Тоолор, тоолор! Кыргызстандык режиссердун ролиги эл аралык сынакта мыкты болду

© Фото / Геннадий ЗакировПятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка Улуу Британия, Франция, Перу, Хорватия, Бразилия сыяктуу бир нече өлкөнүн режисерлору эмгегин жөнөткөн

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Нурлан Анарбаевдин тоолор жөнүндө тарткан ролиги "Mountains Matter" ("Маанилүү тоолор") аттуу эл аралык сынакта мыкты аталды.

Роликтин авторунун айтымында, аталган видео сынак Эл аралык тоо күнүнө карата БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен Тоо өнөктөшүнүн катчылыгы тарабынан өткөрүлгөн.

Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот
Сынакка эмгектер ышкыбоздор жана профессионалдар болуп эки категория боюнча кабыл алынган. Ага роликтер Улуу Британия, Франция, Перу, Хорватия, Бразилия сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн.

Эл аралык тоо күнү БУУнун башкы ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 11-декабрда өтөт. Быйыл БУУнун глобалдык альянсына кирген өлкөлөрдүн 15 жылдыгы белгиленет. Ага 58 мамлекет, 16 өкмөттөр аралык уюм, 235 жарандык коомдун өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жана жеке секторлор кирет.

Кыргызстандык Анарбаевдин ролиги профессионалдар категориясынан мыкты деп табылган. Эми ал ролигин Римде "Тоолор басым алдында: климат, ачарчылык, миграция" аттуу конференцияда көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0