"Кентавр" тасмасы Белоруссия президентинин сыйлыгын алды

© Фото / Эркин БолжуровКыргызский фильм "Кентавр" режиссера Актана Арым Кубата
Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сыйлык режиссерго "Листопад" эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземинде тапшырылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы "Гумандуулук жана рухийлиги" үчүн Белоруссия президентинин сыйлыгын алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган сыйлык режиссерго "Листопад" эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземинде тапшырылган.

"Актан Арым Кубат Минскиден Түркияга барат. Ал жактан "Кентавр" тасмасы негизги сынакка катышат. Ошондой эле кинотасма Таллинде өтчү "Темные ночи" эл аралык фестивалда "Панорама" программасы боюнча үч жолу көрсөтүлмөкчү", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин аталган тасма бир канча ири кинофестивалдарга катышып байгелүү орундарга татыган.

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу фильм.

Жаңылыктар түрмөгү
0