Кинорежиссер жана Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделип быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан Аsian World Film Festival (AWFF) кинофестивалына Голливуд жылдызы Анжелина Жоли келип катышты

Садык Шер-Нияз Анжелина Жолини Көчмөндөр оюнуна чакырды. Жолугушуунун сүрөт, видеосу

3446
(жаңыланган 08:56 01.11.2017)
Азия кинофестивалына Анжелина Жолинин продюсер катары тарткан тасмасы да катышып жатат

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кинорежиссер жана Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделип быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан Аsian World Film Festival (AWFF) кинофестивалына Голливуд жылдызы Анжелина Жоли келип катышты. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Шер-Нияз тастыктады.

Анын айтымында, фестиваль Лос-Анжелесте болгондуктан белгилүү инсандар көп эле келип жатат. Фестивалды көрүү үчүн Оскардын академиктери отурат. Кечки сеанстарга билет калбай калууда.

© Видео / фонд "Айтыш"
Садык Шер-Нияз Анжелина Жолини Көчмөндөр оюнуна чакырды. Жолугушуунун сүрөт, видеосу

"Анжелина Жолинин Камбоджадан продюсер катары тарткан тасмасы биздин фестивалга катышып жатат. Мындан улам биз жана Азиядан келген режиссерлор менен таанышканы келиптир. Жарым сааттай баарлашып турдук. Аны кийинки жылы өтчү Көчмөндөр оюндарына, Кыргызстанга чакырдым. Анжелина Жоли ойлонуп көрө турганын айтты", — деди режиссер.

AWFF кинофестивалынын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланышты чыңдоо. Иш-чарага Азиянын 50 мамлекетинен барган мыкты тасмалар катышат. Ошондой эле фестивалга катышкан фильмдерге "Оскар" сыйлыгына көрсөтүүлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аталган фестиваль 25-октябрда башталып, 2-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында кыргызстандык режиссерлор Актан Арым Кубаттын "Кентавр", Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмалары көрсөтүлөт.

3446
Белгилер:
Садык Шер-Нияз, Анжелина Жоли, кинофестиваль
Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
Тема боюнча
Лос-Анжелесте Садык Шер-Нияз негиздеген Азия кинофестивалы өтүп жатат
Азамат Жаналиев: Монголиянын президенти мык жана жиптен жасалган сүрөткө таң калды
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

57
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп, анын маанисин түшүндүрдү.

"Жигин тартып көрүү" деген адамдын чама-чаркын билүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, эпосто макал-лакаптар, осуяттар, накыл сөздөр көп кездешет.

"Манаста "жигин тартып көрүү" деген көөнө сөз байма-бай кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Жигин билбей киргендей, жинди болду дейсиңби. Куру жолго жүргөндөй, кутуруп кетти дейсиңби" деген ыр саптары бар. Мындан улам аталган түшүнүк абалын, күчүн, кудуретин, чамасын билүү дегенди түшүндүрө турганын аңдасак болот. Эпосто душмандын чама-чаркын, ал-абалын, кудуретин аңдап-билүү — "жигин тартуу" деп берилген. Муну күнүмдүк турмушта тилдин көркөмдүгүн арттырууга көмөк катары колдонсо болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда тиричиликте көптөгөн көөнө сөздөр колдонулбай калганын кошумчалады.

57
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот
Манастын уулу Семетей тасмасы тартуу учурунда

Мамлекеттик катчы "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу үн катты

52
(жаңыланган 14:39 02.08.2021)
Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев учурда тартылып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы жөнүндө Facebook баракчасы аркылуу үн катты.

Анын айтымында, тасма жаратуучуларынын фильмди тартып баштаар алдында президент Садыр Жапаровго барганы чын.

"Президент Садыр Нургожоевич Жапаров тасманы колдоп каржылап жатат" деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Мен мамлекет башчы менен бул маселе боюнча тактап, сүйлөштүм. Тасманы тартам дегендер президентке кирип "Манастын уулу Семетей" деген тарыхый мыкты кино жаратканы жатышканын айтып, "тартуу иштерине Казакстан, Россия көмөктөшөт. Баары сүйлөшүлгөн" десе, мамлекет башчы "андай мыкты фильм тарта турган болсоңор мен каршы эмесмин. Тартсаңар тарткыла. Бирок начар тартылып, кийин жакпай калса чыгартпай коебуз" деген. Алар менен кошо кирген адам "мен тасманы жаратууга каржы жагынан жардам берейин" десе президент "мейлиңиз, мүмкүнчүлүгүңүз болсо колдосоңуз колдоңуз" деп жооп берген. Болгону ушул гана сөз. Тасма тарткандар бардык жерде жарнамалап жүргөндөй, өлкө башчы катуу колдоп, каржылап жаткан жок. Президентке ким болбосун "жакшы иш жасаганы жатам" десе, "мейли, жасаңыз, жок дебейбиз" дегендей эле кеп", — деп жазган Абыкеев.

Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун да белгилеген.

"Сценарийдин башында эле калмак, кангайлар кыргыздарга бийлик жүргүзүп, Көбөштү хан шайлап кыргыздардан салык алып турушкан. Этегине чейин ушундай. Негизи сценарий чийки. Семетейдин эли-жерин табышына өтө чоң роль ойногон Каныкейдин Тайторуну чапканы жок", — деген ал.

Мындан сырткары, Абыкеев аталган фильмди тартууга мамлекет каржы бөлбөгөнүн айтып, жеке менчик тарап тартып жаткандыктан ишти токтотууга мыйзам жол бербей турганын кошумчалаган. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып келгенде "Улуттук баалуулуктарды коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алуу керектигин сунуштаган.

Эске салсак, Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Фильмдин продюсеринин айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылууда.

52
Белгилер:
Чолпонбек Абыкеев, пикир, мамлекеттик катчы, 'Манастын уулу Семетей' тасмасы
Тема боюнча
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Сүрөт

Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү

0
(жаңыланган 22:24 04.08.2021)
Чогулгандар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Балбан кыз өлкөгө Олимпиададан күмүш медаль алып берди.
Айсулуу Тыныбекованын мелдешин көрүүгө Ала-Тоо аянтында чогулган эл
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарындагы финалда колдоо үчүн миңдеген кыргызстандыктар "Ала-Тоо" аянтына чогулду. Алар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Финалдык кармашта кыргызстандык балбан 4:3 эсеби менен япониялык Юкако Каваиге утулуп калды.

Люди на площади во время прямой трансляции финального поединка Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Алар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты

Токиодогу Олимпиада Кыргызстандын тарыхында эң ийгиликтүүсү болду. Өлкөгө Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алып берди.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Айсулуу Тыныбекова, 'Ала-Тоо' аянты, эл, финал, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
О, кудай! Садыр Жапаров жубайы менен Айсулуунун беттешин көргөн видеосу
Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео