Рейна Чокоева: министр Казакбаев өзү Ленинграддагы бизге сары май, жаңгак салчу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреты, балерина Рейна Чокоева
Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреты, балерина Рейна Чокоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогуз жашында атасынан ажырап, Ленинградда билим алып, андан соң чейрек кылым бою Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында бийлеген Рейна Чокоева дүйнөнү багындырган.

Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреты, балерина менен журналист Мирбек Сакенов маектешти.

— Кыргыздын таланттуу кызы балет тууралуу кайдан билди болду экен?

— Анда Бишкек шаары кичинекей, борбор калаада бир эле театр бар болчу. Согуш маалында Ленинграддан бир үй-бүлө бул жакка көчүрүлүп, мурда күйөөсү спорт менен алектенсе, аялы Ленинграддагы хореографиялык училищеде сабак берчү экен. Анан биздин шаарда өзүнүн кесиби боюнча мугалимдик менен алектенип кичинекей студия ачыптыр. Мен ал жакка эжемди ээрчип барчумун. Себеби ал кезде андан башка деле кылчу эч нерсе жок болгон. Үйгө келгенде кошуналарды чогултуп алып апамдын көйнөктөрүн кийип, артисттерди туурап концерт коебуз. Ошентип жүрүп бий дүйнөсүн аралаша баштадым…

© Фото / из личного архива Рейны ЧокоевойРейна Чокоев Кыргызстанга келген индиялык маданият кызматкерлери менен
Рейна Чокоев Кыргызстанга келген индиялык маданият кызматкерлери менен - Sputnik Кыргызстан
1/3
Рейна Чокоев Кыргызстанга келген индиялык маданият кызматкерлери менен
© Фото / из личного архива Рейны ЧокоевойБалетмейстер Уран Сарбагышев менен балерина Рейна Чокоева
Балетмейстер Уран Сарбагышев менен балерина Рейна Чокоева - Sputnik Кыргызстан
2/3
Балетмейстер Уран Сарбагышев менен балерина Рейна Чокоева
© Фото / из личного архива Рейны ЧокоевойЖаш талант жана композитор Калый Молдобасанов
Жаш талант жана композитор Калый Молдобасанов - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жаш талант жана композитор Калый Молдобасанов
1/3
Рейна Чокоев Кыргызстанга келген индиялык маданият кызматкерлери менен
2/3
Балетмейстер Уран Сарбагышев менен балерина Рейна Чокоева
3/3
Жаш талант жана композитор Калый Молдобасанов

— Ленинградга кантип барып окуп калдыңыз?

— Согуш аяктагандан кийин мугалимибиз мекенине кетти. 1947-жыл болуш керек, мектепте 2-класста окучумун, ошол жылы атам каза болду. Ал сүт жана эт өнөр жайы министр болуп иштечү. Апам алты бала менен жалгыз калып, атамды жерге бергенден кийин мамлекет тамак-аш ала турган карточкабызды алып коюп, ачка калганбыз. Кыйын учурда хореографиядан сабак берген мугалимибиз Кыргызстанга кайра келип, эжем экөөбүздү Россияда окутуу үчүн сурап кеткен. Ошондо 16 баланы Ленинград шаарына билим алууга жибермек экен. Бир айдан кийин окууга кеттик.

— Кичинекей эле кыз экенсиз да. Кыргызстанды аябай сагынсаңар керек?

Чингиз Айтматов с сыновьями - Sputnik Кыргызстан
Эл каймактарынын балдары азыр эмне менен алек? Раззаков, Ахунбаев, Исанов
— Ооба, бирок жайкы каникулда келип турчубуз. Бизди толугу менен мамлекет каржылап, кийинтип, курсагыбызды тойгузчу. Окуунун биринчи жылында маданият министри Абдыкаир Казакбаев Кыргызстандан бизге сары май, жаңгак, алма жибериптир. Балдар почтага барып аны чанага салып келип, Кыргызстандан барган 16ыбызга бөлүштүргөн. Ал кезде министрлер ошондой камкор болушкан. Училищеде мектептин окуу программасын жана балетке тиешелүү сабактарды өтчүбүз. Андан сырткары, спектаклдерге катышабыз. Окуудан сурап репетицияга чакырып кетсе жыргаган тейден жөнөйсүң. Окуучулук кезде ооруганды жакшы көрчүмүн. Сабактан бошотулганда жашынып алып артисттердин даярданганына көз салып, бийлегенин, сахнада өзүн алып жүргөнүн карап отурасың. Кызык эле болчу, жапжаш болуп алып завод-фабрика, илимий мекемелерге чейин концерт койгону көп барчубуз.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧокоева опера жана балет театрында 25 жыл бийлеген
Народная артистка Кыргызской ССР, балерина Рейна Чокоева  - Sputnik Кыргызстан
Чокоева опера жана балет театрында 25 жыл бийлеген

— Окууну бүткөндөн кийин эле Кыргызстанга келдиңизби?

— Ленинградда тогуз жыл окуп, 1956-жылы Кыргызстанга келгенде эле опера жана балет театрына кабыл алындым. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 25 жыл иштеп, 1981-жылы Уран Сарбагышев менен "Жизелди" бийлеп балеттен толугу менен кеттим. Бишкекте хореографиялык мектеп ачылып, аны көп жыл жетектедим. Кийин Москвада театралдык искусство институтунда билимимди жогорулатып, Кыргызстанга келип 17 жыл жаштарды тарбияладым.

— Театрда дагы иштеп, мугалим да болуп эмгектенгенден соң шакирттериңиз көп болсо керек?

— Андан бери канча убакыт өтүп кетти. Көпчүлүгүн тааныбай калыптырмын. Бир окуучум Анара Нургалиева Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, азыр "Ак марал" бий ансамблин жетектеп жатат. Дагы бир студентим Санкт-Петербургдагы Ваганов атындагы орус балет академиясында окутуучу болуп иштөөдө. Асел Айдарова деген шакиртим Опера жана балет театрында солист. Хореографиялык мектепти жетектеп жүргөндө бир топ таланттуу жаштарды өстүрүптүрбүз. Кээде кезигип алардан жакшы сөздөрдү угуп кубанып калам.

© Фото / из личного архива Рейны ЧокоевойБалерина Ленинграддагы хореографиялык училищеде тогуз жашынан баштап билим алган
Народная артистка Кыргызской ССР, балерина Рейна Чокоева  - Sputnik Кыргызстан
Балерина Ленинграддагы хореографиялык училищеде тогуз жашынан баштап билим алган

— Сиз бул тармакта союз кезинде, эгемендүүлүк жылдарда дагы эмгектенип калыпсыз. Азыр чыгармачыл инсандарга кандай көңүл бурулуп жатат, өлкөдөгү балеттин абалына кандай баа бересиз?

— Албетте, азыркы театр менен биз иштеген мезгилди салыштырууга болбойт. Анда кыргыз театрынын жылдызы жанып, Күлүйпа Кондучалова министр болуп турган учур. Ал киши артисттерди гана эмес, жөнөкөй жумушчуларды дагы таанычу. Андан сырткары, башка өлкөлөр менен маданий алакабыз жакшы болгондуктан алар бизге келип, биз аларга барып тажрыйба алмашып турчубуз. Ансыз театр, актерлер дагы өспөйт. Азыр болсо тиешелүү көңүл бурулбай мыкты солисттер Казакстандан Канадага чейин кетип, чет мамлекеттерде иштеп жүрүшпөйбү.

Жаңылыктар түрмөгү
0