Кара жаак акын Аалы Туткучев тууралуу кызыктуу 9 факты

© Фото / предоставлено Аалы ТуткучевымАкын Аалы Туткучевдин архивдик сүрөтү
Акын Аалы Туткучевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумурай журтка аттын кашкасындай таанымал болгон ак таңдай акын Аалы Туткучев бүгүн 34 жашка толду. Ал 1983-жылы 9-декабрда Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылында төрөлгөн.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги КРдин Эмгек сиңирген артисти тууралуу 9 факты сунуштайт.

1. Балбандын баласы. Аалы Туткучевдин атасынын аты — Төлөгөн, айылдагылар Төкөмбай деп таанышат. Жамактата сүйлөгөн, сөзгө чечен, эңиш, күрөштөргө түшкөн балбан болгон. Жаш кезинде сельсоветтин УАЗик машинасын көтөрүп, райондо "машина көтөргөн Төкөмбай" деп таанымал болуп кеткен. Апасынын аты — Сабира, чоң аталары эл башкарган болуштар, ажыга жөө барып келген барктуу инсандар болгон. Аалы — жети бир туугандын бешинчиси. Атасы мектепти бүткөн жылдары каза болуп калган, апасы бала-чака, небере-чөбөрөсүнүн курчоосунда.

© предоставлено Аалы ТуткучевымАалы Туткучев апасы менен. Учурда ал бала-чака, небере-чөбөрөлөрүнүн коштоосунда
Интервью с акыном Аалы Туткучевым - Sputnik Кыргызстан
Аалы Туткучев апасы менен. Учурда ал бала-чака, небере-чөбөрөлөрүнүн коштоосунда

2. Улуу акындын ысымын алган. Аалы деген атты атасы белгилүү жазма акын Аалы Токомбаевдей улуу инсан болсун деген тилек менен ыйгарган. Тааныштарынын телефонунда алфавит боюнча эң башында тургандыктан, көп учурда адашкан чалуулар, билдирүүлөр келип калаарын айтат. Паспорттогу аты Аалы болгону менен үйдө Атай, Атайчук дешет. Өзү "эң жакын адамдарым гана ошол атым менен чакырышат" деп айтып калат.

Бильярдчы Каныбек Сагынбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ак сөөктөрдүн оюну менен таанылган Каныбек Сагынбаев тууралуу 5 факты
3. Өнөргө карай жол. 8-классынан тарта сабалатып Манас айтып, республикалык конкурстарга катышкан. Ал эми жамактап ырдаганды 10-классынан баштаган. Айтыш өнөрү боюнча райондук сынактарга барганда аны менен айтыша турган балдар жок болуп, байгени өзү илип кетчү. Мектепти бүтөр алдында атасы каза болуп калып, окуу жайга тапшырууга үлгүрбөй калган. Мындан улам филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окуп калат. Ал жакта төкмөлүк өнөр боюнча мугалим жоктугуна байланыштуу кыл кыяк бөлүмүнө киргизилген. Бир жылдан кийин Искусство институтунун фольклор бөлүмүндө Замирбек Үсөнбаевден сабак алууну эңсегени менен музыка бөлүмүнө түшүп калып, төрт жыл хордо ырдайт. Кийин 5-курсунда гана жүрөгү эңсеп келген фольклор бөлүмүнө которулуп, дастан айтуу, айтыш өнөрү боюнча Замирбек Үсөнбаевдин колунан сабак алган.

4. Кароолчу болгон кез. 8 жыл бою түнкүсүн бала бакча кайтарып, короосун шыпырып, түшкө чейин филармонияда иштеп, түштөн кийин институтта окуган. Баарына жетишип, окууну кызыл диплом менен аяктаган. Акын "азыр анте албайм. Жүгүң жеңил болсо жаталак болот экенсиң" деп айтып калат.

© предоставлено Аалы ТуткучевымАл Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыров, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев жана башка акындар менен улуу өнөрдү улап келе жатат
Интервью с акыном Аалы Туткучевым - Sputnik Кыргызстан
Ал Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыров, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев жана башка акындар менен улуу өнөрдү улап келе жатат

5. Учурдун акыны. Аалы Туткучев 2003-жылдан бери залкар акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун көрүнүктүү өкүлдөрү Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыров, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев жана башка акындар менен улуу өнөрдү улап, маданиятка салымын кошуп келе жатат. Туткучев багындырган сыйлыктар ого эле көп. Ага 2016-жылы мамлекет тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы жана "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылган.

6. Жылкыны жакшы көрөт. Карызга акча алып болсо да ат сатып алган учурлары болгон. Өзүнүн айтымында, үйүндөгү кийим илгичи ат жыттанып кетет. Өзү "аттын жытынан атыр болсо колдонмокмун" деп айтып калат.

7. Акындын өкүнгөнү жана сүйүнгөнү эмне? Кетирген бардык каталарына өкүнөт, ошол каталардан алган сабактарына кубанат.

© предоставлено Аалы ТуткучевымАалы акын эки кыз, эки уулдун атасы. Сегиз жаштагы улуу баласы жамактап ырдайт
Интервью с акыном Аалы Туткучевым - Sputnik Кыргызстан
Аалы акын эки кыз, эки уулдун атасы. Сегиз жаштагы улуу баласы жамактап ырдайт

8. Жеке жашоосу. Өмүрлүк жары Жазгүл кесиби боюнча журналист. Учурда балдарын карап үйдө. Жубайлар эки кыз, эки уулдун ата-энеси. Улуу баласы сегиз жашта, жамактап ырдайт.

9. Учурда. Үч жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0