Кыргызстанда балдарды уурдаган НЛО. "Жетикс" тасмасынын жаратуучулары менен маек

© Фото / Медиастар ПродакшнСъемки детского фантастического фильма "Жетикс" в КР
Съемки детского фантастического фильма Жетикс в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элестетсеңиз, алыскы райондордун биринде эки жумада 32 окуучу жоголду. Андыктан өлкөгө комменданттык саат киргизилип, көзөмөл күчөтүлдү. Жоголгон балдарды табуу максатында өлкөнүн коргоо күчтөрү "Жетикс" аттуу өзгөчө балдардан турган атайын топ түзүүгө аргасыз болду.

Албетте, мунун баары Борбор Азияда биринчи жолу тартылып жаткан балдарга арналган фантастикалык кинонун сценарийи. Тасманын режиссеру Сүйүн Откеев балдар үчүн фантастикалык тасма Орто Азияда буга чейин тартылбаганын, алар ошол дыңды жиреп киргенин айтты. Кинонун өзгөчөлүгү, катылган сырдуу билдирүүлөр боюнча Откеев менен продюсер Курманбек Жолдошев суроолорго жооп берди.

— Кыргызстанда, деги эле Орто Азияда биринчилерден болуп балдар үчүн фантастика тартуу чочулаткан жокпу? Идея кайдан келди?

Сүйүн Откеев: — Жеке менин фантастика тартуу оюм жок болчу. Бирок жаш балдарга арналган кино тартабыз деп пландап жүргөм. Бир жолу Курман досум "эмне үчүн бизде балдарга арналган фантастика кино тартылбайт. Бул жаатта иштеп көрбөйлүбү" деп сунуштап идея ошондон пайда болду.

Курманбек Жолдошев: — Мен көптөн бери балдар менен иштеп келгендиктен бул тармактын потенциалы көп экенин жакшы билчүмүн. (Курман Жолдошев YouTube сайтына балдарга арналган мультфильмдерди тартып жарыялап келет. — автор). Аны өз жон терибиз менен сезип, текшергенбиз. Сүйүн байке менен чогуу бир мектепте окудук. Иш билги заманбап жаш режиссер болгондуктан ушинтип коалиция түздүк (күлүп). 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жетикс" тасмасынын продюсери Курман Жолдошев жана режиссеру Сүйүн Откеев
Съемки детского фантастического фильма Жетикс в КР  - Sputnik Кыргызстан
"Жетикс" тасмасынын продюсери Курман Жолдошев жана режиссеру Сүйүн Откеев

— Эмне үчүн "Жетикс"? Кыргыз эл жомокторунун каармандарына байланыштырса болот беле? "Жетикс" дегенде "Люди Икс" дегендей таасир калтырат экен деп социалдык тармактын колдонуучулары да өз пикирлерин айтып жатышат.

Фильм Завещание отца (Атанын керээзи) - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Мукул: "Ата керээзин" тартууда бут тоскондор, теңсинбегендер көп болду
Откеев: — Ооба, "Икс" башка жактан алынган идея. Бирок "Жетикс" деген кыргыз тилинде оңой айтылган сөз. Жетинин бири Кыдыр деп коёт го. Тасманын ичинде да эмне үчүн "Жетикс" болгону айтылат. Аны азырынча сыр кылып сактап туралы. "Икс" деген белгисиз дегенди түшүндүрөт да. Башкача айтканда "Жетикс" бул жети белгисиз бала. Эгер жазуу түрүндө "Жетиикс" деп жазсак, эки "и" тамгасы катары менен келип, айтканда бир аз ыңгайсыздык болуп калат экен. Андыктан бирин алып "Жетикс" десек кызыктуураак көрүндү. Муну менен жаңы термин киргиздик деп ойлойм. Бизден да "Жетикспи", же "Джетикспи" деп сурагандар көп. Кимге кандай ыңгайлуу болсо ошондой айта беришет. Туурасы жок.

