Көркөм сөз чебери Мидин Алыбаевдин архивдик сүрөтү

Мидин Алыбаев тууралуу кызыктуу 10 факты. 42 жаш, сейрек талант, "таш коргон"

7260
(жаңыланган 15:59 18.12.2017)
Учурда 100 жылдыгы белгиленип жаткан көркөм сөз чебери Мидин Алыбаевдин адамдык жана жазуучулук өзгөчөлүктөрү тууралуу 12 факты сунуштайбыз.

Лириканын, сатиранын, котормонун жана драманын чебери өз убагында эмнеге бааланбай калган деген суроо өзүнөн-өзү жаралган учурлар да жок эмес.

Туулган жери туура эмес берилип келет. Мидин Алыбаев бул жарык дүйнөдө 42 жыл гана өмүр сүргөн. Буга чейинки окуу китептеринде, адабий изилдөөлөрдө, хрестоматияларда, ар кандай маалыматтамаларда Мидин Алыбаев Жумгал районунун борбору Чаек кыштаганда туулган деп айтылып-жазылып келсе, жакында Кыргыз Республикасынын эл мугалими, маданиятка эмгеги сиңген ишмер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев анын 1917-жылы ноябрь айынын алгачкы он күндүгүнүн биринде Жумгал районундагы Миң-Теке жайлоосунун Кайың-Суу конушунда жарык дүйнөгө келгенин жазып чыкты.

Мидиндин аты Мидин эмес экен. Болочок акындын атасы Алыбай кепке чечен, оокатка тың жылкычы болсо, апасы Бегим уз, оймочу, чебер аял болгон, кымызы өзгөчө ичкендерди тамшандырчу экен. Бала төрөлгөндө чоң атасынын досу Сулайман молдо азан чакырып атын Асамидин коёт да, асыранды бала катары өз уулу Маматемир Сулаймановго берет, анда үч жашка чейин чоңоёт, аларга боор бербей койгондо кайра чоң атасы алат да, ысымын Мидин деп аташат.

Беш жашында жамактап ырдаган. Мидиндин апасы куяңдап ооруп, байкелери аял албай, ооруган белин эптеп көтөрүп оокат кылып аткан Бегим апасына бала агаларын какшыктай мындай ырдаптыр:

"Атың – Бегим,
Оорулуу болду белиң.
Же сенде жок келин!"
Ошол кезде ал беш гана жашта экен.

Мидин – парашют менен секиргенде… Акын 1938-1940-жылдагы орус-фин согушуна катышкан. Бир жолу самолёттон секирип, шамалдын багытын туура эмес эсептеп алып, жалгыз бой кемпирдин тамаркасына түшүп калат да, бутун сындырып, ал жерде бир топ күн жатып, анан аскердик бөлүгүн таап барат. Ошондо сынган бутунан кийин сылтып басып жүрчү.

Көп аял алган, бирок бир да аялы менен жаман айтышып ажырашпаган. Мидиндин биринчи аялы Гүлнара – элге таанымал казак кызы эле. Экинчи аялы – атактуу акушер болгон, андан Анара аттуу кызы бар. Үчүнчү аялы – Жыпариза, ал эжекебиз да колунан калемин түшүрбөй жазып келди. Андан Мидиндин төрт кызы, Медер аттуу уулу тукумун улап жүрөт. Айтмакчы, Мидиндин экинчи аялы акушер катары акындын үчүнчү аялы Жыпаризанын төрөтүн кабыл алган, ал ошондо жарык дүйнөгө келген Медердин киндик энеси болгон.

"Мидиндин таш коргону". Өткөн кылымдын 2-жарымындагылар азыркы Эркиндик проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги, ал кездеги Дзержинский бульварындагы, атактуу женпеддин маңдайындагы "Люкс" дүр-дүйнө дүкөнүнүн ыптасындагы жертөлөөдөгү ашкана, сыракана тууралуу жакшы билишет. Бул жерге акын-жазуучулар жана алардын кеп-сөзүн тыңшагысы келгендер көп келчү. Тегерек-чети таш менен кооздолуп, ортосунда оргума чыгып турган бул жерди "Мидиндин таш коргону" атап, көпчүлүктүн кездешчү, айрымдардын "баш жазуучу" жайына айланган…

