"Айтыш" фондусу Санкт-Петербург институту менен кызматташуу келишимин түздү

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОткрытие Музея кино на ВДНХ
Открытие Музея кино на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тарап чыгармачылык долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү биргеликте ишке ашырат

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "Айтыш" коомдук фондусу Санкт-Петербургдун мамлекеттик кино жана телевидение институту менен кызматташуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлү Чолпон Идирисова билдирди.

Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз керемети: тарыхта калчу 10 тасма
Анда институттун ректору Александр Евменов менен фонддун жетекчиси Садык Шер-Нияз чыгармачылык долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү биргеликте ишке ашыруу боюнча келишимге кол койгон.

Ошондой эле иш-чарага ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) маданият жана билим берүү боюнча комиссиясынын катчысы Константин Пшенко жана Жогорку Кеңештин ПААдагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0