Нурсултан Майназаров: Аравияда жоголуп кеткем, мени эч ким деле издебептир

© Sputnik / Табылды КадырбековШоумен и телеведущий Нурсултан Майназаров
Шоумен и телеведущий Нурсултан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте эле болгон окуя. Тамада үлпөт той алып барып жатканда күйөө баланы милиция келип кармап кетет. Чуру-чууга түшкөн элди, айласын таппаган ак көйнөкчөн кызды элестетип жатасыз да. Бүгүнкү каарманга мындай окуялар тааныш эмес, Нурсултан Майназаров алып барган тойлор тынч жана көңүлдүү өтөт.

Мамлекеттик иш-чараларды эне тилде, орус, түрк, англис тилдеринде алып барып, теле жаатында "Бирге окуйбуз" программасын жөнгө салып, а түгүл тойду да тизгиндеген Нурсултан Майназаров менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Нурсултан, жакында эле ырчы-чоорчу, тамадаларга карата патент маселеси күч алды. Салыкты төлөйбүз дегендер да, андан баш тарткандар да болду. Жеке өзүңүз мындай жагдайды кандай кабыл алдыңыз?

— Мага да салыкчылар келди, бирок абдан таң калышты. Мен тиешелүү документти ар дайым жаныма алып жүрбөсөм да, телефонго сүрөткө тартып алып, алдын ала бир нече айга төлөп турам. Анан салык кызматынын өкүлдөрү "азамат экенсиң" деп ыраазычылыгын билдиришти. Менин оюмча тамадалар патент төлөшүбүз керек. Жеке өзүмө келе турган болсом, биздин Mainazarov team командасы үч багытта иш алып барат. Биринчиси жеке кардарлар, буга ар кандай форматтагы тойлор кирет. Экинчиси корпоративдүү кардарлар. Беш жылдан бери JIА бизнес бирикмесине мүчөбүз. Ал жакта 400дөн ашык ишкер бар, андан сырткары бир канча бизнес уюмдарга өнөктөшпүз. Мындай бирикмелер менен иштешкенде сөзсүз түрдө документ керек. Үчүнчүсү мамлекеттик иш-чаралар. Бир четинен патент алууга мажбурбуз десем туура болот. 

После работы успел и в кино #ЛигаСправедливости🔥🔥🔥 #IMAX

Публикация от Nursultan Mainazarov (@nursultan_mainazarov) Ноя 17 2017 в 12:18 PST

— Жакында эле 26 жашка чыгыптырсыз, ушул жашка чейин эмнелерге жетиштим деп ойлойсуз?

— Кудайга шүгүр, бир жыл мурда эл катары үй-бүлө күтүп, сүйүктүүм менен баш коштум. Спорт жаатында 2008-жылы КРдин грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберинин кандидаты наамына ээ болдум. Телевиденияда иштеп, алып баруучулук боюнча эмгектенип келе жатабыз. Иш менен жүрүп мен-мен деген адамдар менен жолугуп, чет мамлекеттерге чыктык. Дагы эмне… Эл катарында эле жүрөбүз.

— Баары али алдыда деңизчи. Бирок алып барып сыймыктанган иш-чараңыз кайсы болду?

Тамада Аман Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Тамада Аман Ибраев: кыз-күйөөсү, жада калса кудасы жок той алып баргам
— 2015-жылы Москвада 6000 киши бата турган чоң залда Пайгамбардын туулган айына (ред. Мавлид) арналган иш чараны алып баргам. Ошол эле Москвадагы Кремлдин ичиндеги залда кыргыз маданият күндөрүн алып барганыма кубанам. "Таза коом" долбоорунун бир нече презентациясын алып бардым. Көп эле иш-чаралар болот, дароо эстей албайт экенсиң. Баса, коомдук биринчи каналдагы "Бирге окуйбуз" программасын алып барып, үй-бүлөдөгү китеп окуу маданиятына кошкон салымым үчүн сыймыктанам.

— Жогоруда грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберине талапкермин деп калдыңыз, чебер болоюн деген оюңуз барбы?

— Бул атамдын тилеги эле. Эмнегедир ошону аткара албай калдым. Бирок атам өзү ушул күнгө чейин машыгат. Анын спорттогу өнөктөшү Мелис Турганбаев. Ушул кишилерге абдан таң берем, эринип таштап койбой күн сайын тер төгө машыгууларын улантып келишет. Өзүмө лыжа тепкен, сууда сүзгөн, теннис, футбол ойногон жагат. Бирок фитнес залдарга барып денеге булчуң берген меники эмес экен. Спорттун күрөш түрү абдан жагат, эң башкысы көтөрүмдүү болууга тарбиялайт. Сиз айтып өткөн спорттун чеберине жетүү кыялымда бар, бирок планымда жок. Анын үстүнө мен килемге 70 килограмм салмак ченинде чыгам. Бул категорияда күч сынаша турган балбандар өтө көп. Оор салмакка кирсем, балким мүмкүнчүлүк жогору болот эле. 

© из архива Нурсултана МайназароваТамада Нурсултан Майназаров: эки жыл мурда мекендештер менен Меккеге сыйынганы барганбыз
Ведущий, шоумэн Нурсултан Майназаров во время хаджа в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Тамада Нурсултан Майназаров: эки жыл мурда мекендештер менен Меккеге сыйынганы барганбыз

— Чет мамлекетке көп чыгабыз деп калдыңыз. Балким башыңыздан өткөн кызыктуу окуялардан айтып берерсиз?