Владимир Маяковскийге акындык отчёт жазган. Алыбаевдин "Владимир Маяковскийге акындык отчёт" деген ыры өз кезегинде да, бүгүнкү күнү да бир кыйла оргиналдуулугу менен айырмалант. Акын өнөрдүн ыйык милдети, кыргыз жазуучуларынын чектелген ой жүгүртүүлөрү, чыныгы адабият жана халтурщиктер тууралуу Маяковскийдин стилин туурап, ыр саптарын сындырып, эркин ыр формасында поэма жазган. Дал ушул поэманын таасиринде, Байдылда Сарногоев "Мидинге кат", Эсенгул Ибраев "Мидинге кат", Жолоочу Рысбаев "Бизге керек бир Мидин" деген чыгармаларын жазган.

"Мидин айткандай…", "Мидин мындай дегендей…". Ушундай сөздөр кыргыздар арасында узак жылдардан бери айтылып келет. Чын эле андай оозеки айтылып келген окуялардын бир тобу Алыбаевге таандык болсо, бир тобу ойдон чыгарылып, бир адамдын айланасына топтолуп айтыла бергендей. Мидин кандайдыр бир күлкүлүү жоруктарды көрсөтүп, эл ичинде куйкум сүйлөп, так, таамай, таасирдүү кеп айтып, же кимдин бирөөгө бир куплет ыр чыгарып кете берген да, анысы эл арасында ооздон оозго көчүп айтылып жүргөн. Бул жагынан бир дагы кыргыз акын-жазуучусу Мидиндей "советтик кыргыз фольклорунун" башкы каарманы болгон эмес. А түгүл "кайра куруу", "демократия" дегендер башталган учурда "Мидиндин эшек дептери" деген ат менен жарыялоого "кол барбай" турган чыгармалар да жарыяланып кетти. Алардын баары эле Мидинге таандыкпы, же андай эмеспи, ал эми текстолог адистердин иши.

Эмне үчүн көп чыгармалары жарыяланбай калганы тууралуу ой жүгүртүп… Мидин жана ичкилик… Таланттуу лирик жана сатирик акындын көзү өткөндөн кийин гана "Ачылбаган кат" (1964), "Жарык көрбөгөн каттар" (1964) деген көлөмдүү китептери чыккан. Аларга кирген аңгемелери, очерктери, фельетондору анын кара сөздө да дурус иштегендигин айгинелейт. Албетте, Мидин Алыбаевдин китептери өз убагында басылбай келгендиги анын ичкилик менен жакын болгондугуна байланыштуу. Дагы бир досу Райкан Шүкүрбеков менен бөтөлкөлөш болуп, жумуштан бир нече жолу чыгарылган, шаардан кетип, Жумгалда да көп жүрүп калган. Устаты жана өкүл атасы Аалы Токомбаев бир нече жолу аракет кылып да ичкиликтен оолактата албай койгон. Ошол эле кезде ичкиликти таштап, "сасык сууну" жыттабай койгон күндөрү да болгон. Бирок "ичет" деген каргы мойнуна тагылып, китептери басмалардын пландарынан сүрүлүп калган.

Өлүм табышмагы. Алыбаевдин 1959-жылдын 3-декабрындагы (айрым булактарды 9-декабрь) капыс жерден өлүмгө учурашы да азыркы күнгө чейин табышмак бойдон, жандырмагы жок келет…

7260
Белгилер:
поэзия, акын, жазуучу, Мидин Алыбаев
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (381)
Тема боюнча
Бааланбай кетти!.. Ырчы Мурадил Сагыналиев тууралуу 7 факты
Бакен Кыдыкеева 94 жашка чыкмак... Сахна ханышасы тууралуу кызыктуу 5 факты
Рэпер кыз Тамга

Кыргызстандагы алгачкы рэпер кыз Тамга: бир клип тартып кыйраттык деп жүрүппүз

15
(жаңыланган 17:49 07.03.2021)
Тамга Кыргызстанда алгачкы рэпер кыз катары таанылган. Аны башкалардан аты да, үнү да айырмалап турат. Каарманыбыз бирде назик, бирде сүрдүү болуп эки образды алып жүрөт. Жакында эле дал ушул өзгөчөлүгү үчүн "Ак салкын" тасмасында башкы ролдордун бирин аткарды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Тамганын рэп жанрына таштаган кадамы жана режиссер Эрнест Абдыжапаровдун сынынан өткөн алгачкы киносу тууралуу маек курду.

