Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы белорус тилине которулат

© Sputnik / Светлана ФедотоваЧыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы. Архив
Чыңгыз Айтматовдун Кылым карытар бир күн романы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиялык басмакана Айтматовдун үй-бүлөсүнөн романды басып чыгарууга алдын ала уруксат алган

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" аттуу биринчи романын белорус тилинде басып чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Шаршемби күнү Бишкектеги экинчи эл аралык китеп-полиграфиялык жарманкесинин ачылышы алдында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Белоруссиянын элчиси Андрей Страчко, "Народная асвета" басмаканасынын директору Виктория Калистратова, "Звезда" басма үйүнүн жетекчи орун басары Алексей Чарота жана белоруссиялык полиграфкомбинаттын директору Игорь Маланяк менен жолугушту.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун ааламына сүңгүйбүз. Чыгармалар менен каармандарды канчалык билесиз?
Сүйлөшүү учурунда тараптар китеп басып чыгаруу жана маданият тармагы боюнча пикир алмашты. Белоруссия Кыргызстандын басмаканасын 2018-жылдын 7-8-февралында Минскиде өтө турган "Писатель и время" аттуу адабиятчылардын симпозиумуна чакырды.

"Народная асвета" басмаканасынын директору Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романын белорус тилинде басып чыгарууга даяр экенин маалымдады.

Анын айтымына караганда, Айтматовдун үй-бүлөсүнөн алдын ала уруксат алынып, учурда тиешелүү келишим иштелип жатат.

Ал эми "Звезда" басма үйүнүн директору басмакананын сайтындагы "Созвучие" баракчасына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жыл бою чыгарып туруу сунушун берди. Мындай иш-чаралар жазуучунун 90 жылдыгына карата пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0