БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл-аспаптар оркестри чоң программадагы концерт берет. Бул тууралуу улуттук филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, концерт эл-аспаптар ансамблинин 80 жылдык мааракесине карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
"Мааракеде элдик күүлөр, улуттук жана чет элдик композиторлордун чыгармалары аткарылып, калк сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчылар кубулжута обон созушат", — деди Зайнидин уулу.
Маданий иш-чара 18-ноябрда кечки саат 18:30да башталат.