Ата болуу оңой эмес! Кино сүйүүчүлөргө "Ата" социалдык драмасы тартууланат

© Фото / Чолпонбек Маматов"Ата" тасмасынан кадр. Архив
Ата тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фильм 16-ноябрдан тарта Бишкектин бардык кинотеатрларынан көрсөтүлө баштайт

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кино сүйүүчүлөргө ата-бала ортосундагы мамилени чагылдырган "Ата" социалдык драмасы тартууланат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тасманын режиссеру Бакыт Осмонканов билдирди.

Анын айтымында, фильм 16-ноябрдан тарта Бишкектин бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Кыргызский режиссер, студентка киношколы Нью-Йоркского университета Эльнура Осмоналиева - Sputnik Кыргызстан
Режиссер, ишкер Элнура Осмоналиева: режиссерлук кесип дарыгердикинен да кыйын
"Ата" социалдык драмасы — драма болгону менен өтө деле аянычтуу сюжет эмес. Бирок ойлонуп, жашоого мотивация ала турган жерлери бар. Муну менен катар тасма аркылуу адамдарга жакшы маанай тартуулоону чечтик. Кино 12 жаштагы уулун жана беш жаштагы кызын жалгыз чоңойткон ата жөнүндө болмокчу. Тасма аркылуу эненин ыйык экенин көрсөтүп, ата болуу чоң жоопкерчилик экенин көрсөткүбүз келди", — деди режиссер.

Осмонканов социалдык драмада Болот Тентимишов, Азамат Уланов, Асхат Сулайманов, Азиз Мурадиллаев сыяктуу мыкты актерлор роль жаратканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0