Ырчы жана актер Съездбек Искеналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Съездбек Искеналиев: "Мына минтип" бир айда 5 миң доллар табат деп күткөн эмесмин
— Эки жыл мурда мекендештер менен Меккеге сыйынганы барганбыз. Ал жактагы мейманканалардын бирине жайгашканыбызды билем. Эртеси Кааба ташына бардык. Элдин көптүгүн айтпаңыз, болгондо да эл кылкылдаган орозо айында барыптырбыз. Эл бат-баттан эле дуба кылып четке чыгып атышса, мен кечке сыйынып тура бериптирмин. Бир маалда карасам артымдагы мекендештеримдин бири да жок. Эмне кыларымды билбейм. Биз мейманканага токтогондо маңдайыбыздан чоң саатты көргөм, ошол саат аркылуу жайымды таап барсам керек деп ал жакка жөнөдүм. Барсам сааттын төрт тарабы тең окшош экен. Ошентип эки күн Каабада түнөп, түшкүсүн мейманкананы издеп жүрө бердим. Таң атканда таксини айдатып алып кыдырып жүрүп издеген жеримди таап алып, маңдайым жарыла сүйүндүм. Таксинин акчасы да көп чыгып кеткен, айдоочусу аядыбы билбейм, сунган акчамды эле алды.

— Анан эки күн бою эмне тууралуу ойлондуңуз?

— Чынын айтсам, ыйык жерде жүргөндөн кийин бирөө уруп кетет же тоноп кетет деген кооптонуу болгон жок. Жаныма акча да салып алгам, дүкөн кыдырганга да жетиштим. Мейманканага киргенимде эч ким деле издебептир, байкелер "ой тирүүсүңбү" деп эле коюшту.

Дагы бир окуя эсиме түштү. Иш сапарым менен Францияга барып калдым, ал жакта эжем жашайт. Аны менен чогуу Эйфель мунарасын көргөнү бардык. Так мунарага жеткен маалда ичим катуу ооруп баштады десеңиз. Эч нерсеге көңүлүм келбейт. Андан кийин ал жакта жайгашкан дарыянын теплоходуна түштүк. Ичимдин ооруганы дале басылбайт, жер көргөндүн ордуна теплоходдо уктап бардым. Ошондо ден соолук болбосо эч бир нерсе баалуу эместигин түшүндүм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНурсултан Майназаров: Тойдо сөз сүйлөөгө келгенде энесине ыраазы болгон үч бир тууган апасын кучактап алып ыйлашты. Баары жашыды, мен да өзүмдү араң кармадым
Шоумен и телеведущий Нурсултан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Майназаров: Тойдо сөз сүйлөөгө келгенде энесине ыраазы болгон үч бир тууган апасын кучактап алып ыйлашты. Баары жашыды, мен да өзүмдү араң кармадым

— Тамада катары да таанымалсыз. Той учурундагы кызыктуу окуялардан дагы айта кетсеңиз?

Алып баруучу, тамада Бакыт Байсариев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Байсариев: ажырашуу тоюн алып барганда кызыктай болгом
— Мен алып барган тойлор тынч, шаңдуу жана көңүлдүү өтөт десем болот. Ошентсе да менде жан дүйнөнү козгогон учурлар көп эсте калат. Күн мурун үйлөнүү той алып бардык. Той ээсинин апасы жалгыз үч баланы тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткирген экен. Сөз сүйлөөгө келгенде энесине ыраазы болгон үч бир тууган апасын кучактап алып ыйлашты. Баары жашыды, мен да өзүмдү араң кармадым. Негизи эле ушундай нерселер өзүмө жакын окшойт. Бир жолу жумуш үстү-үстүнөн көбөйүп, жоопкерчилик, сарсанаа менен жүрүп стресс болуп кеттим. Досум балдар үйүнө барып келели деп калды. Түнкү 11лерде таттуу, шире, жемиштерибизди көтөрүп алып бардык. Балдар менен баарлаштык, эстен тангыча ойнодук. "Ким мени менен жарышып аша алса, акчалай сыйлык берем" дедим. Аракет кылгандарга кичинекей сыйлыгымды тапшырдым. Ишенесизби, денемде топтолгон оор энергиянын баарын алып салышты, жүрөгүм эзилген боюнча үйгө кайттым. Меники ушундай.

Сиздин сурооңузга улай, менден "сиз жакшы көргөн той кайсы?" деп көп сурашат. Бул өзүмдүн үлпөт тоюм. Себеби ошол күнү жакшы санаалаштар, туугандар, достор чогулуп сөөк жаңыртканбыз. Жакшы бир күнгө күбө болгонбуз, алардын жүзүндөгү жылмаюу мага жыргалчылык тартуулаган. 

© из архива Нурсултана МайназароваНурсултан Майназаров: Тойдо сөз сүйлөөгө келгенде энесине ыраазы болгон үч бир тууган апасын кучактап алып ыйлашты. Баары жашыды, мен да өзүмдү араң кармадым
Шоумен и телеведущий Нурсултан Майназаров во время путешествия - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Майназаров: Тойдо сөз сүйлөөгө келгенде энесине ыраазы болгон үч бир тууган апасын кучактап алып ыйлашты. Баары жашыды, мен да өзүмдү араң кармадым

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Жаңы жылдык иш чараларга сунуштар көп, ар бирине убакыт бөлүп кызмат көрсөтүшүбүз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0