Бишкектик студенттин тасмасы эл аралык фестивалда финалга чыкты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОткрытие Музея кино на ВДНХ
Открытие Музея кино на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын жыйынтыгы 4-5-ноябрь күндөрү Казань шаарында аныкталат

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандык студент Ильгиз Шернияздын тасмасы "CINEMA CAMP – 2017" эл аралык фестивалында финалга чыкты. Бул тууралуу аталган сынактын социалдык тармактагы баракчасына жазылды.

"КиноДети" номинациясында мыктылардын арасында ат салышып жаткан тасманын аталышы — "Мергенчи".

Режессердун айтымында, фильм группалаштарынын жардамы менен тартылган.

"Чогуу окуган балдар менен сүйлөшүп отуруп эле кино тартуу идеясы келип калды. Алгач төрт бала үч миң сомдон акча чогултуп ишти баштаганбыз", — деди Шернияз.

Сынактын жыйынтыгы 4-5-ноябрь күндөрү Казань шаарында аныкталат.

"CINEMA CAMP" — фестивалы жыл сайын жаш таланттарды колдоо, аларга жол көрсөтүү жана башын бириктирүү максатында өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0