КМШ өлкөлөрүнүн "Үмүт" кинофоруму Бишкекте 5-жолу өтөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКруговая панорама на ВВЦ
Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чара 18-20-декабрь күндөрү Бишкектеги Кино үйүндө болот

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн "Үмүт" кинофоруму бешинчи жолу Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондусунан билдиришти.

Ага ылайык, маданий иш-чара 18-20-декабрь күндөрү Бишкектеги Кино үйүндө өтүп, Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган.

"Форумдун программасы улуттук конкурс, эл аралык конкурс жана анимациялык тасмалардын улуттук сынагы деген үч бөлүктөн турат", — деп айтылат маалыматта.

"Үмүт" форумун Кинематография департаменти уюштурууда. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0