БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Москвада улуу жазуучу, дүйнөлүк калемгер, даанышман инсан Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган адабий кече өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Ага ылайык, маданий иш-чара 20-ноябрда саат 15:30да "Москвадагы улуттардын үйү" маданият ордосунун 2-залында болот.
"Жалпы мекендештер келип катышып, Чыңгыз Айтматовдун улуулугуна дагы бир жолу ынанып, баарыбыз ошол улуу адамдын жердеши, замандашы экенибизге сыймыктанып кетүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда төрөлүп, 2008-жылы 10-июнда каза болгон.