— Алгач атыңыздан баштайлы. Чоң энеңиз түш көрүп ысымыңыз ошондон улам коюлуп калганын айтып жүрөсүз. Тамга деген кадимки ариптен башка эмнени түшүндүрөт?

— Бекеринен чоң энемин түшүнө кирип, атым Тамга деп коюлуп калбаса керек. Тамга деген кыргыздардын тарыхында "белги" деген маани менен көп айтылат экен. Мен да жакшы нерсенин белгиси катары өз атыма татыктуу болууга аракеттенем.

© Фото / Давлет Казыбеков
Рэпер кыз Тамга

— Рэп жанрында кантип ырдап калдыңыз? Бирөөлөр сунуштадыбы же өзүңүз кызыктыңызбы?

— Менин алгачкы дебютум вокалдык эле ыр, бирок арасында бат ырдалган жери да бар болчу. Эл рэп сыяктуу ырдалган жерин жакшы кабыл алып жатты. Анан продюсерим менен кеңешип, "Ой, бой-бой" аттуу рэпти чыгардык. Көпчүлүккө жагып, ошондон улам рэпер катары таанып калышты окшойт. Бирок мен рэп менен эле чектелбейм, ар түрдүү ырларды аткара берем.

— Кыздардын рэп аткарышын биздин коомчулук кандай кабыл алат экен? Бир сыйра сындан өтсөңүз керек...

— Албетте, ар кандай сындар айтылды, көбүнчө "үнүң өзгөчө, ар кандай жанрга туура келе берет" деген жакшы пикирлерди угам. Эгер мага туура сын айтылса маани берип, кемчилдигимди оңдогонго аракет жасайм. "Кыздарга жарашпайт" деген сыяктуу майда-чүйдө сындарга көңүл деле бурбайм. Кызбы же балабы, каалоосу күч болсо ага эч ким тоскоолдук жарата албайт. Эгерде адам бир нерсени жасагысы келсе, башкаларга эмес, өзүнө "каалайсыңбы, жасай аласыңбы?" деп суроо берип, ошого ишенсе жасай бериши керек.

— Элдин сыны тууралуу айтып калдык, эң башкысы үй-бүлөңүз чыгармачылыгыңызга, дегеле рэп ырдаганыңызга кандай карайт?

— Мен жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын, түбүм Алайдан. Бирок атамдын көзү өткөндөн кийин Сокулукта окуп, чоңойгом. Чыгармачылыкка атам үчүн келгем десем да жаңылышпайм. Ал мага каалоо жаратып, шык берип кетти. Атам дүйнө салгандан кийин апам жакшы тарбия берип өстүрдү. Эң башкы колдоочуларым — жакындарым. Алар дем-күч берип турса гана башка ийгиликтерди жарата алам.

© Фото / Мирлан Саткымбаев
Рэпер кыз Тамга

— Кыргызстанда рэп аткарууга кызыккан кыздар көп эле бекен, өзүңүз ырдап чыккандан кийин байкаган чыгарсыз?

— Учурда Кыргызстанда рэп аябай эле өнүгүп, элдин талабы да жогорулап баратат. Башка ырларга да рэп кошуп жүрүшөт. Мурда кыздардын кызыгуусу жогору экенин байкабаптырмын. Өзүм аралашып калгандан кийин жаш кыздар рэп ырларын аябай эмоция менен аткарганын көрүп калдым. Instagram баракчама жазган кыздар да көбөйдү. Демек, бизден мотивация алып жатышса керек. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик экенин сезем.

— Ырчылар көбүнчө тойлордо ырдап киреше табат эмеспи, сиздин киреше булагыңыз кайсы жактан?

— Биз деле тойлорго барабыз, анткени азыр дээрлик жаштардын баары тойдун шаңдуу болушун каалашат. Негизи каражат табуунун жолу көп. Бир эле той менен чектелбеш керек, жаштар түрдүү иш-чараларга чакырышат. Ар кандай кинонун саундтректерине буюртма алабыз, башка да нерселер көп. Ал эми гонарарыбыз боюнча айтпай эле коеюн. Аны продюсерим менен сүйлөшкөн оң.

