мектептерде баа бир аз кымбат болсо, аймактарда арзаныраак. Ал эми шаардагы баанын жогору болушунун себеби биз ал жактан түшкөн каражатка аймактардагы мектептерди каржылайбыз. Негизинен алганда сапаттуу окуу арзан болбойт. Азыр ата-эне деле баласынан эч нерсе аябай, сапаттуу билим алышы керектигин түшүнө баштады. Болбосо мамлекеттик мектептер деле бекер эмес. Алар биз төлөгөн салык менен балдарды камсыздап жатат.

— Мугалимдердин айлык акысы кандай? Көпчүлүк жерде бул кесиптин ээлери бааланбай калат эмеспи?

— Мамлекеттик мектептерден бир аз эле айырмаланып көп төлөнөт. Бирок биз өзүбүздүн мугалимдерге жакшы шарт түзүп, акысыз компьютер, англис тил курстарын уюштуруп, семинар өткөрүп турабыз.

— "Билимкана", балдар, окуу менен алектенип жүрүп режиссерлук кесипти таштап салган жоксузбу?

— Жок, бирок чындап эле азыр ага колум тийбей жатат. Ортодо спорт менен да алектенип калдым. Башынан эле жаа атканга кызыгып жүрүп, кийин үйрөнгөм. Ортодо таштап салып, кайра үйрөнүп азыр Жаа атуу федерациясынын жетекчиси болдум. Мектептерге жаа атуу боюнча клубдарды ачып жатабыз.

— Былтыр сиздин "Сейде" аттуу тасмаңыз эл аралык фестивалдарга катышып, олжолуу кайтып жатты. Калыстар эмнеге баа беришти?

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчиси, КРдин Эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Марат Козукеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Марат Козукеев: өзүмө ишенбегендиктин азабын көп тартам
— Калыстар тобу фильмдин композициясына, кыш мезгилинде бийик тоолордо тартылганына, кыздын тагдыры, драмасы ушул үч нерсеге көңүл бурду окшойт. 12 мүнөттүк тасмада драма улам жогорулап, башкы каарман Сейде ата-энесинин сөзүнөн чыкпай, жакшы көргөн атынан айрылат. Негизи эл аралык фестивалдарга тартылган тасма, мейли ал кыска же толук метраждуу болсун, сапаты мыкты болуш керек. Мааниси, сценарийи жакшы болуп, бирок сапаты начар болсо албай коюшат. "Сейдени" тартып баштардын алдында чыгармачыл топ атайын Канн, Венеция, Берлиндеги фестивалдарга барабыз деп иш баштап, сапатына аябай көңүл бурганбыз.

— Режиссерлук кесип аял киши үчүн кыйын эмеспи? Эмне үчүн бул тармакты тандап алгансыз?

— Негизи режиссерлук кесип аял кишиге кыйын эле. 6-классымда "доктур болом" деп апама айтсам, ал "доктурлар түнкү сменге да чыгышат үй-бүлөгө кыйын болуп калат, ал кесипти тандабай эле кой" деп айткан. Көрсө, режиссерлук кесип андан да кыйын экен, бирок ошончо кызыктуу. Мага жолдошум, жолдошумдун ата-энеси, туугандарыбыз баары чогулуп жардам көрсөтүшөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер: музыка аркылуу балдарды эне тилге, салтка, маданиятка жакындатса болот
Кыргызский режиссер, студентка киношколы Нью-Йоркского университета Эльнура Осмоналиева - Sputnik Кыргызстан
Режиссер: музыка аркылуу балдарды эне тилге, салтка, маданиятка жакындатса болот

— Сизди биз "Боз салкын" тасмасынан улам да жакшы билип калганбыз, бирок ал жакта сиздин образыңыз таптакыр башкача?

Ырчы жана актер Съездбек Искеналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Съездбек Искеналиев: "Мына минтип" бир айда 5 миң доллар табат деп күткөн эмесмин
— Ал эми жөн гана роль да. Анын үстүнө актриса болгондон кийин Бурманын образын ачып берүү керек эле. Өзү негизи Бурманын тарыхы сценарийде башкача болчу. Анда жигити Бурма менен сүйлөшүп жүрүп эле шаарга кетип, анан шаардык кызды алып келип калат. Ал эми эл назарына сунушталган вариантында Бурманын драмасы толугу менен ачылбай, ал терс каарман болуп калган.

— Эмне үчүн актрисалык кесипти улантып кеткен жоксуз?

— Жакшы роль, жакшы режиссер болсо тартылса деле болот. Бирок мен камера артында болгонду жакшы көрөм. "Боз салкындын" тартылганын көргөндөн кийин режиссер болом деп чечкем.

— Жөнөкөй экениңизди байкадык…

— Биринчиден, бул ата-энемдин тарбиясы. Жолдошум деле ушундай жөнөкөй киши. Экинчиден, уялам. Себеби беш кол тең эмес, ар кандай шартта жашаган адамдар бар. Кээ бири менин кычырап турганымды, жыргап жүргөнүмдү көрүп өзүн жаман сезиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, режиссерлордун стили ушундай жөнөкөй эле — жинсы, кеда, футболка. Башкысы — кийимдин ыңгайлуу болушу.

Жаңылыктар түрмөгү
0