Бишкекте Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына карата кече өтөт

© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын архивдик сүрөтү (оңдо)
СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын архивдик сүрөтү (оңдо) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 15-ноябрь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Борбор калаада СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына карата эскерүү кечеси өткөрүлөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кыргызстандык артисттер Кытайга концерт койгону учуп бара жаткан учуру жана учак ичиндеги репетиция, 1955-жыл - Sputnik Кыргызстан
Учактагы репетиция, фронттогу концерт. Сайра Кийизбаеванын эл көрө элек сүрөттөрү
Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 15-ноябрь күнү саат 18.00дө башталат.

Сайра Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Төкөлдөш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Төкөлдөштүн төрт кызынын бири мектепти аяктагандан кийин 1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумуна тапшырат. Студент кезинде Бүткүл кыргыз элинин чыгармачылык олимпиадасына катышып үнү менен өзгөчөлөнүп, театрга жумушка алынган.

СССРдин эл артисти Кыргызстанда биринчилерден болуп дүйнөлүк операларды аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0