Жээнбеков Масляковго КВНдин жайкы кубогун Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады
Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КВН эл аралык бирикмесинин жетекчиси Александр Масляковго "Достук" төш белгиси ыйгарылды

МОСКВА, 29-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков КВН эл аралык бирикмесинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады
Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМасляков 21-ноябрда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кыргыз-орус достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйланган
Масляков 21-ноябрда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кыргыз-орус достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн Достук ордени менен сыйланган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Масляков 21-ноябрда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кыргыз-орус достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйланган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБүгүн, шаршемби күнү, Жээнбеков Масляковго сыйлыгын тапшырды.
Бүгүн, шаршемби күнү, Жээнбеков Масляковго сыйлыгын тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бүгүн, шаршемби күнү, Жээнбеков Масляковго сыйлыгын тапшырды.
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады
2/3
Масляков 21-ноябрда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кыргыз-орус достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйланган
3/3
Бүгүн, шаршемби күнү, Жээнбеков Масляковго сыйлыгын тапшырды.

Масляков 21-ноябрда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кыргыз-орус достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйланган.

Бүгүн, шаршемби күнү, Жээнбеков Масляковго сыйлыгын тапшырды.

Масляков өз учурунда ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга бир нече ирет келгенин айтты.

"Кыргызстандык жаштар КВНге ар дайым катышып келет. Бир нече жыл мурда Кыргызстанга барып, таланттуу балдар көп экенине ынангам", — деди Масляков.

Ал ошондой эле Жээнбековдун ишине ийгилик каалап, жаштарды колдоого чакырды. Ал эми Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйгарган орденди тапшыруу ал үчүн сыймык экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков биринчи чет элдик сапарын Москвага жасады - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков биринчи чет элдик сапарын Москвага жасады
"КВН — бул элдик оюн. Учурда Кыргызстанда дагы өнүгүп жатат. Жеке сиз эл ортосундагы достукту чыңдоого чоң салым коштуңуз. Биз ар дайым сизди теледен көрүп, өзүбүздүн балдар үчүн жан үрөп турабыз. КВНдин кийинки чемпиондор кубогун Ысык-Көлдө өткөрүү сунушун бергим келип турат", — деди мамлекет башчы.

Масляков жакшы сунуш түшкөнүн айтып, бул жаатта ойлонуп көрөрүн билдирди.

Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Москвага барды. Анын алкагында Россиянын лидери Владимир Путин жана өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Андан кийинки сапарын Минскиге жасап, ЖККУнун юбилейлик саммитине катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0