БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кинорежиссер жана Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделип быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан Аsian World Film Festival (AWFF) кинофестивалында режиссер Актан Арым Кубат "Эркектин мыкты ролу" сыйлыгына ээ болду. Бул туурасында "Айтыш" фондусунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага бул сыйлык "Кентавр" тасмасында ойногон ролу үчүн ыйгарылган.
AWFF кинофестивалынын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланышты чыңдоо. Иш-чарага Азиянын 50 мамлекетинен барган мыкты тасмалар катышты. Ошондой эле фестивалда көрсөтүлгөн фильмдерге "Оскар" сыйлыгына көрсөтүүлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Фестиваль 25-октябрда башталып, 2-ноябрга чейин уланды. Анын алкагында кыргызстандык режиссерлор Актан Арым Кубаттын "Кентавр", Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмалары көрсөтүлдү.