Бишкекте "Щелкунчик" балетинин 3D-спектаклин көрсөтүшөт

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүПоказ новогодней сказки "Щелкунчик"
Показ новогодней сказки Щелкунчик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык берген шоу үч мерчемдүү болуп, ага Лондондон графикалык дизайн боюнча атактуу адис Санг Ган Ким чакырылган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Щелкунчик" балетинин 3D-спектаклин көрсөтүшөт. Бул туурасында ProArt фондусу маалымдады.

"Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында жаңы жылдык балаты болуп, анда орус композитору Петр Чайковскийдин "Щелкунчик" балети коюлат. Аны хореограф, эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү Марат Сыдыков коёт", — деп жазылган маалыматта.

Жаңы жылдык балетти даярдоого 60тан ашуун артисттер тартылып, ал эми костюмдарды, сахнаны жасалгалоого жергиликтүү жана чет элдик дизайнер, архитекторлор катышкан. Жарык берген шоу үч мерчемдүү болуп, ага Лондондон графикалык дизайн боюнча атактуу адис Санг Ган Ким чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0