Кыргызстандын Adem бий тобу Asia's Got Talant сынагында финалга чыкты

© Sputnik / Эркин Алымбеков"Адем": за третье место в конкурсе на Украине не дали даже диплома
Адем: за третье место в конкурсе на Украине не дали даже диплома - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бий тобунун жетекчиси Атай Өмүрзаков бардык кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирген

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Adem Dance бий тобу Сингапурда өтүп жаткан Asia's Got Talent сынагында финалга өттү. Бул тууралуу топтун жетекчиси Атай Өмүрзаков Facebook расмий баракчасынан маалымдаган. 

Asia's Got Talent — америкалык America's Got Talent долбоорунун аналогу. Сынактын баш байгеси 100 миң долларды түзөт.

"AXN азия телеканалы жаңы эле түз эфир берип, Adem Dance бий тобун интернет добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жеңүүчү деп жар салды. Мен өз балдарым үчүн абдан кубанычтамын, сүйүнүп жатам! Учурдан пайдаланып Asia's Got Talant таланттар сынагында бизге добуш берип, колдогон бардык кыргызстандыктарга ыраазычылыгымды билдирип кетейин. Сиздердин колдооңуздарды сезип жаттык. Биримдиктүү өлкө бир команда экенин эми түшүндүм", — деп жазган Өмүрзаков өзүнүн Facebook баракчасына.

Сынактын финалы 7-декабрда болуп, жыйынтыгы 14-декабрда билинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0