Быйылкы 7 күндүк Манас айтуу иш-чарасы "Манас айылы" комплексинде өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСемисуточное сказание эпоса "Манас" в этнокомплексе "Супара"
Семисуточное сказание эпоса Манас в этнокомплексе Супара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага жалпы жонунан 30га чукул манасчы катышат

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Быйылкы 7 күндүк Манас айтуу Бишкектин четиндеги "Манас айылы" тарыхый-этнографиялык комплексинде өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чараны уюштурган "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондусунун теңтөрагасы, белгилүү манасчы Таланталы Бакчиев билдирди.

Анын айтымында, Манас 1-декабрдан тарта айтыла баштап, 7-декабрга чейин уланат.

"Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 1-декабрь күнү саат 17.00дө башталат да саат 19.00дөн тарта манасчылар Манас айта баштайт. Аксакал катары Манасты алгач КРдин эмгек сиңирген артисти Сапарбек Касмамбетов баштап берет", — деди Бакчиев.

Ал иш-чарага 10го чукул алдыңкы манасчылар менен 20дай жаш манасчы катышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0