Атактуу ырчылар корпоративде канчага ырдашат. Мирбек, Самара, Нурлан, Анжелика

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Анжелика Бекболиеванын архивдик сүрөтү
Ырчы Анжелика Бекболиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылдын алдында түрдүү мекеме-ишканалардын корпоративдик кечелери өтүүдө. Майрам ыр-күлкүсү жок дегеле көркүнө чыкпайт. Андыктан кечени шаңга бөлөө үчүн ырчы-чоорчуларды чакырышат. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик ырчыларды кандай баага чакырууга болоруна кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ош жана Бишкек шаарларында майрамдык кечелерди эл оозуна алынган ырчылар менен өткөрөм десеңиз чөнтөгүңүздө 200дөн 600 долларга чейин акчаңыз болушу керек. Эгер башка аймактарга чакырсаңыз жол акы жана жатакана чыгымдарынан сырткары борбор калаадагыдан эки-үч эсе көп гонорар төлөп бересиз.

Төмөндө илебине нан бышып турган өнөрпоздордун тизмеси жана көрсөткөн кызматы үчүн ала турган акчасы көрсөтүлдү.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков
Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков

1. Мирбек Атабековду Бишкекте бийчилердин коштоосунда 600-800 долларга чакырууга болот. Жаңы жылга чейин башка региондорго жана чет өлкөгө чыкпайт;

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрада ырчысы Жийдеш Идирисова
Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Жийдеш Идирисова

2. Жийдеш Идирисова — Бишкекте шоу балеттин коштоосунда (4 кыздан турган бийчилер) 500 доллар. Жаңы жылга чейин башка региондорго жана чет өлкөгө чыкпайт;

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков
Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков

3. Гүлжигит Сатыбеков — Ош шаарында 500 доллар, башка региондорго деле ушундай баа. Ал эми чет өлкөлөргө орточо баасы 1000 долларды түзөт;

© SputnikЭстрада ырчысы Нурлан Насип
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Нурлан Насип

4. Нурлан Насип — Бишкекте 400, региондордо — 1000 жана чет өлкөдө — 2000 доллар;

© Фото / Арсен МендебаевКРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова
Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова

5. Самара Каримова — Ош шаарында "Самара" театрынын коштоосунда (бийчи, Умай эне) 400, жалгыз өзү ырдаса 300 доллар. Региондордо — 1000, чет өлкөдө — 3000 долларга ырдап жүрөт. Жаңы жылга чейин аймактарга жана чет жактарга барбайт;

© пресс-служба мэрии города БишкекЭстрада ырчысы Анжелика
Вечер музыки под открытым небом - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Анжелика

6. Анжелика — Бишкекте 300, региондорго 1200-1500 доллар;

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Нурмат Садыров
Кыргызский эстрадный певец Нурмат Садыров  - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Нурмат Садыров

7. Нурмат Садыров — Бишкекте 300, региондордо 1000-1200 жана чет өлкөлөрдө 1500 доллар;

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрада ырчысы Съездбек Искеналиев
Церемония вручения национальной кинопремии Ак Илбирс  - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Съездбек Искеналиев

8. Съездбек Искеналиев — Бишкекте 150-300 доллар, региондорго 1000, чет өлкөгө 1500-2000 доллар;

9. Айыма — Бишкекте 200-300, региондордо 500 доллар. Чет өлкөгө көбүнчө келишим баа менен барат. Орто эсеп менен 500 доллардан жогору.

© Фото / СинемАртКыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова
Кыргызская фольклорная певица Гулзат Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова

10. Гүлзат Байзакова — бекерден 200 долларга чейин. Региондорго 700-1000, чет өлкөгө келишим баада.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрада ырчысы Омар
Эстрада ырчысы Омар - Sputnik Кыргызстан
1/3
Эстрада ырчысы Омар
© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков
КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков - Sputnik Кыргызстан
2/3
КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев
1/3
Эстрада ырчысы Омар
2/3
КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков
3/3
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев

Ал эми ырчылар Омар, Гүлжигит Калыков жана Кайрат Примбердиевдер кызмат акысынын так баасын айтуудан баш тартып, келишим наркта болот деп жооп узатышты.

P.S: Жогоруда көрсөтүлгөн баалар ырчынын өзү жана менеджерлери тарабынан тастыкталган. Ошондой эле бул сумма айрым учурларда шартка жараша өзгөрүп калышы да мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0