Биз издештирип карап көрсөк 2010-жылга чейин Jetix деген атайын балдардын каналы болгон экен. Азыр ал жок.

— Балдардын табитин таап, алар менен иштөө чынында оор. Себеби алар оюнкараак болот эмеспи. Башкы каармандарды тандоо кандай жүрдү, эмнеге көңүл бурдуңуздар?

Жолдошев: — Кино тартаардын алдында балдар менен иштешип жүргөн адистер, мугалимдер менен сүйлөштүк. Бир канча мектепке барып "биз кино тартканы жатабыз, силерге кандай каармандар жагат?" деп балдар менен баарлашып, сурамжылоо да жүргүзгөнбүз. Ошондой эле "силерде кандай өзгөчөлүк болушун каалайт элеңер?" деп да сурадык. Көпчүлүгү "мени ата-энем жумуш жаса, уктап жатсам тур дей берет. Андыктан бардык ишти бат эле жасап салган өзгөчүлүгүм болсо" деп айтышты. Балдардын дүйнөсү башка. Чоңдор аны көп учурда этибар албай калабыз. Балдардын сунуштары менен айрым каармандардын "Шамал", "Дөңгөч" деген аттарын таап алдык. 

— Жаш каармандардын арасында атактуу болуп калгандары барбы?

Откеев: — Бизде элге таанымал жаш актерлор жок деле. Каармандарыбыз биринчи жолу кино дүйнөсүнө кадам таштап жатат. Кастинг учурунда алардан дароо эле видеолорду алдык. Мени кызыктырган жагы тандоого жалпысынан 500дөй видео келсе, ошонун 400ү жалаң орусча сүйлөгөн балдар-кыздардыкы болуп чыкты. Буюрса ушул тасмабыз элге алынып, балдарга жакса кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошо турган тасма кылса болчудай экен деп ойлонуп калдык. "Жетикс" тасмасынын кийинки бөлүмдөрүн жалаң кыргызча тарталы деген тилек бар. Жаш балдарга эффективдүү таасир берүүнүн бир жолу — бул мультфильм жана кино. Себеби алар жакшы көргөн каарманы кайсы тилде сүйлөп, кантип, эмне тамак жегенине чейин кайталап, туурагысы келет.

— "Жетикс" тасмасынын негизги ою кайсы, башка фантастикалык тасмалардан эмнеси менен айырмаланат?

Съемки фильма Ата - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсе болгон жок, сизди сагындым... Апаны ардактаган "Ата" тасмасы
Откеев: — Тасмада азыркы учурда болуп жаткан эле көйгөйлөр көтөрүлөт. Азыр бардыгыбыздын колубузда телефон, ошону менен туруп, ошону менен жатабыз. Технология биздин жашообузга аябай сиңип кетти, андан баш тарта албай да калдык. Сюжет боюнча өнүгүүсү бир канча миң жыл алдыга озуп кеткен "Нарго" планетасынан келгендер балдардын ыйык сезимдери — сүйүүсүн, мээримин, кубанычын уурдап кетет. Себеби келгиндердин планетасында бардыгы роботтошуп адамдык сезимдер калбай калган болот.

Жолдошев: — Азыр бизде деле технологиянын жашоого чырмалыша кириши менен бир үйдөгү ата бала маңдай-тескей отуруп сүйлөшпөй калбадыбы. Бул көрүнүш ошол сүйүү сезиминин уурдалып жатканынан кабар берет. Жалгыздык деген көйгөй көбөйүп жатат. Андыктан кино бир гана балдар үчүн эмес, чоңдор үчүн да пайдалуу, аларга бере турчу сырдуу билдирүүлөр камтылган.

