Дасторкон үстүндөгү Болот Шамшиев жана Айтурган Темирова. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт

Известные кыргызстанцы в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москваны багындырган кыргыздын каймактары. 1958-жылы тартылган таберик сүрөт
Ачык асман алдында, жайыл досторкон четинде отургандардын сүрөтү 1972-жылы Чүй облусундагы Таш-Башат айылында тартылган. Оң жактан биринчи болуп отурган белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев, ортодо "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында роль жараткан Күмөн аксакал, анын байбичеси жана жаш актриса Айтурган Темирова.

Ошол жылы Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын жаңы эле бүтүп, "Сүйүү жаңырыгы", "Ак кеме" фильмдеринин үстүндө иштей баштаган.

СССРдин эл артисти Шамшиевдин айтымында, сүрөттөгү адамдардын үйүндө бир фильмдин сценарийи жазылган.

"Кыргыздар башынан эле меймандос калк да. Биз тууган эмес экенибизге карабай Күмөн аталар менен жакшы мамиледе болчубуз. Ошол адамдардын үйүндө бир тасмамдын сценарийи иштелип чыккан. Эсимде 1972-жылдын июнь же июль айлары болчу", — деп эскерет сүрөт тууралуу Шамшиев.

31 жаштагы Болот Шамшиев ал учурда бир тасмага сценарий жазып, бир фильмде башкы роль жаратып, бир нече тасманын режиссеру болгонго жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0