Кыргызстанда 4 млн. долларга тасма тартылды. Фильм эмне жөнүндө

© AP Photo / Samuel de RomanИндийская модель и актриса Наргис Факхри
Индийская модель и актриса Наргис Факхри - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма өлкөнүн түштүк жана түндүк борборлорунда тартылган

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстанда "Торбаз" деп аталган индиялык блокбастер тартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине долбоордун режиссеру Гериш Малик айтып берди.

Тасма тартуу иштери 2017-жылдын декабрь айында бүткөн. Чоң экранга 2018-жылы чыгары айтылды.

II Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн тасмалар, ЮНЕСКОго кирген көк бөрү. Маданиятта не кеп болду
Фильмде согуш жүрүп жаткан жерден балдарды куткарып чыккан бейөкмөт уюмда иштеген аялдын окуясы баяндалат. Бул наристелерди жан кечти кылууга даярдап келишкен. Тасма Бишкек шаарында, Токмоктун айланасында жана түштүк аймакта тартылган.

Ролдорду Болливуд жылдыздары Санжай Датт менен Наргис Факхри жана кыргызстандык актерлор жараткан.

Режиссердун айтымында, фильмдин бюджети 4 миллион долларга чамалап барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0