© Фото / Медиастар ПродакшнАктер Бусурман Одуракаев
Актер Бусурман Одуракаев - Sputnik Кыргызстан
1/8
Актер Бусурман Одуракаев
© Фото / Медиастар ПродакшнРежиссер Сүйүн Откеев актерлер менен иш учурунда
Режиссер Сүйүн Откеев актерлер менен иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
2/8
Режиссер Сүйүн Откеев актерлер менен иш учурунда
© Фото / Медиастар ПродакшнБашкы каармандардын бири "Аймончок" душмандарга карата жаа атууда
Башкы каармандардын бири Аймончок душмандарга карата жаа атууда - Sputnik Кыргызстан
3/8
Башкы каармандардын бири "Аймончок" душмандарга карата жаа атууда
© Фото / Медиастар Продакшн"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
Жетикс фантастикалык тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
4/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
© Фото / Медиастар Продакшн"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
Жетикс фантастикалык тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
5/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
© Фото / Медиастар Продакшн"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
Жетикс фантастикалык тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
6/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
© Фото / Медиастар Продакшн"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
Жетикс фантастикалык тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
7/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
© Фото / Медиастар Продакшн"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
Жетикс фантастикалык тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
8/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
1/8
Актер Бусурман Одуракаев
2/8
Режиссер Сүйүн Откеев актерлер менен иш учурунда
3/8
Башкы каармандардын бири "Аймончок" душмандарга карата жаа атууда
4/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
5/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
6/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
7/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру
8/8
"Жетикс" фантастикалык тасмасын тартуу учуру

— Орто Азияда дыңы бузула элек фантастика тармагын тандап алгандан кийин анын майын чыгара жасайбыз деп жатсаңар керек. Атайын эффектилерди жасоо жагы кандай болууда?

Откеев: — Биз үчүн деле кыйын болду, биринчи жолу тартып жаткандыктан сыноо дагы болуп жатат. Анимацияны жасап жаткан балдар үчүн деле жаңылык болууда. Өзүбүздү сынап жатабыз, айтор. Батыштын же Американын миллион долларлык долбоорлору менен теңтайлаша албайбыз. Ошол эле учурда Кыргызстан үчүн жаңы нерсе, жаман болбойт деп ишенем.

Жолдошев: — Биздин балдар эффектилер менен иштеп тажрыйба топтоп калышкан. Голландиядан кыймылдарды компьютерге киргизүү үчүн атайын жилеттерди алдырттык. Кишинин ар кандай кыймылын компьютерге киргизе алабыз. Кинодо дагы ушул жаңы технологияны колдондук. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСүйүн Откеев: тасманы тартып, элге алып чыгууга 9 ай кетти
Режиссер Суйун Откеев - Sputnik Кыргызстан
Сүйүн Откеев: тасманы тартып, элге алып чыгууга 9 ай кетти

— Машина коюп кетейин деген кызды куткарып калган баланын видеосу социалдык тармакта аябай талкууланды. Коңшу жана чет элдик интернет колдонуучулар "видео бизде тартылган" деп да жиберишти. Бирок аны сиздер тартканыңыздарды азыр деле көбү биле бербегендей…

Премьер фильма Саякбай - Sputnik Кыргызстан
"Саякбай" тасмасы жөнүндө 7 факты. Эттенген актер, акценттен арылган Элдар
Откеев: — Бул деле пиардын бир түрү болчу. Фантастика тартып жаткандыктан өзгөчө ыкма керек эле. Бул вирустук видео чет өлкөдө миллиондоп көрүлдү. Биз ошону күтүп жаттык эле, максатыбызга жеттик. Аны биз тартканыбызды айтсак таң калгандар да болду. Айрымдары "ии, чын экен деп жүрсө" деп бизди жаман да көрүштү (күлүп).

P.S. "Жетикс" фантастикалык тасмасынын биринчи бөлүгүндө башкы беш каармандын окуясы баяндалат. Алар: "Шамал" — саатына 400 чакырымга чейин чуркайт, "Дөңгөч" — 500 килограммды жөн эле көтөргөн 15 жаштагы бала, "Карлыгаш" — хакер кыз, "Аймончок" — мергенчи кыз, курбулары "Аймерген" дешет. "Кайрат" — ою менен заттарды жылдырат, достору "600" деп аташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0