— Рэп бат кабыл алуу, так сүйлөө, тил үйрөнүү жаатында чоң жардам берет деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Бул жанрда бир эле ритмде бир канча ой бат-баттан айтылгандыктан, аларды бат кабыл алып, бат айтууга туура келет. Ошондой эле башка рэпти угуп жатканда да бат түшүнүүгө аракет жасайбыз. Андыктан чын эле тез кабыл алууну үйрөтөт. Дикция дагы башкы ролдо, андыктан ар бир тыбышты туура айтуу керек. Менин ырыма чет өлкөлүктөр да кызыгып, ырдап көргөндөрүн угуп калдым. Алар да кыргызчаны ырдын жардамы менен туура айтууга аракет жасашат экен. Бул биз үчүн сыймык. Демек, тилди бат үйрөнүүгө да жардамчы боло алат деп айтсак болот окшойт. Анан, албетте, эмоция менен ырдалып, шаңдуу болгондуктан маанайды көтөрөт.

— Ырчылыктан башка эмнеге кызыгасыз?

— Бийге басым жасап жатам. Анткени менин чыгармачылыгыма аябай керек экен. Комуз чертүү боюнча окугам, аны менен бирге профессионалдуу болбосо да гитарада, фортепианодо бир аз ойнойм. Өзүмдү мажбурлап эч нерсе жасабайм. Мындан сыртары, вокалдан курс ачып сабак бере баштадым.

— Эми кеп "Ак салкын" тасмасы тууралуу болсун, анда кимдин ролун жараттыңыз?

— Жакында эле биринчи жолу "Боз салкындын" экинчи бөлүгү "Ак салкын" тасмасына тартылдым. Анда көп тажрыйба топтодум окшойт. Биз бир клип тартып алып эле кыйраттык деп жүрүптүрбүз, тасма тарткан андан бир топ эле кыйын турбайбы. Көп адамдын эмгеги сарпталат экен. Эрнест Абдыжапаров менин маектеримди көргөн экен. "Бул кыз эки башка образ берип жатат, башкы каармандын мүнөзүнө окшош экен" деп анан сунуштаптыр. Кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам. Ушундан кийин мен да мекенимди көбүрөөк сүйүп калдым. Кино Ысык-Көлдө тартылып, кооздугуна көзүм тойбой ал жерге жашап калгым келди. Азыр да сагынып турам.

  • Рэпер кыз Тамга
    © Фото / Иманбек Асылбеков
  • Рэпер кыз Тамга
    © Фото / Иманбек Асылбеков
1 / 2
© Фото / Иманбек Асылбеков
Рэпер кыз Тамга

— Ал кинонун саундтрегин да сиз ырдап чыксаңыз керек?

— Ооба, Бегиш экөөбүз ырдайбыз. Кино 25-марттан баштап кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт. Өзүм да күтүп жатам.

— Жаш, татынакай кыздын жеке жашоосуна кызыкпай коюу мүмкүн эмес да. Табитиңиздеги мырза кандай, мүмкүн аны жолуктурган чыгарсыз?

— Табит деп ар нерсени айта беребиз. Негизгиси сезим керек да. Бардык берген маегимде бул тууралуу айтпайм. Ушу тапта менин жигитим — чыгармачыл жашоом, эмгектерим деп гана айта алам. Бүт сезимимди, күчүмдү, энергиямды чыгармачылыкка жумшоодомун.

15
Белгилер:
Тамга, чыгармачылык, кино, маек, ырчы, рэпер
Тема боюнча
Ырлары миллион көрүүчү топтогон Алтынай: мамлекеттик кызматта экениме сүйүндүм
Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам...
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков

Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

47
(жаңыланган 14:36 05.03.2021)
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков учурда поэзия тармагы өнүгүүгө багыт алып жатканын белгиледи.
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.

"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.

Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.

47
Белгилер:
маданият, ротация, адабият, Акбар Кубанычбеков
Тема боюнча
Эгембердиева: аялзатынын адабиятка келишин жигиттер өздөрү шарттаган