Бүгүн өлкөнүн бал челекчилери Кара-Кулжага чогулду. Бал фестивалынан сүрөттөр

© Фото / Кудайберген НурбаевФестиваль меда в Кара-Кулже
Фестиваль меда в Кара-Кулже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бал челекчилердин ишин илгерилеткен фестиваль быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кара-Кулжанын борбордук аянтында Бал фестивалы өтүп жатат. Бул туурасында район акими Пиримберди Дыйканов билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кулжадан жылына 30-40 тонна бал чет өлкөлөргө экспорттолот.

© Фото / Кудайберген НурбаевБүгүн Кара-Кулжанын борбордук аянтында Бал фестивалы өтүп жатат
Бүгүн Кара-Кулжанын борбордук аянтында Бал фестивалы өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бүгүн Кара-Кулжанын борбордук аянтында Бал фестивалы өтүп жатат
© Фото / Кудайберген НурбаевКара-Кулжадан жылына 30-40 тонна бал чет өлкөлөргө экспорттолот.
Кара-Кулжадан жылына 30-40 тонна бал чет өлкөлөргө экспорттолот. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кара-Кулжадан жылына 30-40 тонна бал чет өлкөлөргө экспорттолот.
© Фото / Кудайберген НурбаевФестивалга өлкөнүн бир нече аймактарынан келген бал челекчилер катышууда.
Фестивалга өлкөнүн бир нече аймактарынан келген бал челекчилер катышууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Фестивалга өлкөнүн бир нече аймактарынан келген бал челекчилер катышууда.
1/3
Бүгүн Кара-Кулжанын борбордук аянтында Бал фестивалы өтүп жатат
2/3
Кара-Кулжадан жылына 30-40 тонна бал чет өлкөлөргө экспорттолот.
3/3
Фестивалга өлкөнүн бир нече аймактарынан келген бал челекчилер катышууда.

"Фестивалга өлкөнүн бир нече аймактарынан келген бал челекчилер катышууда. Алар балдын 7 түрүн алып чыгышкан. Жергиликтүү ишкерлер өндүргөн балын эки жылдан бери көбүнчө Сауд Аравия менен Кытай өлкөсүнө экспорттоп жатат. Алдыда дагы экспорттун географиясын кеңейтүү планыбыз бар", — деди Дыйканов.

БУУнун соода көмөк көрсөтүү долбоорунун Ош облусундагы координатору Азамат Касымов аталган иш-чара быйыл үчүнчү ирет өтүп жатканын белгиледи.

Международный фестиваль дружбы Seoul Friendship Fair 2017 в Корее - Sputnik Кыргызстан
Кореялыктар кыргыз даамын татышты. Seoul Friendship Fair-2017 фестивалы
"Фестивалдын негизги максаты — бал тууралуу маалыматтарды жайылтып соода-сатыкты кеңейтүү, ошол эле учурда айыл элин бал өндүрүүгө чакыруу болуп саналат. Анткени аары багуунун түйшүгү малга салыштырмалуу жеңил болуп, киреше булагы да алгылыктуу десек болот. Ал эми продукциялар эл аралык стандартка туура келүү үчүн адистерди чакырып бал челекчилерди окутуп жатабыз. Казакстан, Кытай жана Голландия өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн бал лабораториягагы изилдөөдөн жакшы баага татыды", — деди Касымов.

Фестиваль Кара-Кулжа райондук акимиаты жана "АгроЛид" коомдук бирикмеси менен биргеликте БУУнун соода көмөк көрсөтүү долбоорунун колдоосу менен өтүп жатат. Иш-чара бүгүн кечке чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0